КАМАН МӨҢГҮСҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы

КАМАН МӨҢГҮСҮ – Чоң Алай кырка тоосу­нун түн. капталындагы татаал өрөөн тибинде­ги мөңгү, Кызыл-Суунун алабында. Уз. 12 км, аянты 27 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 6700 м, этеги 3700 м бийикте жатат. Кар чеги­нин бийикт. 4300 м. Абляциясынын аянты 7,7 км2. Мөңгүдөн Кызыл-Суунун сол куймасы Каман-Суу башталат.