КАМЧАТКА КРАЙЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |

| 1 сап: | 1 сап: | ||
КАМЧА́ТКА КРАЙЫ – Россия Федерациясынын | КАМЧА́ТКА КРАЙЫ – Россия Федерациясынын субъектиси. Россиянын Азия бөлүгүнүн эң чет­ки чыгышында, Камчатка жарым аралында жайгашкан. Батышынан Охота, чыгышынан Беринг деңиз­дери ж-а түштүк-чыгышынан Тынч океан м-н чул­ганат. Крайдын аймагына Командор ж-а Кара­гие аралдары да кирет. Ыраакы Чыгыш федерация округуна карайт. Край 2007-жылы 7-июлда Камчатка облусу м-н Коряк автономия округунун биригишинен түзүлгөн. Аянты 464,3 миң км2 (анын ичинде округдуку 292,6 миң км2). Калкы 347 миң (2007; округда 23,0 миң). Административдик борбору – Петропавловск-Кам­чатский. Административдик-аймактык жактан 11 районго (округ­да 4), 3 шаарга, 6 шаарчага (2) бөлүнөт. Камчатка крайынын аткаруу органынын мамлекеттик бийлиги­нин структурасы РФтин ж-а Камчатка крайынын мыйза­мынын негизинде губернатор тарабынан анык­талат.
Калкынын негизин орустар (80,9%) түзөт, ошондой эле коряктар (2%), ительмендер (0,6), камча­далдар (0,5), эвенктер (0,5), чукчалар (0,4), алеут­тар (0,1), украиндер (5,8), беларустар (1), татар- | ||
субъектиси. Россиянын Азия бөлүгүнүн эң чет­ки чыгышында, Камчатка | |||
23,0 миң). | |||
Калкынын негизин орустар (80,9%) түзөт, | |||
[[File:КАМЧАТКА КРАЙЫ53.png | thumb | Старчиков аралы.]] | [[File:КАМЧАТКА КРАЙЫ53.png | thumb | Старчиков аралы.]] | ||
лар (1), корейлер (0,5), чуваштар (0,4), азерилер (0,4), армяндар, башкырлар, молдавандар, не­мистер жашайт. Калкынын | лар (1), корейлер (0,5), чуваштар (0,4), азерилер (0,4), армяндар, башкырлар, молдавандар, не­мистер жашайт. Калкынын орточо жыштыгы 1 км2 жерге 0,7 киши. Шаар калкы 79,6%. Ири шаар­лары: Петропавловск-Камчатский, Елизово, Ви­лючинск.
Край Азиянын эң четки түндүк-чыгышында, не­гизинен Камчатка жарым аралы (1/2 бөлүгүнөн көбүрөөгү) м-н Коряк бөксө тоосунун чегинде жайгашкан.
Деңиз жээктери – дүйнөдөгү балыкка бай рай­ондордун бири. Экологиялык абалы боюнча Россиядагы эң жагымдуу край. Крайдын табигый ландшаф­ты эң кооз. Рекреациялык ресурстары ар түрдүү. Ошондуктан аймагынын 7%и бальнео­логия ж-а туризм үчүн бөлүнгөн. Атмосферага аба­ны булгоочу заттардын бөлүнүп чыгуусу анча көп эмес. Жалпы коргоого алынган табигый ай­магы 5,6 млн га, деңиз акватория коругу 3,8 млн га. Кроноцкий, Командор, Коряк корукта­ры, Түштүк-Камчатка заказниги, 5 табият паркы, 140тан ашык табият эстеликтери бар. Крайдын коргоого алынган 5 табигый аймагы «Камчат­ка жанар тоолору» деген ат м-н Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Камчатка крайынан та­былган археологиялык эстеликтер соңку палеолит доо­руна таандык.
