«КАМБАРКАН» ЭТНОГРАФИЯЛЫК-ФОЛЬКЛОРДУК АНСАМБЛИ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы
«КАМБАРКАН» ЭТНОГРАФИЯЛЫК-ФОЛЬКЛОРДУК АНСАМБЛИ Ч. И с а б а е в атн. – муз. коллектив. 1987-ж. Кыргыз мамл. филармониясынын алдында уюшулган. Ансамбль КРдин Токтогул атн. мамл. сыйл. лауреаты (2002). 1997-ж. Ч. Исабаевдин ысмы берилген. Ансамбль комуз, кыл кыяк, сурнай, керней,

жылаажын, сыбызгы, темир ж-а жыгач ооз комуз, аса таяк, зуулдак, дирилдек, добулбас, чоор, чопо чоор, доол ж. б. элдик муз. аспаптардан турат. Аларды КРдин иск-восуна эмг. сиң. ишмер, уста О. Кенчинбаев жасаган. Ансамблдин негизги репертуарын комузчулар М. Күрөңкөев, К. Орозов, Ы. Тумановдун, обончулар Б. Эгинчиев, Ж. Шералиев, М. Баетов, А. Огомбаев, К. Тагаев, Р. Абдыкадыров ж. б-дын чыгармалары түзөт. Ансамблдин коштоосунда С. Садыкова, Н. Абдрахманов, Б. Шатенов, Д. Кангелдиева ж. б. ырчылар концерт тартуулап турушат. 1993-жылдан ансамблдин көркөм жетекчиси Э. Жумабаев, дирижёру КРдин иск-восуна эмг. сиң. ишмер Р. Жумакунов. Ансамблге 2000-ж. Германияда өткөн Бүткүл дүйнөлүк ЭКСПО – 2000дин алтын медалы ыйгарылган. КМШ өлкөлөрүндө, Түркия, Япония, Франция, Кытай, Германия ж. б. гастролдо болгон.