ИОНОСФЕРА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

03:15, 22 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы

ИОНОСФЕ́РА (иондор ж-а sphaira – шар) – Жер атм-сынын 75 кмден 1000 кмге чейинки ион­дошкон калың катмары. И-нын бар экендиги ж-дөгү ойду англ. физик Б. Стюарт 1882-ж. ал­гачкылардан болуп сунуштаган. И-да Күндүн ультракызгылткөк ж-а корпускулалык нурла­ры, о. эле космос нурлары газ молекулаларын кескин ажыратып, иондорду ж-а электрондор­ду пайда кылат. Алар Күн нурун өзүнө сиңи­рип алгандыктан, бийиктеген сайын И-да темп­ра жогорулап, 800–1000°Сге жетет. И-нын өткө- рүмдүүлүгү жогору болгондуктан, радиотолкун­дарды бүткүл диапазондо, кыскасынан узунуна чейин чагылтат ж-а алыскы байланышты тү­зүүнү камсыз кылат.