ГУНН (ХУНН) УРУУЛАРЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
1 сап: 1 сап:
'''ГУННДАР (ХУННДАР)''' — Борбордук Азиядагы байыркы көчмөн урууларынын конфедерациясы. Байыркы кытай тилинде xiōngnú, кийинки кытай тилинде «сюнну» болуп аталат жана булар бир эле этнонимдин эки башка тыбышта айтылышы болуп эсептелет. Байыркы кытай тилинин фонетикалык өзгөчөлүгүнө байланыштуу биринчисинин (хун-юй, хян-юнь, хунну) айтылышын алгач Н. Я. Бичурин (Иакинф) колдонгон. Алардын түндүк жана түндүк-батышын мекендеп жүргөн  көчмөн уруулар менен узак убакыт бою каршылашып келген кытайлыктар өздүк аталышын билдирген эндоэтнонимге эки иероглиф (тамга) кошуп, «гун (хун)» – арам (башкача түрү; зулум залим), «ну» – кул деген маанидеги сөзгө өзгөртүшкөн. Көптөгөн уламыштарды пайдаланган кытай тарыхчылары (мис., б. з. VIII к. жашаган комментатор Сыма Чжэнь) Тан (2324–2206) жана Юйдун (болжол менен 2294–2194) тушунда «шан-жун» же «сюн-юй», Ся (Н. Я. Бичурин боюнча «Хя») династиясында (б. з. ч. 2070–1765) «чун-вэй», Инь (1600–1027) «гуйфан», Чжоу «ян-юн», Хань (б. з. ч. 202–б. з. 220) доорлорунда «сюнну» деп аталганын эскертишет. Н. Я. Бичуриндин котормосунда гунндарды б. з. ч. 1764-жылы Гоби чөлүнө чектеш аймактарга (азыркы Моңголия) ооп кеткен Ся династиясынын акыркы падышасынын уулу Шун-вэй негиздегенин жана алар дунхуларга тектеш уруулар катары саналганы айтылат. Айрым династиялар тарыхында Хун-ну Шы-Цзу деген гунндардын түпкү атасы болгону жана легендарлуу Яо падышанын (б. з. ч. 2376–2255) тушунда «хун-юй», ал эми Чжоу (б.з. ч.1045–221) «хяньюнь», Цинь (б. з. ч. 771 – 221) «хунну» деп аталганы айтылып, алар тууралуу жалпы маалыматтар б. з. ч. 220-жылдан б. з. 2-кылымына чейин уланат. Мусулман тарыхчылары (мис., Хондемир, Абулгазы бахадур хан) боюнча гунндар Могул-хандын тукуму катары таанылат. Гунндардын ордосу Хангайдын  этегинде (Орхонго жакын) туруп; Байкал көлүнүн түштүгүндөгү Калгандан (азыркы КЭРдеги Чжанцзякоу округу) тарта батыштагы Тарбагатай тоосун камтыган. Дунхулар болсо Татар-хандын тукумуна кирип, алардын ээлиги Калгандын түндүгүнөн Хинган тоосуна чейин созулган. Өлкөсү ыңгайлуу жерде жайгашканына байланыштуу дунхулар адегенде гунндарга үстөмдүк кылып келишкен, бирок б. з. ч. 209-жылы алардын катуу соккусунан толук кыйроого учураган. Узак убакытты камтыган гунндардын доорунда алардан жужандар (жуан-жуан), дулга (түрк), ойхор (хойху – уйгурлар), ал эми дунхулардан ухуан, сяньби, кидандар бөлүнүп чыкканы айтылат. Байыркы мезгилде гунндардын эң негизги 24 уруусунун бийлери (ваньци) белгиленген бир мөөнөттө, атайы бир жерге чогулуп, башкы бийин (байыркы кытай тилинде «цзюньчжан»), княздарды («цзюнь ван») жана жөнөкөй «ван» (князь) сыяктуу бир нече баскычтагы бийлик башчыларын шайлашкан. Жогорку же башкы бий болуп шайланууга Люаньди (Сюйляньти, Люаньти) уруусунан чыккан кол башчылар гана укуктуу болгон, мындай салт гунндардын империясы кулаганга чейин уланган. Б. з. ч. 3 к. баштап Гунн империясынын башчылары ''шанүй'' («шаньюй») деген титул менен атала баштайт. Томан (Тоумань, Тумань, Түмөн) жана анын улуу уулу Маодунь (Модэ – б. з. ч. 234–174) сыяктуу шанүйлөр ушул уруудан чыккан. Кытай тарыхында гунндар асманды «чэн-ли», балдарын «гу-ду» дешкендиктен, шанүйлөрүн да «Чэн-ли гу-ду шань-юй» деп аташканын эскертишет. «Шанүй» деген сөздү чечмелегенде ал «кеңири» дегенди билдирип, бул титул «көк асмандай чексиз, учу-кыйры жок» деген маани берген. Б. з. ч. 5-кылымдан Кытайга түндүктөн коркунуч туудуруп, кол сала башташкан. Алардан коргонуу үчүн Кытайдын түндүгүндө чеп-дубал