КАЛПАК БААТЫР: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы
КАЛПАК БААТЫР Стамбек уулу (болжол м-н 1805-, 1847, Мазарлуу Кара-Суу, азыркы Кант ш-на жакын) – казактар м-н согушта (к. Кенесарынын чапкыны) эрдик көрсөткөн баатырлардын бири. Казактар келип, капысынан Калпактын айылын курчап калганда, чөгөрүлгөн төөлөргө жашынып, аларды аткылап, айылга жолотпой турган. Инилери Мамбет, Түлөкабылдар м-н казактардын чабуулун үч жолу кайрып, куйган огу түгөнгөндө, кыз-келиндердин шурумончокторун салып аткылаган. Бетине жабышып калган шуру экенин билип калган казактар күн чыга жапырт ат коюп, айылга кирип келген. Бул согушта 18 жаштагы Мамбет м-н К. б-дын 28 үй-бүлө мүчөсү, жакын тууганы Субанбек кошо өлгөн. Түлөкабыл казакты аралай чаап кутулуп кеткен. 19 жеринен ок жеп, жарадар болгон К. б-ды казактар к ылычтап өлтүрүп, сөөгүн төөнүн үстүнө жайып кетишкен. Оозеки фольклордо К. б-дын эрдиги ж-дө көптөгөн аңыз кептер айтылып калган.
Ад.: Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Т. 1. Б., 1993; Эсенкул Төрөкан уулу. Кыргыздын кыскача санжырасы. Т. 1. Б., 1995.
Э. Турганбаев.