КАЛЫП (этнографияда): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы
КАЛЫП э т н о г р а ф и я д а – жасалуучу, куюлуучу ар кандай нерсенин же буюмдун түрүн түшүрүү үчүн колдонулуучу үлгү, кеп. К. көбүнчө зергерчиликте кеңири тараган. Зергерлер күлбото топуракка жүн, тыбыт ж-а кылтак кошуп аябай ийлеп, чөйчөкчө кылып кургатып, ага ар кандай оймо-чийме түшүрүп, К. жасашкан. Ат жабдыктарын, кемер кур, кыз-келиндердин асем буюмдарын ж. б. жасаш үчүн түстүү металлдарды куюуда кеңири колдонушкан. Ортосунда ар кандай чоңдуктагы бир нече ок куюулуучу чуңкурлары бар жиксиз беттелүүчү эки бөлөк жалпак май таш – ок К. же калып таш, тактайдан чарчы түрүндө жасалып, кыш, көң куюлса, кыш же көң куюучу К. деп аталат.