КАМПУ-ГРАНДИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы

КА́МПУ-ГРА́НДИ – Бразилиядагы шаар. Моту- Гросу штатынын адм. борбору. Калкы 791,2 миң (2008). К.-Г. аркылуу федерациялык үч автотрас­са (Парагвай, Боливия ж-а Уругвайдын чек ара­сы аркылуу) өтөт. Эл аралык аэропорту бар. 1870-ж. негизделген. Носа-Сеньора-да-Абадия собору, Сан-Бенедиту чиркөөсү, ратуша ж-а ун-ттер (а. и. католик, федерация ж. б.), музейлер бар. Тамак-аш (эт ж-а аны тоңдуруп сактоо), куру­луш материалдар ө. ж. ишканалары иштейт. Шаарга жакын эл аралык маанидеги автодром ж-а картодром бар. К.-Г-ден Пантаналга (кор­гоого алынган табигый аймак; Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген) бир нече ту­ристтик маршрут кетет.