курула баштап, ал кийин Кытайдын Улуу дубалы деген ат менен белгилүү болгон. Б. з. ч. 209-жылы Модэ шанүй (б. з. ч. 209–174) гунндардын империясын негиздеп, дун-хулардан кийин батыштагы юэчжи урууларын талкалаганда, алар Бактрияга жылышкан. Мындан кийин «түндүктөгү» хуньюй, кюеше (кыпчак), динлин, гэгун (кара: Байыркы кыргыздар) цайли (синьли) ээликтерин багындырган жана Хан империясына каршы согуш баштаган. Император ар бир шанүйгө падышанын кызын берип, жыл сайын белек тартуулап, тынчтык келишимин түзүүгө аргасыз болгон. Мисалы, Хань императору шанүйгө кат жазарда ошол учурда кабыл алынган эреже боюнча сөзсүз «Хуан-ди урматтоо менен Гунндардын улуу Шанүйүнүн саламаттыгын сурап, билгиси келет» деп баштаса, ага шанүй «Көк (асман) менен жерден бүтүп, күн менен айдан жаралган Гунндардын Улуу Шанүйү Кытайлык Хуан-динин саламаттыгын сурап, билгиси келет» деп жооп берүүгө тийиш болгон. Бирок ар кайсы мезгилдердеги гунндар менен кытайык императорлордун ортосундагы келишимдер так сакталбай, мезгил-мезгили менен көчмөндөр Улуу дубалдан өтүп, кол салуусун уланта беришкен. Ушундай шартта гунндарга каршы башкача чара колдонуп, алардын арт жагынан коркунуч туудуруу керектигин түшүнгөн император (б. з. ч. 141–б. з. ч. 87-жылдар) У-Ди б. з. ч. 138-жылы Чжан Цянды юечжилерге элчи кылып жөнөткөн. Мындан майнап чыкпай, мекенине отуз жыл өткөндөн кийин кайтып келген элчи гунндардын батышынан (азыркы Орто Азия) Каспий деңизине чейин жашаган элдер тууралуу эң алгачкы маалыматтарды жеткирген. Түндүк жана түштүктөгү көчмөн уруулары багындырылган кийин гунндар күчтүү империяга айланган. «Байыркы Хань династиясынын тарыхында» б. з. ч. 59-жылдары ич ара чыр-чатактарга байланыштуу гунндардын империясы түндүк-түштүккө бөлүнүп, бири-бирине каршы алгачкы согушта түндүк бөлүгүн бийлеген Чжичжы шанүй жеңишке жеткени баяндалат. Түштүк гунндардын шанүйү Хуханье Хань императоруна баш ийүүгө аргасыз болгон. Хань императору ага жардам бере турганы угулганда б. з. ч. 49-жылдары Чжичжы шанүй аскери менен батышка жүрүш кылып, усундарды талкалап, андан кийин анын түндүгүндөгү «угйелерди» (айрым котормолордо «хуцзе», «уцзе» же уокиль/уогиль) багындырган. Анан угйелердин жардамы менен алардын батышындагы «Гянь-гундарды» (кийинки окулушу «цзяньгунь) » талкалап, мындан кийин кыргыздардын түндүгүндөгү динлиндерди баш ийдирген. Кытай тарыхчылары боюнча көптөгөн майда урууларга тараган гунндардын ичинде Хуян, Лан жана Сюйбу – үч уруунун мартабасы өтө жогору туруп, Хуян менен Сюйбу шанүйдүн тукумунан кыз алып, кыз берүүгө укуктуу болгон. Сюйбулар мамлекетте сот кызматын аткарган. Булардан тышкары 24 чоң уруунун ар бирин бийлеген өз «түмөн башылары» (ван-ки) болгон. Бийлик даражасы атадан-балага мурас катары ѳтүп, шанүйдөн кийин 1) Чыгыш жана Батыш Чжуки-князь; 2) Чыгыш жана Батыш Лули-князь; 3) Чыгыш жана Батыш улуу кол башчы; 4) Чыгыш жана Батыш улуу Дуюй; 5) Чыгыш жана Батыш улуу Данху; 6) Чыгыш жана Батыш Гуду-хэулар турган. Акылман-кеңешчилерин «Чжуки» деп аташып, тактын мураскорлугуна дайым чыгыш Чжуки-князь дайындалган. Чыгыштан жана Батыш Чжуки-княздан Данхуга чейин жогорку башчылар 10 миң, ал эми төмөнкүлөрү бир нече миң атчан аскер күтө алган. Бардык жумуштар жылдыз же айдын жайгашына карата башталган. Жоого ай толгондо аттанып, ай кемий баштаганда чыкпай калышкан. Ай жаңырган алгачкы күндөрдү ыйык тутуп, аны «Сюй» жана «Сы» деп аташкан. Өлгөн адамды табытка салып көөмп, алтын же күмүштөлгөн кымкап жана жанат терилерди кийиндирип көмүшкөн. Өлгөн адам менен бирге жүздөн бир нече жүзгө чейин жакын нөкөрлөр