ЖУҢГАР ХАНДЫГЫ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''ЖУҢГАР ХАНДЫГЫ''' [(1635–1758) калмакча Зүнһар хаант улс] – XVII кылымдын 1-жарымынан XVIII кылымдын ортосуна чейин өмүр сүргөн Батыш [[Моңголия]]дагы мамлекет. Жазма даректерде «Ойрот хандыгы» деген аталуу дагы көп жолугат. Тарыхый маалыматтарга караганда ал алгач «Төрт ойроттун мамлекети» (калмакча Дөрвн өөрд улс) деген аталыш менен төрт чоң уруу; «чорос» (жорос), «хошут» (хошоут), «тыргоот» (торгоут), «дөрбөт» (дербет) өз алдынча этностук, саясий [[конфедерация]]га бириккенден кийин XV кылымда пайда болгон. «Ойрот» деген сөздүн сөздүн этимологиясы oyir-a (Н. Я. [[Бичурин]] боюнча «өөр» – жакын) жана derben (төрт) деген түшүнүктүн негизинде жаралган деген көз караш бар. Азыркы халха-моңгол тилинде да «токой ичиндеги уруулар» (ойн иргэд) же «токой эли» (ойн ард) деген сөздөр сакталып калган. Кытайлык [[династиялар тарыхы]]нда «өлөт» (олот, элют) деген терминдер менен белгилүү. Алгач [[Чыңгыз хан]]дын империясына баш ийип, анын курамында жүргөн. 1335-жылы Персиядагы (азыркы [[Иран]]) Хулагунун династиясы, 1368-жылы [[Кытай]]дагы Юан империясы кулап, 1346-ж. Казан хан өлтүрүлгөндөн кийин [[Чагатай]] улусу ыдырап, [[Борбордук Азия]]дагы саясий кырдаал кескин өзгөрүүгө туш келген. Мисалы, XV кылымда Халха аймагы (Гоби чөлүнүн түндүк, түндүк-чыгышы) 5 улус (оток) турган өз алдынча майда ээликтерге бөлүнүп, бийлик тайшылардын (князь) колуна өткөн. Ал эми [[Моголстан]]га [[Туглук Тимур]]дун хан (1347–1362) болушу менен Халханын батышында азыркы [[Кыргызстан]] жана [[Казакстан]]дын түштүк-чыгышы; түндүгү Көкчө-Теңиз ([[Балхаш]]), Бум-Лиш жана Каратал; батышы [[Түркстан]], [[Ташкент;]] түштүгү [[Фергана]], [[Кашкар]], Чалыш, Турпанды камтыган жаңы хандык пайда болгон.[[File:ЖУҢГАР ХАНДЫГЫ97.png | thumb | XVII кылымдын башындагы Жуңгар хандыгынын картасы. Картаны согуш туткуну И.-Г. Ренатка Жуң­гар ханы И. Эрен берген. Азыр Упсала шаарындагы (Шве­ция) университеттин китепканасында сакталып турат.]] | |||
Натыйжада бири-бирине үстөмдүк кылуу ниетинде саясий жана куралдуу күрөш күчөгөн. Бир жагынан алдуусу алы жогун басып алса, экинчиден күч алып баратканын талкалоо үчүн уруулар аралык союздар түзүлгөн. Ушундай кырдаал ойроттордун бир конфедерацияга биригишине өбөлгө болуп, моңгол хандарынын атынан бийлик кылган ата-бала тайшылар Махаму (1399–1416), Тогон (1417–1439) жана Эсендин тушунда (1439–1454) алар күч ала баштаган. 1449-жылы Эсен тайшы 20 миң кол курап, Кытайга (Мин династиясы) каршы жортуулга чыккан. Чечүүчү салгылашуу Хуайлай тоосунун түштүк-батышындагы (азыркы Хубэй провинциясы) Туму деген жерде өтүп, моңгол-ойроттордон алда канча көп кытай армиясы талкаланып калган. Ойрот аскери Кытай императорун (Чжу Цичжэн) жана анын көптөгөн жоокерлерин туткунга түшүргөн. Ошол эле учурда ойроттор Моголстандын чыгышына коркунуч туудуруп турган, бирок Эсен тайшынын өлүмүнөн кийин алардын күч-кубаты кайта баштаган. | |||
