КАМЕРУН (жанар тоо массиви): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы

КАМЕРУ́Н (португалча Piodes cama- rones – «креветкалуу дарыя» деген мааниде) – Батыш Африкадагы жанар тоо массиви, Гви­нея булуңунун жээгинде. Камерун мамлекети­нин аймагында. Капталдары жантайыңкы, көп­төгөн каптал конустары (100дөн ашык) ж-а кратерлери бар домпок (бийикт. 4100 м), тра­хибазальттуу стратожанартоо. Эң бийик жери 4070 м (аракеттеги Фако жанар тоо конусу; акыркы жолу 2000-ж. атылган). Батыш ж-а түш.-батыш капталдары Африканын эң жаан­чыл жери, Дебунжада жылына 9655 мм чама­сында жаан-чачын жаайт. Капталдарын ным­дуу тропик токою, дайыма жашыл тоо токою ж-а шалбаасы ээлейт.