жана күңдөрдү кошо коюшкан. Атасы же жакын туугандары өлсө, алардын тукумун үзбөө жана жесир калган аялды жетим балдары менен жалгыз калтырбоо үчүн ал аялды жакын туугандарынын (кара; левират) бири алган. Негизги чарбасы мал менен тыгыз байланышып, жыл мезгилине жараша бир жерден экинчи жерге тынымсыз конуш которуп турушкан. Каада-салтын аткаруу өтө жеңил болгон жана падышасы өзүнөн төмөн турган кызматчыларга жөнөкөй мамиле кылгандыктан, мамлекетти башкарууда эч кыйынчылык болбогон. Б. з. ч. 1-кылымдын орто ченинде гунн уруулары Кытайга сөз жүзүндө гана убактылуу баш ийип, б. з. 50-жылдары империя экиге бөлүнүп, чыгыш гунндар кытайлык императорго баш ийип калса, батыштагылар Орто Азияга чегинген. Көпчүлүк изилдөөчүлөрдүн пикиринде ушул мезгилдерде гунндар түрк, чыгыш сармат жана угор уруулары менен аралашып кеткен. Б. з. 93-жылы сяньби, динлиндер менен коалиция түзүшкөн кытайлыктар Турпан аймагында гунндарга катуу сокку урган. 155-жылы Тяншихуай башчылык кылган сяньбилер аларды акыркы жолу талкалап, бытыранды болуп, 158-жылы алардын бир бөлүгү Волгадан Дон суусуна жеткен. Европадагы гунндар ушулардын тукуму катары каралат. Байыркы гунндардын түпкү теги жана алардын тили тууралуу азырынча бир кылка көз караш жок. Кытай маалыматтарында сакталып калган айрым «асман» (чэнли), байыркы түрк тилиндеги «утаг» (кыргызча «отоо», кыт. «оуто»), «кыңырак» (бычак), «орун» сыяктуу бир нече сөздөр түрк тилине тиешелүү болуп саналат. Азыркы учурда гуннндарды моңгол (Н. Я. Бичурин), енисейлик (Э. Пуллиблэнк), түрк-моңгол (Г. Рамстедт, Г. Дёрфер); таза түрк (Ю. Клапрот, О. Прицак, Л. Гумилев, А. Дыбо), чыгыш иран (Г. Бейли) сыяктуу бир нече карама-каршы теориялар калыптанган.    
'''ГУННДАР (ХУННДАР)''' — [[Борбордук Азия]]дагы байыркы көчмөн урууларынын конфедерациясы. [[Байыркы]] [[кытай тили]]нде xiōngnú, кийинки кытай тилинде «сюнну» болуп аталат жана булар бир эле [[этноним]]дин эки башка [[тыбыш]]та айтылышы болуп эсептелет. Байыркы кытай тилинин [[фонетика]]лык өзгөчөлүгүнө байланыштуу биринчисинин (хун-юй, хян-юнь, хунну) айтылышын алгач Н. Я. [[Бичурин]] (Иакинф) колдонгон. Түндүк жана түндүк-батышын мекендеп жүргөн  көчмөн уруулар менен узак убакыт бою каршылашып келген кытайлыктар өздүк аталышын билдирген алардын баштапкы эндоэтнонимине эки иероглиф (тамга) кошуп, «гун (хун)» – арам (башкача түрү; зулум залим), «ну» – кул деген маанидеги сөзгө өзгөртүшкөн. Көптөгөн [[уламыш]]тарды пайдаланган кытай тарыхчылары (мис., б. з. VIII к. жашаган комментатор Сыма Чжэнь) Тан (2324–2206) жана Юй (болжол менен 2294–2194) падышалыгында «шан-жун» же «сюн-юй», Ся (Н. Я. Бичурин боюнча «Хя») династиясында (б. з. ч. 2070–1765) «чун-вэй», Инь (1600–1027) «гуйфан», Чжоу «ян-юн», Хань (б. з. ч. 202–б. з. 220) доорлорунда «сюнну» деп аталганын эскертишет. Н. Я. Бичуриндин котормосунда гунндарды б. з. ч. 1764-жылы [[Гоби]] чөлүнө чектеш аймактарга (азыркы [[Моңголия]]) ооп кеткен Ся династиясынын акыркы падышасынын уулу Шун-вэй негиздегенин жана алар дунхуларга тектеш уруулар катары саналганы айтылат. Айрым [[династиялар тарыхы]]нда Хун-ну Шы-Цзу деген гунндардын түпкү атасы болгону жана легендарлуу Яо падышанын (б. з. ч. 2376–2255) тушунда «хун-юй», ал эми Чжоу (б.