ИНКУБАТОР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

03:14, 22 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы

ИНКУБА́ТОР (лат. incubatio – жөжө чыгаруу) – куш жумурткасынан жөжө чыгаруучу аппарат. Секциялуу, бөлмөлүү ж-а шкафтуу И-лорго бөлүнөт. Тропик өлкөлөрүндө жылууланган идиш, меш ж. б. түрүндөгү жөнөкөй И-лор ил­гертен эле белгилүү болгон. Алгачкы И. 19-к-да Европада ж-а АКШда чыгарылган. СССРде И. 1928-жылдан жасала баштаган. И-до туруктуу режим сакталып, жумуртканын 95%тейинен жөжө чыгат. Анда темп-ра, нымдуулук, жумурт­каны которуштуруу ж. б. процесстер автомат­тык түрдө башкарылат. И-дун негизги бөлүктө­рү: корпус-термостат; ал айрым үч же алты ин-

Файл:ИНКУБАТОР38.png

кубациялык камерадан турат, ар бир камера ав­тономдуу электр аппараттары м-н жабдылган, ал камераны автоматтык түрдө жылытып, жел­детип, нымдуулукту текшерет; камераны жыл­дырып туруучу механизмдер; жылытуу систе­масы; ным ж-а аба алмаштыргыч; муздаткыч; башкаруу ж-а электр м-н жабдуу механизмде­ри. КМШ өлкөлөрүндө үй куштарынын бардык түрүнүн жумурткасын инкубациялоочу «Универ­сал», «Кавказ», «Рекорд» сериясындагы И-лор чыгарылат.