КАН ЛИСТВЕНИТ КЕНИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАН ЛИСТВЕНИ́Т КЕНИ Баткен обл-нун Кадамжай р-нунда. Алай кырка тоосунун түн. этегинде, деңиз деңг. 1200–1400 м бийикте жайгашкан. 1982-ж. табылган. Кен аймагын уз. 30 км, туурасы 1 км болгон гипербазит тоо тек массиви түзөт. Лиственит гипербазиттин арасында жатат. Кен өз-өзүнчө 4 участкадан турат. Абид-Сайдагы листвениттин сыртка чыгып жаткан аянты 3600 м2, Нормат-Сайда – 2100 м2, Тегирмен-Таш-Сайда – 9600 м2 ж-а Жолборс-Сайда – 5000 м2. Лиственит кооз, боз жашыл ж-а жашыл түстө, жакшы сайкалданат. Бекемдиги канааттандырарлык. Арасында ар кандай калыңдыкта агат сымал калцедондун майда тарамчалары кезигет. Лиственит кооз буюмдарды жасоого жарактуу. 10 м тереңдикке чейинки болжолдуу ресурсу 20,3 миң м3.