КАНЫМЕТОВА: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАНЫМЕТОВА Гүлайым (6. 5. 1949-ж. т., Ысык- Кѳл обл., Түп р-ну, Тасма айылы) - драма артисти, КРдин эл арт. (1991). Фрунзедеги М. Күрѳңкѳев атн. муз. окуу жайыш (1967), А. Луначарский атн. Москва театр академиясыш бүткѳн (1972). 1972-92-ж. Ош обл. драма театрында, 1992-94-ж. Шаршен атн. Чүй обл. куудулдар театрышда эмгектенген, 1994-жылдан Т. Абдумомунов атн. Кыргыз улуттук драма театрышда иштейт. Аткарган негизги ролдору: Катерина Измайлова (Н. Лес-


ков, «Мцен уезддик Макбет айым», «Нооруз-89» О. Азия, Казакстан театр фестивалынын Гранпри), Нина Заречная (А. Чехов, Ак чардак»), Гертруда (У. Шекспир, «Гамлет»), Мария (И. Друце, «Ыйыктын ыйыгы»), Каракөз (М. Ауэзов, «Кара көз»), Курманжан датка (Т. Касымбеков, К. Сактанов, «Курманжан датка», КРдин Токтогул атн. мамл. сыйл., 2004) ж. б. Ч. Айтматовдун чыгармалары б-ча коюлган спектаклдерде да ойногон: Жамийла, Сейде, Асел, Найман эне, Кемпир («Жамийла», «Бетме-бет», «Делбирим», «Найман эне», «Ак кеме»). Толгонайдын («Саманчы жолу») ролун мыкты аткаргандыгы үчүн Ч. Айтматов атн. эл аралык сыйл. алган (2008). Медалдар м-н сыйланган.