КАМЕНСКИЙ Михаил Давыдович: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы

КАМЕ́НСКИЙ (Э й д и с) Михаил Давыдович (декабрь, 1889, Киев губерниясы, Звенигород уез­ди, Шпола кыш. – ө. ж. ж-а жери белгисиз) – сов. ж-а парт. ишмер. Москвадагы 2 жылдык марксизм-ленинизм курсун (1926) бүтүргөн. Па­дышалык бийлик тушунда рев-ялык ийримдер­ге катышкан деген айып м-н камалган (1907). 1907–11-ж. түрмөдө отуруп, жашыруун рев-ялык иштерди жүргүзгөн. 1911–17-ж. армияда кыз­мат өтөп, 1918–19-ж. Украинада ар кандай парт., сов. кызматтарда, 1921–24-ж. Томск губерния­лык к-тинде уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, 1924-жылдан РКП(б) БК О. Азия б-ча бюросу­нун Фергана обл. бөлүмүнүн башчысы, 1924-ж. ноябрдан 1925-ж. августка чейин партиянын Кыргыз обкомунун 1-секретары. К. чарбалык тажрыйбасы жок, сабаты тайкы ж-а жерг. эл­дин маданий-турмушун жакшы билбегендиги­не карабастан, саясий багытты түшүнгөн, жаз­ма ж-а оозеки көрсөтмөлөрдү, парт. чечимдерди так аткарган. Өздөрүн батрак катары көрсөткөн адамдарга (Кудайкулов, Бабаханов) таянып, Кыргыз обкому ж-а обл. аткомундагы жооптуу кызматкерлерди (жерг. лидерлерди) Москвадан чакырылган адистер м-н алмаштыруусу кыргыз жетекчилердин нааразычылыгын туудурган. Натыйжада И. Айдарбеков, Т. Кудайбергенов, А. Сыдыков ж. б. башында турган топ обком­дун туура эмес линиясына каршы кат даярдап, ага 30 киши кол койгон. Ал кат тарыхта «отуз­чулардын арызы» же обкомго каршы манифест катары белгилүү. Улут саясатын ишке ашыруу­да мекеме-ишканаларда кыргыз тилинин аба­лынын төмөндүгү, мамл., парт. аппаратка кадр тандоодо жеке адамдын көз карашы, кыргыз кадрларын бийликтен четтетүү, куугунтукка алуу ж. б. облустагы саясий абалдын курчушу­на, ачык күрөшкө алып келгендиги катта көрсөтүлгөн. 1925-ж. 29–30-июлда РКП(б) нин О. Азия б-ча бюросунун жыйыны текшерүү ко­миссиясынын докладын угуп, «отузчулардын арызын» ж-а аракетин партияга каршы, улут­чулдук, бай-манаптык топ катары баалаган. К. 1926–41-ж. Түн. Кавказ крайкомунда, Чечен обл. парт. уюмунда, Шахты, Саратов, Ярославль ш-нда парт. жооптуу кызматтарда, 1941–44-ж. Кырг-ндагы Красная Речка МТСинин директо­ру, 1945-жылдан СССР а. ч. министрлигинин Башкы башкармалыгында улук экономист бо­луп иштеген.