КАЛПАК: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы
КАЛПАК , а к к а л п а к – эркектердин улуттук баш кийими.

Ал алгач агыш (боз), кызгылт түстөгү кылчык, кийин ак уяң жүндөн уютулуп, бышык басылган кийизден төбөсү бийик (шоңшогой), этеги тегерек бычылып, оймо-чийме түшүрүлбөй, төбөсүнө чок (чачык тагылбай, ичтелбей (астарланбай), бир гана тигиш м-н бириктирилип жасалган. Тигиш жагы К-тын маңдайы болгон. 18-к-дын 2-жарымына чейин К-тын төбөсү жапызыраак, эки талаа болуп
бычылган. Талаалардын кошулган жери тыбыттан ийрилген жип же өрүлгөн кыл м-н милтеленип, чети кыл, шоона м-н кооздолуп саймаланган, төбөсүнө чок (чачык) тагылган. Этегин кайрып коюу үчүн К-тын эки жеринен тилик калтырылган. 19-к-дын 2-жарымынан К. мурдагыдан да жапыз, төрт талаа болуп бычылып, жээги 7–12 смдей кездеме (баркыт) м-н көбөөлөнүп, төбөсүнө чок тагылып, жээктерине ж-а талааларына сайма түшүрүлүп, ичтелген (астарланган). К-тын төрт талаасы адам жашоосунун төрт башталмасын – от, суу, аба, жерди туюнтат. Төбөсүнө тагылган чок асмандан түшкөн нурдун адам акылына ыйгарылгандыгынын, түсүнүн актыгы аруулуктун символу, төбөсү Ала-Тоонун элеси деп эсептелет. Маңдайындагы «Манас» оюу – кыргыздын акылга баш ийгендиги. Бийиктигине ж-а тигилишине жараша К-тын тилик К., туюк (кыюуланган) К., айры (кыюуланбаган) К., ай К., шырыма К., уютма К., бакай К. ж. б. түрлөрү бар. К. кыргагынын түсү (балдар жашыл, бойдок жигиттер кызыл, орто жаштагылар ак, карылар кара) м-н айырмаланат. «Кыял» элдик көркөм кол өнөрчүлөрүнүн бирикмесинде К-тын өркүндөтүлгөн заманбап түрлөрү чыгарылат. К. көбүнчө ак кийизден жасалгандыктан, ак калпак деп да аталган.
Ы. Кадыров.