з. ч.1045–221) «хяньюнь», Цинь (б. з. ч. 771–221) доорлорунда «хунну» деп аталганы айтылып, алар тууралуу жалпы маалыматтар б. з. ч. 220-жылдан б. з. 2-кылымына чейин уланат. Мусулман тарыхчылары (мис., Хондемир, [[Абулгазы бахадур хан]]) боюнча гунндар Могул-хандын тукуму катары таанылат. Гунндардын ордосу Хангайдын  этегинде (Орхонго жакын) туруп; [[Байкал]] көлүнүн түштүгүндөгү Калгандан (азыркы КЭРдеги Чжанцзякоу округу) тарта батыштагы Тарбагатай тоосун камтыган. Дунхулар болсо Татар-хандын тукумуна кирип, алардын ээлиги Калгандын түндүгүнөн Хинган тоосуна чейин созулган. Өлкөсү ыңгайлуу жерде жайгашканына байланыштуу дунхулар адегенде гунндарга үстөмдүк кылып келишкен, бирок б. з. ч. 209-жылы алардын катуу соккусунан толук кыйроого учураган. Узак убакытты камтыган гунндардын доорунда алардан [[жужандар]] (жуан-жуан), дулга ([[түрк]]), ойхор (хойху – [[уйгур]]лар), ал эми дунхулардан ухуан, сяньби, кидандар (кара: Кара кытайлар) бөлүнүп чыкканы айтылат. Байыркы мезгилде гунндардын эң негизги 24 уруусунун бийлери (ваньци) белгиленген бир мөөнөттө, атайы бир жерге чогулуп, башкы бийин (байыркы кытай тилинде «цзюньчжан»), княздарды («цзюнь ван») жана жөнөкөй «ван» (князь) сыяктуу бир нече баскычтагы бийлик башчыларын шайлашкан. Жогорку же башкы бий болуп шайланууга Люаньди (Сюйляньти, Люаньти) уруусунан чыккан кол башчылар гана укуктуу болгон, мындай салт гунндардын империясы кулаганга чейин уланган. Б. з. ч. 3 к. баштап Гунн империясынын башчылары [[шанүй]] («шаньюй») деген [[титул]] менен атала баштайт. Томан (Тоумань, Тумань, Түмөн) жана анын улуу уулу Маодунь ([[Модэ]] – б. з. ч. 234–174) сыяктуу шанүйлөр ушул уруудан чыккан. Кытай тарыхында гунндар асманды «чэн-ли», балдарын «гу-ду» дешкендиктен, шанүйлөрүн да «Чэн-ли гу-ду шань-юй» деп аташканын эскертишет. «Шанүй» деген сөздү чечмелегенде ал «кеңири» дегенди билдирип, бул титул «көк асмандай чексиз, учу-кыйры жок» деген маани берген. Б. з. ч. 5-кылымдан [[Кытай]]га түндүктөн коркунуч туудуруп, кол сала башташкан. Алардан коргонуу үчүн Кытайдын түндүгүндө чеп-дубал курула баштап, ал кийин [[Кытайдын Улуу дубалы]] деген ат менен белгилүү болгон. Б. з. ч. 209-жылы Модэ шанүй (б. з. ч. 209–174) гунндардын империясын негиздеп, дунхулардан кийин батыштагы [[юэчжи]] урууларын талкалаганда, алар [[Бактрия]]га жылышкан. Мындан кийин «түндүктөгү» хуньюй, кюеше (кыпчак), динлин, гэгун (кара: [[Байыркы кыргыздар]]) цайли (синьли) ээликтерин багындырган жана Хан империясына каршы согуш баштаган. Император ар бир шанүйгө падышанын кызын берип, жыл сайын белек тартуулап, тынчтык келишимин түзүүгө аргасыз болгон. Мисалы, Хан императору шанүйгө кат жазарда ошол учурда кабыл алынган эреже боюнча сөзсүз «Хуан-ди урматтоо менен Гунндардын улуу Шанүйүнүн саламаттыгын сурап, билгиси келет» деп баштаса, ага шанүй «Көк (асман) менен жерден бүтүп, күн менен айдан жаралган Гунндардын Улуу Шанүйү Кытайлык Хуан-динин саламаттыгын сурап, билгиси келет» деп жооп берүүгө тийиш болгон. Бирок ар кайсы мезгилдердеги гунндар менен кытайык императорлордун ортосундагы келишимдер так сакталбай, мезгил-мезгили менен көчмөндөр Улуу дубалдан өтүп, кол салуусун уланта беришкен. Ушундай шартта гунндарга каршы башкача чара колдонуп, алардын арт жагынан коркунуч туудуруу керектигин түшүнгөн [[император]] (б. з. ч. 141–б. з. ч. 87-жылдар) У-Ди б. з. ч. 138-жылы [[Чжан Цян]]ды юечжилерге элчи кылып жөнөткөн. Мындан майнап чыкпай, мекенине отуз жыл өткөндөн кийин кайтып келген элчи гунндардын батышынан (азыркы [[Орто Азия]]) [[Каспий деңизи]]не чейин жашаган элдер тууралуу эң алгачкы маалыматтарды жеткирген. Түндүк жана түштүктөгү көчмөн уруулары багындырылган кийин гунндар күчтүү империяга айланган. «Байыркы Хань династиясынын тарыхында» б. з. ч. 59-жылдары ич ара чыр-чатактарга байланыштуу гунндардын империясы түндүк-түштүккө бөлүнүп, бири-бирине каршы алгачкы согушта түндүк бөлүгүн