КАМАШЕВ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы
КАМАШЕВ Билаш (25. 3. 1927, Чүй р-ну, Чым- Коргон кыш. – 9. 5. 1990, Бишкек) – геолог, Кыргыз ССР мамл. сыйл. лауреаты (1980). Москва геол. чалгындоо ин-тун бүткөн (1951). «¹ 14 Почтовый ящик» объектисинде геолог, улук инженер, башкы геолог (1951–60), Кыргыз геол. башкармалыгында геол. текшерүү бөлүмүнүн начальниги (1960–69), Түн. Кырг-н геол. экспедициясында чалгындоо иштери б-ча улук геолог (1969–73), Кыргыз ССР геол. башкармалыгында, Кыргыз геол. өндүрүштүк бирикмесинде бөлүмдүн начальниги (1973–87). Кырг-ндагы сейрек кездешүүчү металлдардын кендерин, металл эмес кен байлыктарды издөө, геол. чалгындоо иштерин уюштуруу, геол. жактан контролдоо б-ча эмгектенген. «Ардак белгиси» ордени м-н сыйланган.