[[File:ЖУҢГАР ХАНДЫГЫ98.png | thumb | «Россия менен зюнгарлардын талаш жерин тактоо үчүн» Л. Д. Угримов 1737-жылы тарткан картанын кө­чүрмөсү. В. А. Моисеевдин өздүк архивинде сакта­лып турат.]] | [[File:ЖУҢГАР ХАНДЫГЫ98.png | thumb | «Россия менен зюнгарлардын талаш жерин тактоо үчүн» Л. Д. Угримов 1737-жылы тарткан картанын кө­чүрмөсү. В. А. Моисеевдин өздүк архивинде сакта­лып турат.]] | ||
Алардын кийинки күч алышы 1634-жылы өлгөн чорос уруусунан чыккан Гумэчи (калмакча Гумче; тарыхый адабияттарда Каракул, Кара-Кула Хара-Хула) тайшыга байланышкан. 1587-жылы Түндүк-Батыш Моңголияда Шолой Убашы башындагы негизги өзөгү хотогойт уруусу болгон моңголдордун Алтан (Алтын) хандыгы түзүлүп (кара: [[Алтан хан мамлекети]]), алар ойротторду баш ийдирүү үчүн узакка сөзулган күрөш баштаган. Бул учурда Саин-Сэрден башында турган ойроттордун тыргоот уруусу Иртыш дарыясынын жогору жагын, Каракулдун кол алдындагы чоростор анын батышын, Саин-Тэбенеге караштуу дөрбөттөр аларга жакын, Байбагыш (Байбагас) ханга тиешелүү хошуттар Нарынколду (Алтай) ээлеп турушкан. Убашы 1590-жылдары енисейлик кыргыздарга каршы бир нече жолу ийгиликтүү жүрүш жасап, 1604-жылдары урянхайлыктарды (моңг., урианхай) баш ийдирген. | |||
1609-жылы ойротторго кол салып, бирок Каракулдун колунан жеңилип кайткан. 1614–1615-жылдары Убашы 80 миң жоокер менен Каракул жана Байбагышка каршы аттанып чыгып, бир нече жолу жеңип алган. 1620-жылы ал кайрадан чабуул кылып, бул жолу Кара Иртышты ээлеп алууга жетишкен. 1623-жылы Каракул Байбагыш менен бирге 36 миң кол жыйнап, Убашыга каршы жүрүш уюштурган, бирок бул жолу да ойроттор толук жеңилип калган. Найтыйжада Тарбагатай тоолруна чейинки аймактар Алтан хандын ээлигине өткөн. 1627-жылы Каракул башындагы ойроттор менен согушта Шолой Убашы өлүп, моңголдор жеңилгенден кийин жаңы, күчтүү хандыктын түзүлүшүнө жол салынган. Убашынын ордуна отурган анын уулу Омбо-Эрдене (1627–1657) атасынын кегин кууп, 1628–1629-жылдары ойротторго көптөгөн чабуул уюштурган. Ушундай жүрүштөр жана ойротторду бир бийликке биирктирүүгө жасалган аракеттердин натыйжасында Хо-Өрүлүктүн кол алдындагы тыргооттор менен дөрбөттөрдүн көбү журт которуп, Жайык (азыркы Урал), [[Волга]] даярыяларынын жээгине көчүп кетүүгө мажбур болушкан (кара: [[Калмакстан]]; [[калмактар]]). | |||
1634-жылы Каракул өлүп, анын ордун уулу Куту-Көчүн баатыр (калмакча Хуту-Хоцин-Батур) ээлеп (кара: [[Эрдене баатыр коңтаажы]]), жаңы хандык негизделет. Тарыхый маалыматтарга караганда ойроттор 1626–27, 1643-, 1653-, 1658-, 1681–84-, 1711–12-, 1714-, 1717-, 1723-, 1725-, 1739–41-, 1745–48-жылдары кыргыздарга каршы жүрүшкө чыгып турушкан. [[Махмуд ибн Вали]] 1635-жылы 11-декабрдан 1636-жылдын 9-январына чейин 12 000 түтүн кыргыздын Каратегин, Ысарга (Гиссар) сүрүлгөнүн эскерген. В. В. [[Бартольд]]дун пикиринде кыргыз элинде тарыхый уламыштар өтө көп сакталып калганын, бирок булардын негизги бөлүгү алиге чейин өздөрү унута элек жалгыз эл – калмактарга бекем байланышкан. 