КАНТ КЫЗЫЛЧАСЫ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАНТ КЫЗЫЛЧАСЫ (Beta vulgaris L. var. saccharifera) – өсүмдүктөрдүн шакардуулар тукумунун кызылча уруусунун бир түрү; кант алынуучу эки жылдык тех. өсүмдүк. Биринчи жылы түбүнөн жалбырак, ширелүү, канттуу азык-тамыр пайда болот. К. к-нын тамыры жоон, негизги мөмө тамырынан жыш каптал тамырлары 100 смге чейин топуракка сойлоп өсөт. Сабактуу жалбырагы тамырынан өсүп, жазы болот. Экинчи жылы жалбырак моюнчасындагы бүчүрдөн гүл сабагы өсүп чыгат. К. к-нын па-
ренхима тканында кант жыйналып, ал азыктамырдын орто (жоон) жеринде көп (17–18%) болот. Аба ырайынын ыңгайлуу шартында уругу 6–8 күндө өсүп чыгат. Ар бир түп 7ге жакын жалбырак байлап, анын өсүү убагы 25–70 күнгө созулат. Вегетация мезгилинин ортосунда жалбырагы м-н тамыр системасы өсүп, кант аз топтолот, экинчи жарымында кызылчада кургак зат, көбүнчө кант көп пайда болот.

Июль – сентябрь айларында жалбырак м-н тамырдын
өсүшү басаңдап, канттуулугу артат. К. к. чиринди катмары калың ж-а агрофиз. касиети жогору кара топуракта жакшы өсүп, арбын түшүм берет. Кара топураксыз аянтта деле орг. ж-а минерал жер семирткичтер м-н кошумча азыктандыруу аркылуу мол түшүм алууга болот.
К. к. – тамак ө. ж-нын баалуу сырьёсу. Андан
канттан башка тоют (топ, шире ж-а жалбырак) да алынат. К. к-нан алынуучу кант дүйнөдө алынган канттын 30%ин
түзөт. К. к-нда 75% суу, 25% кургак зат (а. и. кант 23%), 2,5% клетчатка,
2,5% пектин, 0,8% фруктоза м-н глюкоза ж-а 1,1% азотсуз зат болот. Кырг-нда ал 1925-жылдан баштап айдала баштаган. Алгачкы мезгилде аз түшүм жыйналган. Кийин агротех. эрежелерди сактоонун, техниканы, минералдык. ж-а орг. жер семирткичтерди колдонуунун натыйжасында түшүм арбып, аянты да көбөйгөн. К. к. респнын шартында гектарынан 300–350 ц түшүм
алыш үчүн 200 кгга жакын азот, 40 кг фосфор ж-а 150–200 кг калий талап кылынат. Кырг-нда Кыргыз полигибриди 18, Кыргыздын бир уруктуу-25, Бийск-52, Романовдун бир уруктуу- 32 ж. б. сорттору себилет.
Ад.: Свекловодство, 3 изд. М., 1964; Акималиев А. Сахарная свекла в Киргизии. Ф., 1982; Ибраимов Н. Техникалык өсүмдүктөр жана аларды Кыргызстанда өстүрүүнүн алдыңкы ыкмалары. Б., 1994.
Ж. Маткеримова, Г. Эшимкулова.