ИО: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

03:15, 22 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы

ИО (Iо) – Юпитердин жандоочусу. 1610-ж. Га­лилей ачкан. Чоң жарым огу 421600 км, диа­метри 3630 км, тыгыздыгы 3570 кг/м3. И. м-н Европанын, Айдын өлчөмү бирдей, ал эми Га­нимед м-н Каллистодон кичине. Амер. «Вояд­жер» космос аппараты тарткан И-нун бетинин

Файл:ИО58.png
Ио бетиндеги активдүү жанартоолор.

сүрөтүндө бийикт. 9 кмге чейин аска сыяктан­ган тектердин бетин каптап жаткан ачык түстөгү күкүрттүү катмар, атылып турган жанартоолор жакшы көрүнүп турат. И. бетинде жаңы кат­марлар пайда болуп турат ж-а кызгылтым тем­гилдер да бар, алар түпкүрдөн бууланып чык­кан туздар деп божомолдонот. Анын адаттан тышкары өзгөчөлүгү – аны курчап турган калың газ булуту. «Пионер-10» космос аппаратынан алынган маалыматтар б-ча И-нун сейрек атм­сы ж-а ионосферасы да бар.