1637-жылы Куту-Көчүн Тибеттеги 5-[[Далай лама]]нын колунан [[коңтаажы]] (хунтайчжи, контайша, контайчи; калмакча хун тәәҗ) деген титул алып, анын менен кошо Эрдене (асыл же кымбат нерсе) жаңы ысымга ээ болгон. 1643-жылы ал хошут Очирту жана Байбагыштын уулу Абылайлар менен 50 миң кол алып, [[Токмок]]ко чейин келип, бирок кыргыз-казактардан бириккен колунан жеңилип кайра кайткан. 1658-жылы Чечен (Цецен) хандын уулу Галдама (санжыраларда Калдама) Илени кыштап, [[Талас]] суусунун жээгинен ферганалык Абдышүкүрдүн колун жеңип алган. 17-кылымдын орто ченине карай алардын түштүк-батышындагы коңшусу Моголстанда саясий бытырандылык башталып, майда хандыктар менен султандыктардын түзүлүшү, чыгышында жайгашкан Халха хандыгынын алсырашы, түштүк жагындагы күчтүү хандык – Чахар хандыгынын жоюлушу ойроттордун күчтөнүшүнө алып келген. 1640-жылы ойрот конфедерациясына кирген уруулар Тарбагатайда курултай өткөрүп, жаңы мамлекеттин негизин түзгөн «Жалпы моңгол-ойрот мыйзамын» («Цааджин бичиг») кабыл алган. Хандык бийлик чексиз болуп, атадан балага мурас катары калган. Куту-Көчүн өлгөндөн кийин (1653) артында он бала калып, ордуна бешинчи уулу Сеңге (1653–1671) отурган. Алар эки жаатка бөлүнүп, Байбагыш хандын уулу Аблай-тайшылар «Оң жак хандыкты» («Баруң кар»; калмак тилинде «баруң» – оң, «кар» – кол, каруу) түзүшкөн. Ага жооп кылган Сеңге тарабындагылар же «Сол жак хандык» («Жуңгария»; калмакча зүң һар, зүүн гар, – «зуң» – сол, ошол кездеги орус документтери боюнча «зюнгарлар», «Зюнгария») деген атка ээ болгон. Жуңгар хандыгы күчтөнө баштаганда, Жолой-Уубашы түзгөн Алтан-хан мамлекети жоюлган (1667). Сеңге бир туугандары Баатыр, Чечен тайшылар колдуу болуп өлгөндө, анын ордун башка бир тууганы [[Галдан Бошокту]] (1671–1697) алат. 1680–1683-жылдары Бошокту Алтышаарды каратып, Жаркент хандыгынын тагына [[Аппак кожо]]ну отургузуп, анын уулу Жаханга (Йахийа) Кашкарды берген. Ушул учурдан баштап Чыгыш Түркстан Жуңгар хандыгына көз каранды болуп, жылына 100 000 теңге салык төлөп туруу милдети тагылган. Галдан Бошоктунун тушунда жуңгарлар кыргыздарга, андан ары Сайрамдан Ферганага чейин бир нече жолу чоӊ жүрүш жасаган. Кыргыздардын акыркы жолу Ысар (Гиссар), Гөлөп (Куляб), [[Анжиян]]га сүрүлүшү ушул учурларга туш келет. Араптандын (Цеван-Раптан) мезгилинде (1697–1727) Жуңгар хандыгы аябай өнүккөн. Далай-ламанын колунан ал «Эрдене-Жүрөктүү-Баатыр коңтаажы» (Эрдени-Журюкту-Батыр-контайши) деген наам алган. Андан кийин Жуңгар хандыгына Галдан Цэрен (кара: [[Калдаң Серен]], 1727–1745) ээ болуп, анын аскери [[Кетмен-Төбө]]дөгү кыргыздарга жүрүш жасап (1732), «анжияндык» кыргыздарды убактылуу багындырган жана Ташкент шаарын басып караткан (1734). Улуу уулу Олоң (Лама) Доржу жана Сейтен нойондун колу Наманган, Кайнар, Коконду курчоого алып, Ташкент шаарын кайрадан караткан (1742–45). 