бийлеген Чжичжы шанүй жеңишке жеткени баяндалат. Түштүк гунндардын шанүйү Хуханье Хан императоруна баш ийүүгө аргасыз болгон. Хан императору ага жардам бере турганы угулганда б. з. ч. 49-жылдары Чжичжы шанүй аскери менен батышка жүрүш кылып, [[усундар]]ды талкалап, андан кийин анын түндүгүндөгү «угйелерди» (айрым котормолордо «хуцзе», «уцзе» же уокиль/уогиль) багындырган. Анан угйелердин жардамы менен алардын батышындагы «Гянь-гундарды» (кийинки окулушу «цзяньгунь» же байыркы кыргыздар) талкалап, мындан кийин алардын түндүгүндөгү [[динлиндер]]ди баш ийдирген. Кытай тарыхчылары боюнча көптөгөн майда урууларга тараган гунндардын ичинде Хуян, Лан жана Сюйбу – үч уруунун мартабасы өтө жогору туруп, Хуян менен Сюйбу шанүйдүн тукумунан кыз алып, кыз берүүгө укуктуу болгон. Сюйбулар мамлекетте сот кызматын аткарган. Булардан тышкары 24 чоң уруунун ар бирин бийлеген өз «түмөн башылары» (ван-ки) болгон. Бийлик даражасы атадан-балага мурас катары ѳтүп, шанүйдөн кийин 1) Чыгыш жана Батыш Чжуки-князь; 2) Чыгыш жана Батыш Лули-князь; 3) Чыгыш жана Батыш улуу кол башчы; 4) Чыгыш жана Батыш улуу Дуюй; 5) Чыгыш жана Батыш улуу Данху; 6) Чыгыш жана Батыш Гуду-хэулар турган. Акылман-кеңешчилерин «Чжуки» деп аташып, тактын мураскорлугуна дайым чыгыш Чжуки-князь дайындалган. Чыгыштан жана Батыш Чжуки-княздан Данхуга чейин жогорку башчылар 10 миң, ал эми төмөнкүлөрү бир нече миң атчан аскер күтө алган. Бардык жумуштар [[жылдыз]] же [[ай]]дын жайгашына карата башталган. Жоого ай толгондо аттанып, ай кемий баштаганда чыкпай калышкан. Ай жаңырган алгачкы күндөрдү [[ыйык]] тутуп, аны «Сюй» жана «Сы» деп аташкан. Өлгөн адамды [[табыт]]ка салып көөмп, [[алтын]] же [[күмүш]]төлгөн [[кымкап]] жана жанат терилерди кийиндирип көмүшкөн. Өлгөн адам менен бирге жүздөн бир нече жүзгө чейин жакын [[нөкөр]]лөр жана [[күң]]дөрдү кошо коюшкан. Атасы же жакын туугандары өлсө, алардын тукумун үзбөө жана [[жесир]] калган аялды жетим балдары менен жалгыз калтырбоо үчүн ал аялды жакын туугандарынын (кара; [[левират]]) бири алган. Негизги чарбасы мал менен тыгыз байланышып, жыл мезгилине жараша бир жерден экинчи жерге тынымсыз конуш которуп турушкан. [[Каада-салт]]ын аткаруу өтө жеңил болгон жана падышасы өзүнөн төмөн турган кызматчыларга жөнөкөй мамиле кылгандыктан, мамлекетти башкарууда эч кыйынчылык болбогон. Б. з. ч. 1-кылымдын орто ченинде гунн уруулары Кытайга сөз жүзүндө гана убактылуу баш ийип, б. з. 50-жылдары империя экиге бөлүнүп, чыгыш гунндар кытайлык императорго баш ийип калса, батыштагылар Орто Азияга чегинген. Көпчүлүк изилдөөчүлөрдүн пикиринде ушул мезгилдерде гунндар түрк, чыгыш сармат жана угор уруулары менен аралашып кеткен. Б. з. 93-жылы сяньби, динлиндер менен коалиция түзүшкөн кытайлыктар Турпан аймагында гунндарга катуу сокку урган. 155-жылы Тяншихуай башчылык кылган сяньбилер аларды акыркы жолу талкалап, бытыранды болуп, 158-жылы алардын бир бөлүгү [[Волга]]дан [[Дон]] суусуна жеткен. [[Европа]]дагы гунндар ушулардын тукуму катары каралат. Байыркы гунндардын түпкү теги жана алардын тили тууралуу азырынча бир кылка көз караш жок. Кытай маалыматтарында сакталып калган айрым «асман» (чэнли), байыркы түрк тилиндеги «утаг» (кыргызча «отоо», кыт. «оуто»), «кыңырак» (бычак), «орун» сыяктуу бир нече сөздөр түрк тилине тиешелүү болуп саналат. Азыркы учурда гуннндарды [[моңгол]] (Н. Я. Бичурин), енисейлик (Э. Пуллиблэнк), түрк-моңгол (Г. Рамстедт, Г. Дёрфер); таза түрк (Ю. Клапрот, О. Прицак, Л. Гумилев, А. Дыбо), чыгыш иран (Г. Бейли) сыяктуу бир нече карама-каршы теориялар калыптанган.    


