КАНАДАЛЫК АРКТИКА АРХИПЕЛАГЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАНАДАЛЫК АРКТИКА АРХИПЕЛАГЫ</b> – | <b type='title'>КАНАДАЛЫК АРКТИКА АРХИПЕЛАГЫ</b> – Түндүк Американын түндүк четинде жайгашкан дүйнөдөгү эң ири аралдар тобу; Түндүк Муз океанда. Канада­га карайт. Аянты 1335 миң <i>км</i><sup>2</sup>. Негизинен Түндүк Муз океаны (Бофорт, Линкольн деңиздери, На­рес, Гудзон кысыктары, Баффин деңизи, Фокс булуңу) ж-а Атлантика океанынын Девис кы­сыгы м-н чулганат. Гренландиядан Нарес кы­сыгы, Баффин деңизи ж-а Девис кысыгы аркы­луу бөлүнөт. Калкы сейрек, көбү – эскимостор.<br>Архипелаг 36 563 аралдан турат, анын 15инин аянты 10 миң <i>км</i><sup>2</sup>ден ашат. Ири аралдары: Баф­фин Жери, Элсмир, Виктория, Банкс, Девон. | ||
Американын | |||
Архипелаг 36 563 аралдан турат, анын 15инин аянты 10 миң <i>км</i><sup>2</sup>ден ашат. Ири аралдары: Баф­фин Жери, Элсмир, Виктория, Банкс, Девон. | |||
[[File:КАНАДАЛЫК АРКТИКА АРХИПЕЛАГЫ12.png | thumb | Баффин Жери.]] | [[File:КАНАДАЛЫК АРКТИКА АРХИПЕЛАГЫ12.png | thumb | Баффин Жери.]] | ||
Аралдары материктик тайыздыкта жайгашкан; аларды тереңдиги 150–300 <i>м</i> кысыктардын та­таал системасы бир нече топко (Свердруп арал­дары, Парри архипелагы ж. б.) бөлөт. Релье­финде дөңсөөлүү түздүктөр ж-а платолор басым­дуу, чыгышында | Аралдары материктик тайыздыкта жайгашкан; аларды тереңдиги 150–300 <i>м</i> кысыктардын та­таал системасы бир нече топко (Свердруп арал­дары, Парри архипелагы ж. б.) бөлөт. Релье­финде дөңсөөлүү түздүктөр ж-а платолор басым­дуу, чыгышында бийиктиги 2926 <i>м</i>ге жеткен (Эл­смир аралында) тоо массивдери бар. Канадалык Арктика архипелагы негизи- | ||
нен байыркы Түндүк Америка платформасынын түндүк чет-жакасында жайгашкан; платформанын кембрийге чейинки кристаллдык фундаменти архипелагдын чыгыш бөлүгүндө жер бетине чыгып турат (калкан). Түндүк бөлүгүндө палеозой­дун Иннуит алкагы созулуп жатат. Кен байлык­тары: коргошун, цинк, полиметалл, темир, ал­тын, нефть, газ, көмүр ж. б. Климаты архипелагдын басымдуу бөлүгүндө арктикалык, катаал, чыгышында деңиздик, ба­тышында континенттик, Баффин жери аралынын түштүк бөлүгүндө субарктикалык. Январдын орточо температурасы түштүк-чыгышында –23°Сден түндүк-баты­шында –35°С (абсолюттук минимум –50°Сден төмөн). Аяз­сыз мезгил 1–4 айга чейин созулат, май айында абанын температурасы кээде –30°Сге чейин төмөн­дөйт. Жайы өтө кыска, июлдун орточо температурасы түндүгүндө 4°Сден түштүгүндө 7°Сге чейин (эң жогорку температура 24°Сге жетет). Жылдык жаан-­чачыны түштүк-чыгышында 450–600 <i>мм</i>, баты­шында 200–250 <i>мм</i>ге, түндүгүндө 100 <i>мм</i>ге че­йин. Бул аймактар жылдын көп мезгилинде Арктика антициклонунун таасиринде болот. Бардык жеринде көп жылдык тоң таралган. Түндүгү ж-а түндүк-чыгышы мөңгүлүү (жалпы аян­ты 154 миң <i>км</i><sup>2</sup>), түндүгүндө шельф муздары кездешет; кысыктарын жылына 9–10 ай бою муз каптайт. Көп жылдык пак муздарынын чеги архипелагдын түндүк-батыш чети аркылуу өтөт. Түндүк-батыш деңиз жолу өтүүгө өтө татаал. Жа­йында чыгышындагы кысыктарда (Гудзон, Дей­вис, Ланкастер), ошондой эле материк жээктериндеги булуң-кысыктарда муз салыштырмалуу аз бо­лот. Түндүгүнө арктика чөлү, түштүгүнө мамык чөп-эңилчектүү ж-а мамык чөп-бадалчалуу тун­дра өсүмдүктөрү мүнөздүү. Жаныбарлардан түндүк бугусу, ак аюу, ак түлкү, лемминг, тундра чили, эндемиктерден койбука (овцебык), жээк суула­рында тюлень, кит, атлантика моржу мекен­дейт. Деңиз промысели, балык кармоо, аңчы­лык өнүккөн. Табияты коргоого алынган ири улуттук парктары: Сирмилик ж-а Ауюиттук (Баффин Жери аралында), Куттинирпаак (Элсмир аралында), Аулавик (Банкс аралында). Негизги калк­туу пункттары: Фробишер-Бей (Баффин Жери аралында), Кембриж-Бей (Виктория аралында), Резоль­ют (Корнуоллис аралында). Элсмир аралында дүйнөдө эң түндүктөгү (82,50 түндүк кеңдикте, Түндүк уюлдан 834 <i>км</i> аралыкта) Алерт калктуу пункту орун алган. Девон – дүйнөдөгү эң чоң калк жашаба­ган (аянты 54 миң <i>км</i><sup>2</sup>) арал. | |||
Ад.: <i>Антипова А. В.</i> Канада. Природа и естественные ресурсы. М., 1965. | Ад.: <i>Антипова А. В.</i> Канада. Природа и естественные ресурсы. М., 1965. | ||
[[Категория:4-том, 51-100 бб]] | [[Категория:4-том, 51-100 бб]] | ||
05:43, 3 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАНАДАЛЫК АРКТИКА АРХИПЕЛАГЫ – Түндүк Американын түндүк четинде жайгашкан дүйнөдөгү эң ири аралдар тобу; Түндүк Муз океанда. Канадага карайт. Аянты 1335 миң км2. Негизинен Түндүк Муз океаны (Бофорт, Линкольн деңиздери, Нарес, Гудзон кысыктары, Баффин деңизи, Фокс булуңу) ж-а Атлантика океанынын Девис кысыгы м-н чулганат. Гренландиядан Нарес кысыгы, Баффин деңизи ж-а Девис кысыгы аркылуу бөлүнөт. Калкы сейрек, көбү – эскимостор.