Край Ыраакы Чыгыш экономикалык районуна кирет. Өнөр жай продукциясынын көлөмү айыл чарба продуктусунун көлөмүнөн 5,8 эсе жогору. Деңиз биоресурста­рына (балыктын промыселдик түрлөрү, камчат­ка крабы) бай экендиги м-н башка крайлардан айырмаланат. Россияда баалуу металлдарды (ал­тын, платина) казып алуунун көлөмү боюнча да алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Экономикалык ак­тивдүү калкы 205 миң (анын ичинде 13 миңи округда; | ||
Край Азиянын эң четки | |||
Деңиз жээктери – дүйнөдөгү балыкка бай рай­ондордун бири. | |||
түрдүү. Ошондуктан аймагынын 7%и бальнео­логия ж-а туризм үчүн бөлүнгөн. | |||
Край | |||
[[File:КАМЧАТКА КРАЙЫ54.png | thumb | Мутнов геотермия­лык электр станция­сы.]] | [[File:КАМЧАТКА КРАЙЫ54.png | thumb | Мутнов геотермия­лык электр станция­сы.]] | ||
2006). Анын 90%и экономика жаатында эмгек­тенет. | 2006). Анын 90%и экономика жаатында эмгек­тенет. Өнөр жайынын көлөмү 23,6 млрд рубль, анын 51,5%ин (округда 28,8) өндүрүш, электр энергия­сын бөлүштүрүү, газ м-н суу түзсө, 36,5%ин (23,2%) кайра иштетүүчү ишканалар, 11,2%ин (48,0%) кен байлыктарды казып алуу түзөт.
Энергетика – крайда эң негизги тармактардын бири. ЖЭБдер (Петропавловск-Камчатскинин кубаттуулугу 395 МВт), кичи ГЭС каскаддары иштейт. Геотермиялык энергетика өнүктүрүү долбоору даярдалууда. Елизово районунда жылуу­лук м-н камсыз кылууда термиялык суулары пайдаланылат. Түстүү металлургия (алтын, күмүш), машина куруу (негизинен кеме курууга ж-а ремонттоого адистешкен), токой, жыгаччы­лык (негизинен жыгач беленделет; ошондой эле чоң форматтагы ж-а жылмаланган фанералар) өнөр жай ишканалары иштейт. Балык кармалып белен­делет (2006-жылы 350 миң т треска, 115 миң т ло­сось ж. б.). Ири ишканалары: «Океанрыбфлот», «Камчатрыбпром», «Акрос» (баары Петропав­ловск-Камчатскийде). Ири балык заводдору иш­тейт. Сырткы соода жүгүртүүсү 201,2 млн АКШ долларын (2006;) түзөт; анын 144,0 млну экс­порттон түшөт. Негизинен балык продуктусу, кара металл экспорттолот. Машина куруу, ме­талл иштетүү, химия өнөр жайы үчүн продукциялар импорттолот. Негизги соода шериктери: Корея Республикасы, Япония, АКШ, Кытай.
Табигый-климаттык шартынын өзгөчөлүгүнө байланыштуу айыл чарбасы жакшы өнүккөн эмес. Айыл чарба продукциясынын көлөмү 4097 млн рубль. Край­дын жеринин 0,2%и гана айыл чарбага жарактуу. Анын 50%ин айдоо аянты (округда 0,1%тен аз) ээлейт. Жылыткычтарда жашылча өстүрүү өнүк­көн. Картөшкө да айдалат. Бодо мал, чочко асы­ралат. Үй куштары багылат. Капаста кармалган айбанаттар, бугучулук өнүккөн. Аймактын рек­реациялык ресурстары (өчкөн ж-а аракеттеги жанар тоолор, ысык ж-а муздак минералдуу суу­лар, гейзерлер) туризмдин өнүгүүсүнө түрткү бо­лууда. Автомобиль жолунун узундугу 1694 км (анын ичинде округда 130 км). Деңиз жолдору да өнүккөн. Негизги соода порттору: Петропавловск-Камчат­ский, Усть-Камчатск ж. б. Крайда 120дан ашык орто мектеп, 10 коллеж ж-а лицей, китепкана­лар, музейлер (анын ичинде этнография, саясий география, край таануу ж. б.). Айыл чарба ИИИ, гидрофизика, космофизика изилдөө институттары, эл аралык аэро­порту бар. | ||
Энергетика – крайда эң негизги тармактардын | |||
бири. ЖЭБдер (Петропавловск-Камчатскинин кубаттуулугу 395 МВт), кичи ГЭС каскаддары иштейт. Геотермиялык энергетика өнүктүрүү долбоору даярдалууда. Елизово | |||
«Камчатрыбпром», «Акрос» (баары Петропав­ловск-Камчатскийде). Ири балык | |||
Табигый-климаттык шартынын өзгөчөлүгүнө | |||
байланыштуу | |||
Ад.: Аров В. Н. Административно-территориальное управление Камчатским краем (1691–1917 гг.) //Воп­росы истории Камчатки. Петропавловск-Камчатский, 2007. Вып. 3; Теория и практика научных исследо­ваний в рыбохозяйственной отрасли Камчатки. Петропавловск-Камчатский, 2007; Камчатский край // Большая Российская энциклопедия. Т. 12. М., 2008. | |||
Ад.: Аров В. Н. Административно-территориальное управление Камчатским краем (1691–1917 гг.) //Воп­росы истории Камчатки. Петропавловск-Камчатский, 2007. Вып. 3; Теория и практика научных исследо­ваний в рыбохозяйственной отрасли Камчатки. Петропавловск-Камчатский, 2007; Камчатский край | |||
// Большая Российская энциклопедия. Т. 12. М., | |||
2008. | |||

Р. Карачалова.

