КАНДЫН УЮШУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАНДЫН УЮШУ – суюк кандын коюуланы­шы. Организмди кан көп жоготуудан сактоочу биохим. реакция. Кан тамырдан чыккан кан 5–12 минутада уюйт. Ал – кан уютуучу фак­торлордун кан плазмасынын белоктору ж. б. ка­тышуусу м-н жүрүүчү процесс. Мында кан плаз­масынын белогу протромбинге таасирин тийги­зип, аны тромбинге, тромбин болсо, кандагы фибриногенди фибринге (коюу килкилдекке) ай­лантат. Кан организмде суюк түрүндө гана өз кызматын аткара алат. Кан тамырдын бир аз эле бөлүгүндөгү кандын коюлуп калышы анын кан тамыр аркылуу жүрүүсүнө чоң тоскоол кел­тирип, ар кандай оор кабылдоого алып келиши мүмкүн. Көп ооруларда кан уютуучу бир же бир нече фактор жетишпей калат (тубаса же кийин пайда болгон), анын кесепетинен К. у. начар­лайт. К. у. бузулганда, тромб, б. а. кан тамыр­да уюган кан пайда болот (к. Тромбоз). Вита­мин жетишсиздиги же антикоагулянттарды кабыл алуу кандын уюшун начарлатат. Ошон­дуктан кан ооруларын дарылоодо канды коюл­туучу ж-а суюлтуучу факторлорду текшерүү өтө чоң мааниге ээ.