КАМИКАДЗЕ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы
КАМИКА́ДЗЕ (япончо Кудай шамалы) – япониялык учкуч-жанкечтилер. К. экинчи дүйнөлүк согушта (1939–45) душман кемелерине каршы колдонулган.

Эң биринчи К. 1944-ж. 16-ноябрда учуп чыккан. Колдонулган бардык мезгилде К. айдаган 5 миңден ашык самолёт учурулуп, алар 45 аскер кемесин чөктүрүп, 300үн катардан чыгарышкан. Бул максатта адегенде эски самолёттор (жарылгыч заты 1600 кгга чейин) колдонулса, 1944-ж. ноябрдан атайын «Накадзи-
ма» КИ-115 самолёту, «Ока» («Чие гүлү») снаряд самолёту (2 T га чейин) чыгарылган. Самолёт чектелген радиуста учкан. Согуш учурунда 2500дөн ашык учкуч-жанкечтилер каза болгон.
Ад.: Лейко О. Ю. Камикадзе. М., 1989.