Р. Карачалова.

[[Категория:4-том, 1-50 бб]] | [[Категория:4-том, 1-50 бб]] | ||
09:36, 29 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
КАМЧА́ТКА КРАЙЫ – Россия Федерациясынын субъектиси. Россиянын Азия бөлүгүнүн эң четки чыгышында, Камчатка жарым аралында жайгашкан. Батышынан Охота, чыгышынан Беринг деңиздери ж-а түштүк-чыгышынан Тынч океан м-н чулганат. Крайдын аймагына Командор ж-а Карагие аралдары да кирет. Ыраакы Чыгыш федерация округуна карайт. Край 2007-жылы 7-июлда Камчатка облусу м-н Коряк автономия округунун биригишинен түзүлгөн. Аянты 464,3 миң км2 (анын ичинде округдуку 292,6 миң км2). Калкы 347 миң (2007; округда 23,0 миң). Административдик борбору – Петропавловск-Камчатский. Административдик-аймактык жактан 11 районго (округда 4), 3 шаарга, 6 шаарчага (2) бөлүнөт. Камчатка крайынын аткаруу органынын мамлекеттик бийлигинин структурасы РФтин ж-а Камчатка крайынын мыйзамынын негизинде губернатор тарабынан аныкталат.
Калкынын негизин орустар (80,9%) түзөт, ошондой эле коряктар (2%), ительмендер (0,6), камчадалдар (0,5), эвенктер (0,5), чукчалар (0,4), алеуттар (0,1), украиндер (5,8), беларустар (1), татар-

лар (1), корейлер (0,5), чуваштар (0,4), азерилер (0,4), армяндар, башкырлар, молдавандар, немистер жашайт. Калкынын орточо жыштыгы 1 км2 жерге 0,7 киши. Шаар калкы 79,6%. Ири шаарлары: Петропавловск-Камчатский, Елизово, Вилючинск.
Край Азиянын эң четки түндүк-чыгышында, негизинен Камчатка жарым аралы (1/2 бөлүгүнөн көбүрөөгү) м-н Коряк бөксө тоосунун чегинде жайгашкан.
Деңиз жээктери – дүйнөдөгү балыкка бай райондордун бири. Экологиялык абалы боюнча Россиядагы эң жагымдуу край. Крайдын табигый ландшафты эң кооз. Рекреациялык ресурстары ар түрдүү. Ошондуктан аймагынын 7%и бальнеология ж-а туризм үчүн бөлүнгөн. Атмосферага абаны булгоочу заттардын бөлүнүп чыгуусу анча көп эмес. Жалпы коргоого алынган табигый аймагы 5,6 млн га, деңиз акватория коругу 3,8 млн га. Кроноцкий, Командор, Коряк коруктары, Түштүк-Камчатка заказниги, 5 табият паркы, 140тан ашык табият эстеликтери бар. Крайдын коргоого алынган 5 табигый аймагы «Камчатка жанар тоолору» деген ат м-н Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Камчатка крайынан табылган археологиялык эстеликтер соңку палеолит дооруна таандык.
