КАППАДОКИЯ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАППАДО́КИЯ (гр. kappadokia) – Кичи Азиянын батышында (азыркы Түркия аймагында) жайгашкан байыркы аймак. К-нын алгачкы жашоочулары өздөрүн хатталар деп атаган. Б. з. ч. 3-миң жылдыктын орто ченинде түн.-батыш тараптан К-га индиевроп. уруулар басып кире баштаган. Б. з. ч. 20–19-к-да К-да ассириялык соода колониялары болгон. 19-к-дын 80-жылдарында К-нын аймагынан капподиниялык такталар деп аталган байыркы сириялык Канес колониясынын архивинен материалдар табылган (Түркиянын Күлтепе деген жеринде). Б. з. ч. 2- NH миң жылдыкта К. аймагы Хетт падышалыгынын өзөгү болгон. Б. з. ч. 6-к-дын башында К-ны Мидия басып алып, ал эми 6-к-дын 2-жарымынан Ахемениддер падышалыгынын бир бөлүгү болуп калат. Б. з. ч. 4-к-да К. Александр Македонскийдин мамлекетине карап, кийин Се-

левкиддерге баш иет. Б. з. ч. 3–1-к-дын ортосунда К-да өз алдынча падышалык болуп, борбору Кайсери болгон (аты бүгүн да сакталып калган). Б. з. ч. 1-к-да (б. з. 17-к-нан) Римге баш ийип, Византия империясынын курамына кирет. 1074-ж. бул аймакты түрк-сельжуктар басып алат. 14-к-дын аягында Осмон империясынын бийлигине өткөн. Учурда Түркиянын Невшехир илиндеги (вилайетинде) Гёреме кышнын жанынан өткөн узун өрөөндү бойлой көп сандаган үңкүр жайлар, христиан монастырлары (чиркөөлөр, капеллалар, крипттер, усыпальницалар, тамак ичүүчү бөлмөлөрү, кельялар) тарыхый эстелик катары музейлерге айланып, туристтердин кызыгып көрө турган жайларынын бири. Гёреме улуттук паркы ж-а аскалуу эстеликтер Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген.
Ч. Жумагулов.