Ад.: Иностранцев К. А. Хунну и гунны. Л., 1926; Бичурин (Иакинф) H. Я. Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. Т. 1. М.-Л., 1950; Кюнер Н. В. Китайские известия о народах Южной Сибири, Центральной Азии и Дальнего Востока. М., 1961; Таскин B. C. Материалы по истории сюнну (по китайским источникам). М.,1968; Супруненко Г. П. Некоторые источники по древней истории кыргызов. //История и культура Китая (Сборник памяти академика В.П. Васильева). М., 1974; Таскин В. С. О титулах шаньюй и каган //Mongolica. Памяти академика Б. Я. Владимирцова (1884-1931). М.,1986; Тенишев Э. Р. Гуннов язык //Языки мира: Тюркские языки. Б., 1996; Кычанов Е. И. Кочевые государства от гуннов до маньчжуров. М., 1997; Зуев Ю. А. Ранние тюрки: очерки истории и идеологии. А., 2002; Сыма Цянь, Исторические записки. Т. 8. М., 2002.
Ад.: Иностранцев К. А. Хунну и гунны. Л., 1926; Бичурин (Иакинф) H. Я. Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. Т. 1. М.-Л., 1950; Кюнер Н. В. Китайские известия о народах Южной Сибири, Центральной Азии и Дальнего Востока. М., 1961; Таскин B. C. Материалы по истории сюнну (по китайским источникам). М.,1968; Супруненко Г. П. Некоторые источники по древней истории кыргызов. //История и культура Китая (Сборник памяти академика В.П. Васильева). М., 1974; Таскин В. С. О титулах шаньюй и каган //Mongolica. Памяти академика Б. Я. Владимирцова (1884-1931). М.,1986; Тенишев Э. Р. Гуннов язык //Языки мира: Тюркские языки. Б., 1996; Кычанов Е. И. Кочевые государства от гуннов до маньчжуров. М., 1997; Зуев Ю. А. Ранние тюрки: очерки истории и идеологии. А., 2002; Сыма Цянь, Исторические записки. Т. 8. М., 2002.

09:36, 1 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

ГУННДАР (ХУННДАР)Борбордук Азиядагы байыркы көчмөн урууларынын конфедерациясы. Байыркы кытай тилинде xiōngnú, кийинки кытай тилинде «сюнну» болуп аталат жана булар бир эле этнонимдин эки башка тыбышта айтылышы болуп эсептелет. Байыркы кытай тилинин фонетикалык өзгөчөлүгүнө байланыштуу биринчисинин (хун-юй, хян-юнь, хунну) айтылышын алгач Н. Я. Бичурин (Иакинф) колдонгон. Түндүк жана түндүк-батышын мекендеп жүргөн  көчмөн уруулар менен узак убакыт бою каршылашып келген кытайлыктар өздүк аталышын билдирген алардын баштапкы эндоэтнонимине эки иероглиф (тамга) кошуп, «гун (хун)» – арам (башкача түрү; зулум залим), «ну» – кул деген маанидеги сөзгө өзгөртүшкөн. Көптөгөн уламыштарды пайдаланган кытай тарыхчылары (мис., б. з. VIII к. жашаган комментатор Сыма Чжэнь) Тан (2324–2206) жана Юй (болжол менен 2294–2194) падышалыгында «шан-жун» же «сюн-юй», Ся (Н. Я. Бичурин боюнча «Хя») династиясында (б. з. ч. 2070–1765) «чун-вэй», Инь (1600–1027) «гуйфан», Чжоу «ян-юн», Хань (б. з. ч. 202–б. з. 220) доорлорунда «сюнну» деп аталганын эскертишет. Н. Я. Бичуриндин котормосунда гунндарды б. з. ч. 1764-жылы Гоби чөлүнө чектеш аймактарга (азыркы Моңголия) ооп кеткен Ся династиясынын акыркы падышасынын уулу Шун-вэй негиздегенин жана алар дунхуларга тектеш уруулар катары саналганы айтылат. Айрым династиялар тарыхында Хун-ну Шы-Цзу деген гунндардын түпкү атасы болгону жана легендарлуу Яо падышанын (б. з. ч. 2376–2255) тушунда «хун-юй», ал эми Чжоу (б.з. ч.1045–221) «хяньюнь», Цинь (б. з. ч. 771–221) доорлорунда «хунну» деп аталганы айтылып, алар тууралуу жалпы маалыматтар б. з. ч. 220-жылдан б. з. 2-кылымына чейин уланат. Мусулман тарыхчылары (мис., Хондемир, Абулгазы бахадур хан) боюнча гунндар Могул-хандын тукуму катары таанылат. Гунндардын ордосу Хангайдын  этегинде (Орхонго жакын) туруп; Байкал көлүнүн түштүгүндөгү Калгандан (азыркы КЭРдеги Чжанцзякоу округу) тарта батыштагы Тарбагатай тоосун камтыган. Дунхулар болсо Татар-хандын тукумуна кирип, алардын ээлиги Калгандын түндүгүнөн Хинган тоосуна чейин созулган. Өлкөсү