Край Ыраакы Чыгыш экономикалык районуна кирет. Өнөр жай продукциясынын көлөмү айыл чарба продуктусунун көлөмүнөн 5,8 эсе жогору. Деңиз биоресурстарына (балыктын промыселдик түрлөрү, камчатка крабы) бай экендиги м-н башка крайлардан айырмаланат. Россияда баалуу металлдарды (алтын, платина) казып алуунун көлөмү боюнча да алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Экономикалык активдүү калкы 205 миң (анын ичинде 13 миңи округда;

2006). Анын 90%и экономика жаатында эмгектенет. Өнөр жайынын көлөмү 23,6 млрд рубль, анын 51,5%ин (округда 28,8) өндүрүш, электр энергиясын бөлүштүрүү, газ м-н суу түзсө, 36,5%ин (23,2%) кайра иштетүүчү ишканалар, 11,2%ин (48,0%) кен байлыктарды казып алуу түзөт.
Энергетика – крайда эң негизги тармактардын бири. ЖЭБдер (Петропавловск-Камчатскинин кубаттуулугу 395 МВт), кичи ГЭС каскаддары иштейт. Геотермиялык энергетика өнүктүрүү долбоору даярдалууда. Елизово районунда жылуулук м-н камсыз кылууда термиялык суулары пайдаланылат. Түстүү металлургия (алтын, күмүш), машина куруу (негизинен кеме курууга ж-а ремонттоого адистешкен), токой, жыгаччылык (негизинен жыгач беленделет; ошондой эле чоң форматтагы ж-а жылмаланган фанералар) өнөр жай ишканалары иштейт. Балык кармалып беленделет (2006-жылы 350 миң т треска, 115 миң т лосось ж. б.). Ири ишканалары: «Океанрыбфлот», «Камчатрыбпром», «Акрос» (баары Петропавловск-Камчатскийде). Ири балык заводдору иштейт. Сырткы соода жүгүртүүсү 201,2 млн АКШ долларын (2006;) түзөт; анын 144,0 млну экспорттон түшөт. Негизинен балык продуктусу, кара металл экспорттолот. Машина куруу, металл иштетүү, химия өнөр жайы үчүн продукциялар импорттолот. Негизги соода шериктери: Корея Республикасы, Япония, АКШ, Кытай.
Табигый-климаттык шартынын өзгөчөлүгүнө байланыштуу айыл чарбасы жакшы өнүккөн эмес. Айыл чарба продукциясынын көлөмү 4097 млн рубль. Крайдын жеринин 0,2%и гана айыл чарбага жарактуу. Анын 50%ин айдоо аянты (округда 0,1%тен аз) ээлейт. Жылыткычтарда жашылча өстүрүү өнүккөн. Картөшкө да айдалат. Бодо мал, чочко асыралат. Үй куштары багылат. Капаста кармалган айбанаттар, бугучулук өнүккөн. Аймактын рекреациялык ресурстары (өчкөн ж-а аракеттеги жанар тоолор, ысык ж-а муздак минералдуу суулар, гейзерлер) туризмдин өнүгүүсүнө түрткү болууда. Автомобиль жолунун узундугу 1694 км (анын ичинде округда 130 км). Деңиз жолдору да өнүккөн. Негизги соода порттору: Петропавловск-Камчатский, Усть-Камчатск ж. б. Крайда 120дан ашык орто мектеп, 10 коллеж ж-а лицей, китепканалар, музейлер (анын ичинде этнография, саясий география, край таануу ж. б.). Айыл чарба ИИИ, гидрофизика, космофизика изилдөө институттары, эл аралык аэропорту бар.
Ад.: Аров В. Н. Административно-территориальное управление Камчатским краем (1691–1917 гг.) //Вопросы истории Камчатки. Петропавловск-Камчатский, 2007. Вып. 3; Теория и практика научных исследований в рыбохозяйственной отрасли Камчатки. Петропавловск-Камчатский, 2007; Камчатский край // Большая Российская энциклопедия. Т. 12. М., 2008.
Р. Карачалова.