КАЛИНИН Михаил Иванович: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы

КАЛИ́НИН Михаил Иванович [7 (19). 11. 1875, Тверь губерниясы, Корчев уезди, Жогорку Трои­ца кыш. (азыркы Тверь обл., Кашинск р-ну) – 3. 6. 1946, Москва] – сов. мамл., парт. ж-а орус рев-ясынын ишмери, Соц. Эмг. Баатыры (1944). 1900- 16-ж. рев-ялык иши үчүн бир нече жолу камалып, сүргүнгө айдалган.

(1905–07- жылдагы) рев-янын каты­шуучусу, РСДРПнин Нарва р-ндук, Петербург к-ттери­нин, куралдуу көтөрүлүш даярдоо б-ча аскер штабы­нын мүчөсү. РСДРПнин 4- съездинин (1906) делегаты. 1908–10-ж. Москвада парт. иштерде. РСДРП(б) БКнин бюро мүчөсү (1912-13). 1917-ж. Февраль рев-ясына активдүү катышкан. РСДРП(б)нин Петроград к-тинин, «Правда» гезитинин редак­циясынын, Жумушчу ж-а солдат депутаттары­нын Петроград советинин мүчөсү. Октябрь рев­ясынан кийин (1917) Петроград шаар чарба ко­миссары, ББАКтын (1919–38), СССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы (1938–46) болуп иштеген. РКП(б) БКнын мүчөсү (1919-46), ВКП(б) БКнын Саясий бюросунун мүчөсү (1926– 46). Россияда Калининград ш., Калининград обл. ж. б., Кырг-нда кыштактар К-дин ысмынан аталат. Үч Ленин, эки Кызыл Туу ордендери м-н сыйланган. Сөөгү Кызыл Аянтка коюлган. 1946-ж. Москвада К-дин музейи ачылган.