КАНКУН: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАНКУ́Н – Мексикадагы шаар. Кинтана-Роо штатында. Юкотан ж. а-нын түн.-чыгышында жайгашкан. Калкы 654,4 миң (2008). Эл аралык аэропорту бар. Мухерес а. м-н деңиз аркылуу байланышат. Мексикадагы эң ири деңиздик климаттык курорт. К-га эл 16-к-да эле отурукташа баштаган. 1970-жылдан шаар. Ун-ттер (технол., Кариб) бар. Шаардын экономикасынын негизин туризм түзүп, меймандарды кабыл алуу ж-а аларды тамак-аш м-н камсыздоого тыгыз байланышта. Көптөгөн бульварлар, 140ка жакын отелдер (түрдүү класстагы), 380ге жакын ресторан, көп сандаган соода борборлору ж-а клубдар иштейт. Лагуна м-н шуру рифтери ту-
ристтерди өтө кызыктырат. Экол. парктар уюштурулган.