1741-жылы Септен нойон жетектеген жуңгарлардын 30-35 миң колу Ишим, Тобол жана Ыргыз сууларынын айланасында казактарды катуу чаап, казактын уруу башчыларын аманатка алган. Алардын ичинде Абулмамбет-хан, [[Барак]] жана Батыр султандардын бала-бакыра, жек-жааттарынан 200 киши, ошондой эле [[Абылай]] султан да болуп, ал 1743-ж. жазга чейин Галдан Церендин өз үйүндө жүргөн. Цеван-Доржи Намжил Ажа-хан (1745–1750), Лама Доржи (1750–1753), [[Дабачы]] (1753–1755) жана Араптандын жээни Амирсан (Амурсан, 1755–1757) башкарган. Галдан Цэрен өлгөндөн кийин негизинен кыргыз, казактардын, өзгөчө [[Цин империясы]]нын кийлигишүүсүнөн улам жана ич ара карама-каршылыктардын күчөшү, саясий-экономикалык кризистер Жуңгар хандыгын алсыроого алып келген. 1758-жылы Жуңгар хандыгы күч менен Цин империясынын курамына киргизилген. | |||
Ад: Позднеев А. М. К истории зюнгорских калмыков. СПб., 1887; Златкин И. Я. История Джунгарского ханства. М.,1983; Моисеев В. А. Джунгарское ханство и казахи (17-18 вв.). А.-А.,1991; Сапаралиев Д. Взаимоотношения кыргызского народа с русскими и соседними народами в XVIII веке. Б., 1995; Бартольд В. В. Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана. Б., 1996; Аристов Н. А. Усуни и кыргызы или кара-кыргызы: очерки истории и быта населения Западного Тянь-Шаня и исследования по его исторической географии. Б., 2001. | |||
<i>Э. Турганбаев.</i> [[Категория:3-том, 327-448 бб]] | <i>Э. Турганбаев.</i> [[Категория:3-том, 327-448 бб]] | ||
09:37, 21 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы
ЖУҢГАР ХАНДЫГЫ [(1635–1758) калмакча Зүнһар хаант улс] – XVII кылымдын 1-жарымынан XVIII кылымдын ортосуна чейин өмүр сүргөн Батыш Моңголиядагы мамлекет. Жазма даректерде «Ойрот хандыгы» деген аталуу дагы көп жолугат. Тарыхый маалыматтарга караганда ал алгач «Төрт ойроттун мамлекети» (калмакча Дөрвн өөрд улс) деген аталыш менен төрт чоң уруу; «чорос» (жорос), «хошут» (хошоут), «тыргоот» (торгоут), «дөрбөт» (дербет) өз алдынча этностук, саясий конфедерацияга бириккенден кийин XV кылымда пайда болгон. «Ойрот» деген сөздүн сөздүн этимологиясы oyir-a (Н. Я. Бичурин боюнча «өөр» – жакын) жана derben (төрт) деген түшүнүктүн негизинде жаралган деген көз караш бар. Азыркы халха-моңгол тилинде да «токой ичиндеги уруулар» (ойн иргэд) же «токой эли» (ойн ард) деген сөздөр сакталып калган. Кытайлык династиялар тарыхында «өлөт» (олот, элют) деген терминдер менен белгилүү. Алгач Чыңгыз хандын империясына баш ийип, анын курамында жүргөн. 1335-жылы Персиядагы (азыркы Иран) Хулагунун династиясы, 1368-жылы Кытайдагы Юан империясы кулап, 1346-ж. Казан хан өлтүрүлгөндөн кийин Чагатай улусу ыдырап, Борбордук Азиядагы саясий кырдаал кескин өзгөрүүгө туш келген. Мисалы, XV кылымда Халха аймагы (Гоби чөлүнүн түндүк, түндүк-чыгышы) 5 улус (оток) турган өз алдынча майда ээликтерге бөлүнүп, бийлик тайшылардын (князь) колуна өткөн. Ал эми Моголстанга Туглук Тимурдун хан (1347–1362) болушу менен Халханын батышында азыркы Кыргызстан жана Казакстандын түштүк-чыгышы; түндүгү Көкчө-Теңиз (Балхаш), Бум-Лиш жана Каратал; батышы Түркстан, Ташкент; түштүгү Фергана, Кашкар, Чалыш, Турпанды камтыган жаңы хандык пайда болгон.

