КАННИБАЛИЗМ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАННИБАЛИ́ЗМ (фр. cannibale – киши жегич) – 1) алгачкы жамааттык коомдо адамдардын кишинин эти м-н тамактануусу. Анын 2 түрү болгон: тиричилик ж-а диний. Таш доорунун алгачкы мезгилинде колдонулуп, коомдун өнүгүшү ж-а тамак-аштын көбөйүшүнө байланыштуу тиричилик К-и сейрек учурайт. Диний К. узакка сакталган, анда өлтүрүлгөн же колго түшкөн душмандарынын айрым мүчөсүн ырымдап жешкен. Мындай үрп-адат өлгөн душмандын күчү ж. б. касиеттери жеген кишиге өтөт деген түшүнүккө негизделген; 2) бир түрдөгү айбандардын бирин бири жеп коюшу. К. – табигый тандалуунун түр ичиндеги атаандаштык көрүнүшү. Көбүнчө ыңгайсыз шартта, жут жылдары арбын байкалат. Мис., катаал кышта карышкыр, илбирс ж. б. ири жырткыч бирин бири, энеси балдарын жеп коёт. Ун коңузу өз сиркесин жеп, тукумун артыкбаш көбөйүп кетүүдөн сактайт. Кара курттун ж-а жаачынын ургаачысы жалгашкандан кийин эркегин жеп коёт. Айрым жырткыч балыктар чабактары м-н азыктанып, жемсиз жашай берет.