ИОНДОШТУРУУЧУ НУРЛАНУУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

03:15, 22 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы

ИОНДОШТУРУУЧУ НУРЛАНУУ – чөйрө м-н өз ара аракеттешүүдө чөйрөнүн атому м-н молеку­ласын иондоочу бөлүкчөнүн ж-а электр-магнит­тик кванттардын агымы. Рентген ж-а γ-нурла­нуусу, α-бөлүкчөлөрдүн агымы, электрон, позит­рон, протон, нейтрондор И. н-га кирет. Заряд­далган бөлүкчө чөйрөнү анын атому ж-а молекула­сы м-н кагылышып иондоштурат. Бөлүнгөн элек­трон жетишерлик энергияга ээ болсо, ал да чөйрөнү иондоштурат. Тез нейтрондор учурундагы иондош­туруу, кайтарылып берилген ядролор же нейт­рондордун чөйрө м-н өз ара аракеттешүүсүндө пайда болгон башка бөлүкчөлөр м-н шартталат.