Натыйжада бири-бирине үстөмдүк кылуу ниетинде саясий жана куралдуу күрөш күчөгөн. Бир жагынан алдуусу алы жогун басып алса, экинчиден күч алып баратканын талкалоо үчүн уруулар аралык союздар түзүлгөн. Ушундай кырдаал ойроттордун бир конфедерацияга биригишине өбөлгө болуп, моңгол хандарынын атынан бийлик кылган ата-бала тайшылар Махаму (1399–1416), Тогон (1417–1439) жана Эсендин тушунда (1439–1454) алар күч ала баштаган. 1449-жылы Эсен тайшы 20 миң кол курап, Кытайга (Мин династиясы) каршы жортуулга чыккан. Чечүүчү салгылашуу Хуайлай тоосунун түштүк-батышындагы (азыркы Хубэй провинциясы) Туму деген жерде өтүп, моңгол-ойроттордон алда канча көп кытай армиясы талкаланып калган. Ойрот аскери Кытай императорун (Чжу Цичжэн) жана анын көптөгөн жоокерлерин туткунга түшүргөн. Ошол эле учурда ойроттор Моголстандын чыгышына коркунуч туудуруп турган, бирок Эсен тайшынын өлүмүнөн кийин алардын күч-кубаты кайта баштаган.

Алардын кийинки күч алышы 1634-жылы өлгөн чорос уруусунан чыккан Гумэчи (калмакча Гумче; тарыхый адабияттарда Каракул, Кара-Кула Хара-Хула) тайшыга байланышкан. 1587-жылы Түндүк-Батыш Моңголияда Шолой Убашы башындагы негизги өзөгү хотогойт уруусу болгон моңголдордун Алтан (Алтын) хандыгы түзүлүп (кара: Алтан хан мамлекети), алар ойротторду баш ийдирүү үчүн узакка сөзулган күрөш баштаган. Бул учурда Саин-Сэрден башында турган ойроттордун тыргоот уруусу Иртыш дарыясынын жогору жагын, Каракулдун кол алдындагы чоростор анын батышын, Саин-Тэбенеге караштуу дөрбөттөр аларга жакын, Байбагыш (Байбагас) ханга тиешелүү хошуттар Нарынколду (Алтай) ээлеп турушкан. Убашы 1590-жылдары енисейлик кыргыздарга каршы бир нече жолу ийгиликтүү жүрүш жасап, 1604-жылдары урянхайлыктарды (моңг., урианхай) баш ийдирген.
1609-жылы ойротторго кол салып, бирок Каракулдун колунан жеңилип кайткан. 1614–1615-жылдары Убашы 80 миң жоокер менен Каракул жана Байбагышка каршы аттанып чыгып, бир нече жолу жеңип алган. 1620-жылы ал кайрадан чабуул кылып, бул жолу Кара Иртышты ээлеп алууга жетишкен. 1623-жылы Каракул Байбагыш менен бирге 36 миң кол жыйнап, Убашыга каршы жүрүш уюштурган, бирок бул жолу да ойроттор толук жеңилип калган. Найтыйжада Тарбагатай тоолруна чейинки аймактар Алтан хандын ээлигине өткөн. 1627-жылы Каракул башындагы ойроттор менен согушта Шолой Убашы өлүп, моңголдор жеңилгенден кийин жаңы, күчтүү хандыктын түзүлүшүнө жол салынган. Убашынын ордуна отурган анын уулу Омбо-Эрдене (1627–1657) атасынын кегин кууп, 1628–1629-жылдары ойротторго көптөгөн чабуул уюштурган. Ушундай жүрүштөр жана ойротторду бир бийликке биирктирүүгө жасалган аракеттердин натыйжасында Хо-Өрүлүктүн кол алдындагы тыргооттор менен дөрбөттөрдүн көбү журт которуп, Жайык (азыркы Урал), Волга даярыяларынын жээгине көчүп кетүүгө мажбур болушкан (кара: Калмакстан; калмактар).
