КАПТАЛДАП СҮЗҮҮЧҮЛӨР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАПТАЛДАП СҮЗҮҮЧҮЛӨР (Amphipoda) – татаал түзүлүштүү рактар түркүмү. Уз. 1–2 смден 28 смге жетет. Көпчүлүк түрүнүн денеси капталынан кууш, башы 1–2 көкүрөк муунагы м-н биригип, кыймылсыз. Көкүрөк бутунун алдыңкы экөөнүн кыпчууру бар. Курсагында эки ача 3 жуп сүзгүч буту ж-а секирүүгө ыңгайланган буттары болот. Капталдап сүзөт. 4500гө жакын түрү көбүнчө деңизде, айрымдары тузсуз көлдө жашайт. Кээ бири жырткыч, мис., кит биттери – кит эктомителери. Өздөрү балыктарга жем.