ИНКУБАТОР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИНКУБА́ТОР</b> (лат. incubatio – жөжө чыгаруу) – куш жумурткасынан жөжө чыгаруучу аппарат. Секциялуу, бөлмөлүү ж-а шкафтуу | <b type='title'>ИНКУБА́ТОР</b> (лат. incubatio – жөжө чыгаруу) – куш жумурткасынан жөжө чыгаруучу аппарат. Секциялуу, бөлмөлүү ж-а шкафтуу инкубаторлорго бөлүнөт. Тропик өлкөлөрүндө жылууланган идиш, меш ж. б. түрүндөгү жөнөкөй инкубаторлор ил­гертен эле белгилүү болгон. Алгачкы инкубатор 19-кылымда Европада ж-а АКШда чыгарылган. СССРде инкубатор 1928-жылдан жасала баштаган. Инкубатордо туруктуу режим сакталып, жумуртканын 95%тейинен жөжө чыгат. Анда температура, нымдуулук, жумурт­каны которуштуруу ж. б. процесстер автомат­тык түрдө башкарылат. Инкубатордун негизги бөлүктө­рү: корпус-термостат; ал айрым үч же алты ин- | ||
[[File:ИНКУБАТОР38.png | thumb | none]] | [[File:ИНКУБАТОР38.png | thumb | none]] | ||
кубациялык камерадан турат, ар бир камера ав­тономдуу электр аппараттары м-н жабдылган, ал камераны автоматтык түрдө жылытып, жел­детип, нымдуулукту текшерет; камераны жыл­дырып туруучу механизмдер; жылытуу систе­масы; ным ж-а аба алмаштыргыч; муздаткыч; башкаруу ж-а электр м-н жабдуу механизмде­ри. КМШ өлкөлөрүндө үй куштарынын бардык түрүнүн жумурткасын инкубациялоочу «Универ­сал», «Кавказ», «Рекорд» сериясындагы | кубациялык камерадан турат, ар бир камера ав­тономдуу электр аппараттары м-н жабдылган, ал камераны автоматтык түрдө жылытып, жел­детип, нымдуулукту текшерет; камераны жыл­дырып туруучу механизмдер; жылытуу систе­масы; ным ж-а аба алмаштыргыч; муздаткыч; башкаруу ж-а электр м-н жабдуу механизмде­ри. КМШ өлкөлөрүндө үй куштарынын бардык түрүнүн жумурткасын инкубациялоочу «Универ­сал», «Кавказ», «Рекорд» сериясындагы инкубаторлор чыгарылат. | ||
чыгарылат. | |||
[[Категория:3-том, 544-607 бб]] | [[Категория:3-том, 544-607 бб]] | ||
07:23, 27 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы
ИНКУБА́ТОР (лат. incubatio – жөжө чыгаруу) – куш жумурткасынан жөжө чыгаруучу аппарат. Секциялуу, бөлмөлүү ж-а шкафтуу инкубаторлорго бөлүнөт. Тропик өлкөлөрүндө жылууланган идиш, меш ж. б. түрүндөгү жөнөкөй инкубаторлор илгертен эле белгилүү болгон. Алгачкы инкубатор 19-кылымда Европада ж-а АКШда чыгарылган. СССРде инкубатор 1928-жылдан жасала баштаган. Инкубатордо туруктуу режим сакталып, жумуртканын 95%тейинен жөжө чыгат. Анда температура, нымдуулук, жумуртканы которуштуруу ж. б. процесстер автоматтык түрдө башкарылат. Инкубатордун негизги бөлүктөрү: корпус-термостат; ал айрым үч же алты ин-
кубациялык камерадан турат, ар бир камера автономдуу электр аппараттары м-н жабдылган, ал камераны автоматтык түрдө жылытып, желдетип, нымдуулукту текшерет; камераны жылдырып туруучу механизмдер; жылытуу системасы; ным ж-а аба алмаштыргыч; муздаткыч; башкаруу ж-а электр м-н жабдуу механизмдери. КМШ өлкөлөрүндө үй куштарынын бардык түрүнүн жумурткасын инкубациялоочу «Универсал», «Кавказ», «Рекорд» сериясындагы инкубаторлор чыгарылат.