ыңгайлуу жерде жайгашканына байланыштуу дунхулар адегенде гунндарга үстөмдүк кылып келишкен, бирок б. з. ч. 209-жылы алардын катуу соккусунан толук кыйроого учураган. Узак убакытты камтыган гунндардын доорунда алардан жужандар (жуан-жуан), дулга (түрк), ойхор (хойху – уйгурлар), ал эми дунхулардан ухуан, сяньби, кидандар (кара: Кара кытайлар) бөлүнүп чыкканы айтылат. Байыркы мезгилде гунндардын эң негизги 24 уруусунун бийлери (ваньци) белгиленген бир мөөнөттө, атайы бир жерге чогулуп, башкы бийин (байыркы кытай тилинде «цзюньчжан»), княздарды («цзюнь ван») жана жөнөкөй «ван» (князь) сыяктуу бир нече баскычтагы бийлик башчыларын шайлашкан. Жогорку же башкы бий болуп шайланууга Люаньди (Сюйляньти, Люаньти) уруусунан чыккан кол башчылар гана укуктуу болгон, мындай салт гунндардын империясы кулаганга чейин уланган. Б. з. ч. 3 к. баштап Гунн империясынын башчылары шанүй («шаньюй») деген титул менен атала баштайт. Томан (Тоумань, Тумань, Түмөн) жана анын улуу уулу Маодунь (Модэ – б. з. ч. 234–174) сыяктуу шанүйлөр ушул уруудан чыккан. Кытай тарыхында гунндар асманды «чэн-ли», балдарын «гу-ду» дешкендиктен, шанүйлөрүн да «Чэн-ли гу-ду шань-юй» деп аташканын эскертишет. «Шанүй» деген сөздү чечмелегенде ал «кеңири» дегенди билдирип, бул титул «көк асмандай чексиз, учу-кыйры жок» деген маани берген. Б. з. ч. 5-кылымдан Кытайга түндүктөн коркунуч туудуруп, кол сала башташкан. Алардан коргонуу үчүн Кытайдын түндүгүндө чеп-дубал курула баштап, ал кийин Кытайдын Улуу дубалы деген ат менен белгилүү болгон. Б. з. ч. 209-жылы Модэ шанүй (б. з. ч. 209–174) гунндардын империясын негиздеп, дунхулардан кийин батыштагы юэчжи урууларын талкалаганда, алар Бактрияга жылышкан. Мындан кийин «түндүктөгү» хуньюй, кюеше (кыпчак), динлин, гэгун (кара: Байыркы кыргыздар) цайли (синьли) ээликтерин багындырган жана Хан империясына каршы согуш баштаган. Император ар бир шанүйгө падышанын кызын берип, жыл сайын белек тартуулап, тынчтык келишимин түзүүгө аргасыз болгон. Мисалы, Хан императору шанүйгө кат жазарда ошол учурда кабыл алынган эреже боюнча сөзсүз «Хуан-ди урматтоо менен Гунндардын улуу Шанүйүнүн саламаттыгын сурап, билгиси келет» деп баштаса, ага шанүй «Көк (асман) менен жерден бүтүп, күн менен айдан жаралган Гунндардын Улуу Шанүйү Кытайлык Хуан-динин саламаттыгын сурап, билгиси келет» деп жооп берүүгө тийиш болгон. Бирок ар кайсы мезгилдердеги гунндар менен кытайык императорлордун ортосундагы келишимдер так сакталбай, мезгил-мезгили менен көчмөндөр Улуу дубалдан өтүп, кол салуусун уланта беришкен. Ушундай шартта гунндарга каршы башкача чара колдонуп, алардын арт жагынан коркунуч туудуруу керектигин түшүнгөн император (б. з. ч. 141–б. з. ч. 87-жылдар) У-Ди б. з. ч. 138-жылы Чжан Цянды юечжилерге элчи кылып жөнөткөн. Мындан майнап чыкпай, мекенине отуз жыл өткөндөн кийин кайтып келген элчи гунндардын батышынан (азыркы Орто Азия) Каспий деңизине чейин жашаган элдер тууралуу эң алгачкы маалыматтарды жеткирген. Түндүк жана түштүктөгү көчмөн уруулары багындырылган кийин гунндар күчтүү империяга айланган. «Байыркы Хань династиясынын тарыхында» б. з. ч. 59-жылдары ич ара чыр-чатактарга байланыштуу гунндардын империясы түндүк-түштүккө бөлүнүп, бири-бирине каршы алгачкы согушта түндүк бөлүгүн бийлеген Чжичжы шанүй жеңишке жеткени баяндалат. Түштүк гунндардын шанүйү Хуханье Хан императоруна баш ийүүгө аргасыз болгон. Хан императору ага жардам бере турганы угулганда б. з. ч. 49-жылдары Чжичжы шанүй аскери менен батышка жүрүш кылып, усундарды талкалап, андан кийин анын түндүгүндөгү «угйелерди» (айрым котормолордо «хуцзе», «уцзе» же уокиль/уогиль) багындырган. Анан угйелердин жардамы менен алардын батышындагы «Гянь-гундарды» (кийинки окулушу «цзяньгунь» же байыркы кыргыздар) талкалап, мындан кийин алардын түндүгүндөгү динлиндерди