Архипелаг 36 563 аралдан турат, анын 15инин аянты 10 миң км2ден ашат. Ири аралдары: Баффин Жери, Элсмир, Виктория, Банкс, Девон.

Аралдары материктик тайыздыкта жайгашкан; аларды тереңдиги 150–300 м кысыктардын татаал системасы бир нече топко (Свердруп аралдары, Парри архипелагы ж. б.) бөлөт. Рельефинде дөңсөөлүү түздүктөр ж-а платолор басымдуу, чыгышында бийиктиги 2926 мге жеткен (Элсмир аралында) тоо массивдери бар. Канадалык Арктика архипелагы негизи-
нен байыркы Түндүк Америка платформасынын түндүк чет-жакасында жайгашкан; платформанын кембрийге чейинки кристаллдык фундаменти архипелагдын чыгыш бөлүгүндө жер бетине чыгып турат (калкан). Түндүк бөлүгүндө палеозойдун Иннуит алкагы созулуп жатат. Кен байлыктары: коргошун, цинк, полиметалл, темир, алтын, нефть, газ, көмүр ж. б. Климаты архипелагдын басымдуу бөлүгүндө арктикалык, катаал, чыгышында деңиздик, батышында континенттик, Баффин жери аралынын түштүк бөлүгүндө субарктикалык. Январдын орточо температурасы түштүк-чыгышында –23°Сден түндүк-батышында –35°С (абсолюттук минимум –50°Сден төмөн). Аязсыз мезгил 1–4 айга чейин созулат, май айында абанын температурасы кээде –30°Сге чейин төмөндөйт. Жайы өтө кыска, июлдун орточо температурасы түндүгүндө 4°Сден түштүгүндө 7°Сге чейин (эң жогорку температура 24°Сге жетет). Жылдык жаан-чачыны түштүк-чыгышында 450–600 мм, батышында 200–250 ммге, түндүгүндө 100 ммге чейин. Бул аймактар жылдын көп мезгилинде Арктика антициклонунун таасиринде болот. Бардык жеринде көп жылдык тоң таралган. Түндүгү ж-а түндүк-чыгышы мөңгүлүү (жалпы аянты 154 миң км2), түндүгүндө шельф муздары кездешет; кысыктарын жылына 9–10 ай бою муз каптайт. Көп жылдык пак муздарынын чеги архипелагдын түндүк-батыш чети аркылуу өтөт. Түндүк-батыш деңиз жолу өтүүгө өтө татаал. Жайында чыгышындагы кысыктарда (Гудзон, Дейвис, Ланкастер), ошондой эле материк жээктериндеги булуң-кысыктарда муз салыштырмалуу аз болот. Түндүгүнө арктика чөлү, түштүгүнө мамык чөп-эңилчектүү ж-а мамык чөп-бадалчалуу тундра өсүмдүктөрү мүнөздүү. Жаныбарлардан түндүк бугусу, ак аюу, ак түлкү, лемминг, тундра чили, эндемиктерден койбука (овцебык), жээк сууларында тюлень, кит, атлантика моржу мекендейт. Деңиз промысели, балык кармоо, аңчылык өнүккөн. Табияты коргоого алынган ири улуттук парктары: Сирмилик ж-а Ауюиттук (Баффин Жери аралында), Куттинирпаак (Элсмир аралында), Аулавик (Банкс аралында). Негизги калктуу пункттары: Фробишер-Бей (Баффин Жери аралында), Кембриж-Бей (Виктория аралында), Резольют (Корнуоллис аралында). Элсмир аралында дүйнөдө эң түндүктөгү (82,50 түндүк кеңдикте, Түндүк уюлдан 834 км аралыкта) Алерт калктуу пункту орун алган. Девон – дүйнөдөгү эң чоң калк жашабаган (аянты 54 миң км2) арал.
Ад.: Антипова А. В. Канада. Природа и естественные ресурсы. М., 1965.