КАЛЬМАН: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы
КА́ЛЬМАН Имре (24. 10. 1882, Шиофок, Австрия-Венгрия – 30. 10. 1953, Париж) – венгриялык ж-а австриялык композитор ж-а дирижёр. 1900–04-ж. Будапешт ун-тинин юридика ф-тинде, ошол эле жылдары муз. академияда Х. Кёслерден окуган. 1904–08-ж. «Pesti Naplo» гезитинде ж-а драма театрда муз. сынчы болуп иштеген. Жаңы Вена опереттасын түзүүчүлөрдүн бири. Тунгуч опереттасы – «Күзгү манёврлар» (1908). Белгилүү оперетталары: «Чардаш королевасы» («Сильва», 1915), «Баядера» (1921), «Марица» (1924), «Цирк ханышасы», «Маринка» (1945) ж. б. Ал 20 оперетта жазган. Опереттага венгр муз. фольклорун алгач колдонгон, аны демократташтырган. 1938-ж. эмиграцияга Швейцарияга кетип, 1940-жылдан АКШда, 1948- жылдан Францияда жашаган. Оперетталары дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө коюлуп келет.