КАНТ ДИАБЕТИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАНТ ДИАБЕТИ – уйку безинин гормону – ин­сулиндин жетишсиздигинен зат алмашуунун бузулушу м-н мүнөздөлгөн эндокрин оорусу. Анын пайда болушуна тукум куугучтук да маа­ниге ээ. О. эле тамак-аш м-н жеңил сиңимдүү углеводдорду ашыкча пайдалануу түрткү болот. Кандагы кант инсулинди синтездөөчү клетка­ларды дүүлүктүрүп, синтез бузулат. Айрым учур­да уйку безинин сезгенүүсү (панкреатит), трав­масы да диабетке алып келет. Кээде катуу ка­палангандан, жугуштуу оорудан кийин да бо­лушу мүмкүн. Организмде инсулин жетишпеген­де, боор м-н булчуңдар кантты гликогенге ай­ландыруу жөндөмдүүлүгүн жоготуп, ткандар кантты сиңире албай калат. Натыйжада канда кант көбөйүп (гипергликемия), заара м-н кант көп бөлүнөт (гликозурия). Оорулуу суусайт, заа­ра көп бөлүп чыгарат. Заарасында, канында кант, холестерин көбөйүп, тамак ичкиси келет; денеси кычышып, булчуңдары бошоңдойт, ооз­дун былжыр чели сезгенет; аялда этек кир цик­ли бузулат, боюнан түшөт ж. б. Туура эмес ж-а жетишсиз дарылаганда оору күчөйт, оорулуу­нун алы кетип шалдырайт, тез чарчайт, көрүүсү начарлап, бөйрөк иши бузулушу мүмкүн. Орга­низмде майдын толук эмес ажыроо продукту­лары (кетон заттары) чогулат да, канда анын концент-сы көбөйүп, ууландырат. Акырындап оорулуу тамак ичкиси келбей, чаңкап, алы ке-

тет, териси кычышат, кургайт, кускусу келип, кусат, ич ооруйт, оозунан ацетон жыттанат. Оорулуунун абалы начарлайт, шалдырап, уйку басат. Акыры эң оор кабылдоого – диабет ко­масына алып келет. Оорулуу өмүр бою врачтын көзөмөлүндө дарыланат. Негизинен диета, ин­сулин, кантты азайтуучу дарылар колдонулат. Диетаны оорулуунун абалына жараша врач бел­гилейт. Углеводду, майды азайтып, анын орду­на эт, картөшкө, кара нан ж. б. берилет. Тамак витаминдүү, айрыкча С ж-а В тобундагы вита­миндер көп болушу зарыл.


Ад.: Дедов И. И., Шестакова М. В. Сахарный диа­бет. М., 2003.