баш ийдирген. Кытай тарыхчылары боюнча көптөгөн майда урууларга тараган гунндардын ичинде Хуян, Лан жана Сюйбу – үч уруунун мартабасы өтө жогору туруп, Хуян менен Сюйбу шанүйдүн тукумунан кыз алып, кыз берүүгө укуктуу болгон. Сюйбулар мамлекетте сот кызматын аткарган. Булардан тышкары 24 чоң уруунун ар бирин бийлеген өз «түмөн башылары» (ван-ки) болгон. Бийлик даражасы атадан-балага мурас катары ѳтүп, шанүйдөн кийин 1) Чыгыш жана Батыш Чжуки-князь; 2) Чыгыш жана Батыш Лули-князь; 3) Чыгыш жана Батыш улуу кол башчы; 4) Чыгыш жана Батыш улуу Дуюй; 5) Чыгыш жана Батыш улуу Данху; 6) Чыгыш жана Батыш Гуду-хэулар турган. Акылман-кеңешчилерин «Чжуки» деп аташып, тактын мураскорлугуна дайым чыгыш Чжуки-князь дайындалган. Чыгыштан жана Батыш Чжуки-княздан Данхуга чейин жогорку башчылар 10 миң, ал эми төмөнкүлөрү бир нече миң атчан аскер күтө алган. Бардык жумуштар жылдыз же айдын жайгашына карата башталган. Жоого ай толгондо аттанып, ай кемий баштаганда чыкпай калышкан. Ай жаңырган алгачкы күндөрдү ыйык тутуп, аны «Сюй» жана «Сы» деп аташкан. Өлгөн адамды табытка салып көөмп, алтын же күмүштөлгөн кымкап жана жанат терилерди кийиндирип көмүшкөн. Өлгөн адам менен бирге жүздөн бир нече жүзгө чейин жакын нөкөрлөр жана күңдөрдү кошо коюшкан. Атасы же жакын туугандары өлсө, алардын тукумун үзбөө жана жесир калган аялды жетим балдары менен жалгыз калтырбоо үчүн ал аялды жакын туугандарынын (кара; левират) бири алган. Негизги чарбасы мал менен тыгыз байланышып, жыл мезгилине жараша бир жерден экинчи жерге тынымсыз конуш которуп турушкан. Каада-салтын аткаруу өтө жеңил болгон жана падышасы өзүнөн төмөн турган кызматчыларга жөнөкөй мамиле кылгандыктан, мамлекетти башкарууда эч кыйынчылык болбогон. Б. з. ч. 1-кылымдын орто ченинде гунн уруулары Кытайга сөз жүзүндө гана убактылуу баш ийип, б. з. 50-жылдары империя экиге бөлүнүп, чыгыш гунндар кытайлык императорго баш ийип калса, батыштагылар Орто Азияга чегинген. Көпчүлүк изилдөөчүлөрдүн пикиринде ушул мезгилдерде гунндар түрк, чыгыш сармат жана угор уруулары менен аралашып кеткен. Б. з. 93-жылы сяньби, динлиндер менен коалиция түзүшкөн кытайлыктар Турпан аймагында гунндарга катуу сокку урган. 155-жылы Тяншихуай башчылык кылган сяньбилер аларды акыркы жолу талкалап, бытыранды болуп, 158-жылы алардын бир бөлүгү Волгадан Дон суусуна жеткен. Европадагы гунндар ушулардын тукуму катары каралат. Байыркы гунндардын түпкү теги жана алардын тили тууралуу азырынча бир кылка көз караш жок. Кытай маалыматтарында сакталып калган айрым «асман» (чэнли), байыркы түрк тилиндеги «утаг» (кыргызча «отоо», кыт. «оуто»), «кыңырак» (бычак), «орун» сыяктуу бир нече сөздөр түрк тилине тиешелүү болуп саналат. Азыркы учурда гуннндарды моңгол (Н. Я. Бичурин), енисейлик (Э. Пуллиблэнк), түрк-моңгол (Г. Рамстедт, Г. Дёрфер); таза түрк (Ю. Клапрот, О. Прицак, Л. Гумилев, А. Дыбо), чыгыш иран (Г. Бейли) сыяктуу бир нече карама-каршы теориялар калыптанган.  

Ад.: Иностранцев К. А. Хунну и гунны. Л., 1926; Бичурин (Иакинф) H. Я. Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. Т. 1. М.-Л., 1950; Кюнер Н. В. Китайские известия о народах Южной Сибири, Центральной Азии и Дальнего Востока. М., 1961; Таскин B. C. Материалы по истории сюнну (по китайским источникам). М.,1968; Супруненко Г. П. Некоторые источники по древней истории кыргызов. //История и культура Китая (Сборник памяти академика В.П. Васильева). М., 1974; Таскин В. С. О титулах шаньюй и каган //Mongolica. Памяти академика Б. Я. Владимирцова (1884-1931). М.,1986; Тенишев Э. Р. Гуннов язык //Языки мира: Тюркские языки. Б., 1996; Кычанов Е. И. Кочевые государства от гуннов до маньчжуров. М., 1997; Зуев Ю. А. Ранние тюрки: очерки истории и идеологии. А., 2002; Сыма Цянь, Исторические записки. Т. 8. М., 2002.

Э. Турганбаев