ИНСБУРК: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>И́НСБУРК</b> – Австриянын | <b type='title'>И́НСБУРК</b> – Австриянын түндүк-батышындагы шаар. Тироль жеринин (административдик-аймктык бирдик) административдик борбору. Альп тоолорундагы Бреннер ашуу­суна жакын, Инн дарыясынын боюнда жайгашкан. Калкы 111,7 миң (2007); шаар айланасы м-н 250 миң; калкынын саны боюнча өлкөдөгү 5-шаар. Ири жол тоому. Австриянын батыш «көпүрөсү». Ав­тобандар ж-а темир жол магистралдары аркылуу Мюнхен, Цюрих, Вена (Зальцбург – Линц ар­кылуу), Венеция (Больцано – Тренто) м-н бай­ланышат. Эл аралык аэропорту бар. 1234-жыл­дан белгилүү. Текстиль, электр-техника, химиялык-фар­мацевтика, металл иштетүү, тамак-аш өнөр жай иш­каналары иштейт. Көркөм промысели (мозаи­ка, айнек, металл буюмдар), кол өнөрчүлүк (бе­лек буюм) өнүккөн. Туризмдин ж-а спорттун кышкы түрлөрүнүн борбору. 1964-жылы IX, 1976-жылы XII Олимпия оюндары өткөрүлгөн. Университет (1669), музейлер [Тироль край таануу «Фердинандеум» музейи, эл чыгармачылыгы] бар. Габсбургдар­дын Хофбург ак сарайы (14–18-кылымдар), Хофкирхе чиркөөсү (1553–63), Ыйык Анна колоннасы (1706), Ландхауз (1725–28) монастыры ж. б. сак­талган. Европа музыка маданиятынын борборло­рунун бири. Жыл сайын музыка фестивалда­ры, П. Хофхаймер атындагы органчылардын эл ара­лык конкурсу өткөрүлүп турат. | ||
шаар. Тироль жеринин ( | |||
чиркөөсү (1553–63), Ыйык Анна колоннасы (1706), Ландхауз (1725–28) монастыры ж. б. сак­талган. Европа музыка | |||
[[Категория:3-том, 544-607 бб]] | [[Категория:3-том, 544-607 бб]] | ||
09:56, 27 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы
И́НСБУРК – Австриянын түндүк-батышындагы шаар. Тироль жеринин (административдик-аймктык бирдик) административдик борбору. Альп тоолорундагы Бреннер ашуусуна жакын, Инн дарыясынын боюнда жайгашкан. Калкы 111,7 миң (2007); шаар айланасы м-н 250 миң; калкынын саны боюнча өлкөдөгү 5-шаар. Ири жол тоому. Австриянын батыш «көпүрөсү». Автобандар ж-а темир жол магистралдары аркылуу Мюнхен, Цюрих, Вена (Зальцбург – Линц аркылуу), Венеция (Больцано – Тренто) м-н байланышат. Эл аралык аэропорту бар. 1234-жылдан белгилүү. Текстиль, электр-техника, химиялык-фармацевтика, металл иштетүү, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт. Көркөм промысели (мозаика, айнек, металл буюмдар), кол өнөрчүлүк (белек буюм) өнүккөн. Туризмдин ж-а спорттун кышкы түрлөрүнүн борбору. 1964-жылы IX, 1976-жылы XII Олимпия оюндары өткөрүлгөн. Университет (1669), музейлер [Тироль край таануу «Фердинандеум» музейи, эл чыгармачылыгы] бар. Габсбургдардын Хофбург ак сарайы (14–18-кылымдар), Хофкирхе чиркөөсү (1553–63), Ыйык Анна колоннасы (1706), Ландхауз (1725–28) монастыры ж. б. сакталган. Европа музыка маданиятынын борборлорунун бири. Жыл сайын музыка фестивалдары, П. Хофхаймер атындагы органчылардын эл аралык конкурсу өткөрүлүп турат.