ИОНОВ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

03:15, 22 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы

ИО́НОВ Ростислав Николаевич (1929-ж. т., Рос­сия, Краснодар крайы, Отрадное станицасы) – биология илимд. доктору (1991). КАЧИни бү­түргөн (1952). 1952-жылдан Кыргыз ССР ИАнын Биология ин-тунда кенже, улук ил. кызматкер, 1998-жылдан КР УИАнын Биология-топурак таануу ин-тунда директордун орун басары. Фи­тоценология ж-а экология лабор-сынын жетек­чиси, 2005-жылдан ошол лабор-нын улук ил. кызматкери. Ботаника, биология, экология, гено­ж-а ценофондордун ар түрдүүлүгүн коргоо б-ча адис. Эмгектери Теңир-Тоонун ж-а Алай­дын табигый экосистемасын изилдөөгө арнал­ган. 100дөн ашык ил. эмгеги, а. и. 8 моногра­фиясы, 1 ойлоп табуусу бар.


Эмг.: Сезонная динамика степных, лугостепных и луговых сообществ северного макросклона Киргиз­ского хребета (в соавторстве). Ф., 1973; Высокотравие луга северного макросклона Киргизского хребета. Б., 1991; Растения-индикаторы. Б., 2003.