КАПИТУЛЯЦИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАПИТУЛЯ́ЦИЯ – 1) жеңген тараптын койгон шартына ылайык командачылардын өз ара сүйлөшүүлөрү б-ча жеңилген тараптын бардык аскерлеринин согуш майданынын бүт жеринде каршылык көрсөтүшүн токтотуп, багынып бе­риши; К. убагында эреже катары, бүт согуштук курал м-н аскердик мүлк олжолонуп, өздүк ку­рам туткун катары жеңген тарапка өткөрүп бе­рилет; 2) эл аралык укукта согушуп жаткан мамлекеттин куралдуу күрөшүнүн топтолушу ж-а куралдуу күчтөрүнүн душманга өткөрүлүп берилиши. К. жарыялаган мамлекетке саясий, экон., согуштук милдеттер жүктөлөт. Жеңген мамлекет жеңилгендин жогорку бийлигин убактылуу колго алып, баскынчылык тартип орнотот.