КАНИБАДАМ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАНИБАДАМ – Тажикстандын түндүгүндөгү
шаар. Согд обл-нда. Фергана өрөөнүнүн батыш бөлүгүндө, Чоң Фергана каналынын боюнда жайгашкан. Канибадам т. ж. бекетинен 6 км. Калкы 58,3 миң (2008). Жолдор тоому. Болжол
м-н 9–10-к-да пайда болгон. Алгач 1463-ж. эскерилет. 1937-жылдан шаар. Машина куруу, металл иштетүү (велосипед, майыптар үчүн коляска ж. б.), жеңил (пахта тазалоочу, текстиль, тигүү), тамак-аш (жашылча-жемиш консервалары, ширелер) ө. ж. ишканалары ж-а «Шохон» нефть ажыратуучу з-ду [Канибадам ж-а Бадкуанд (Кырг-ндагы) кендеринин негизинде] иштейт. Көркөм кол өнөрчүлүктүн байыркы борбору.
Мир-Ражаб-Додхо (16-к.) ж-а Оим (17–18-к.) медреселери, Лангари-Бобо мавзолейи (17–18-к.),
мунара (19-к.) ж-а салттуу кооздолгон мечиттер сакталган. Тарыхый-край таануу музейи, муз.-драма театры бар.