1634-жылы Каракул өлүп, анын ордун уулу Куту-Көчүн баатыр (калмакча Хуту-Хоцин-Батур) ээлеп (кара: Эрдене баатыр коңтаажы), жаңы хандык негизделет. Тарыхый маалыматтарга караганда ойроттор 1626–27, 1643-, 1653-, 1658-, 1681–84-, 1711–12-, 1714-, 1717-, 1723-, 1725-, 1739–41-, 1745–48-жылдары кыргыздарга каршы жүрүшкө чыгып турушкан. Махмуд ибн Вали 1635-жылы 11-декабрдан 1636-жылдын 9-январына чейин 12 000 түтүн кыргыздын Каратегин, Ысарга (Гиссар) сүрүлгөнүн эскерген. В. В. Бартольддун пикиринде кыргыз элинде тарыхый уламыштар өтө көп сакталып калганын, бирок булардын негизги бөлүгү алиге чейин өздөрү унута элек жалгыз эл – калмактарга бекем байланышкан. 1637-жылы Куту-Көчүн Тибеттеги 5-Далай ламанын колунан коңтаажы (хунтайчжи, контайша, контайчи; калмакча хун тәәҗ) деген титул алып, анын менен кошо Эрдене (асыл же кымбат нерсе) жаңы ысымга ээ болгон. 1643-жылы ал хошут Очирту жана Байбагыштын уулу Абылайлар менен 50 миң кол алып, Токмокко чейин келип, бирок кыргыз-казактардан бириккен колунан жеңилип кайра кайткан. 1658-жылы Чечен (Цецен) хандын уулу Галдама (санжыраларда Калдама) Илени кыштап, Талас суусунун жээгинен ферганалык Абдышүкүрдүн колун жеңип алган. 17-кылымдын орто ченине карай алардын түштүк-батышындагы коңшусу Моголстанда саясий бытырандылык башталып, майда хандыктар менен султандыктардын түзүлүшү, чыгышында жайгашкан Халха хандыгынын алсырашы, түштүк жагындагы күчтүү хандык – Чахар хандыгынын жоюлушу ойроттордун күчтөнүшүнө алып келген. 1640-жылы ойрот конфедерациясына кирген уруулар Тарбагатайда курултай өткөрүп, жаңы мамлекеттин негизин түзгөн «Жалпы моңгол-ойрот мыйзамын» («Цааджин бичиг») кабыл алган. Хандык бийлик чексиз болуп, атадан балага мурас катары калган. Куту-Көчүн өлгөндөн кийин (1653) артында он бала калып, ордуна бешинчи уулу Сеңге (1653–1671) отурган. Алар эки жаатка бөлүнүп, Байбагыш хандын уулу Аблай-тайшылар «Оң жак хандыкты» («Баруң кар»; калмак тилинде «баруң» – оң, «кар» – кол, каруу) түзүшкөн. Ага жооп кылган Сеңге тарабындагылар же «Сол жак хандык» («Жуңгария»; калмакча зүң һар, зүүн гар, – «зуң» – сол, ошол кездеги орус документтери боюнча «зюнгарлар», «Зюнгария») деген атка ээ болгон. Жуңгар хандыгы күчтөнө баштаганда, Жолой-Уубашы түзгөн Алтан-хан мамлекети жоюлган (1667). Сеңге бир туугандары Баатыр, Чечен тайшылар колдуу болуп өлгөндө, анын ордун башка бир тууганы Галдан Бошокту (1671–1697) алат. 1680–1683-жылдары Бошокту Алтышаарды каратып, Жаркент хандыгынын тагына Аппак кожону отургузуп, анын уулу Жаханга (Йахийа) Кашкарды берген. Ушул учурдан баштап Чыгыш Түркстан Жуңгар хандыгына көз каранды болуп, жылына 100 000 теңге салык төлөп туруу милдети тагылган. Галдан Бошоктунун тушунда жуңгарлар кыргыздарга, андан ары Сайрамдан Ферганага чейин бир нече жолу чоӊ жүрүш жасаган. Кыргыздардын акыркы жолу Ысар (Гиссар), Гөлөп (Куляб), Анжиянга сүрүлүшү ушул учурларга туш келет. Араптандын (Цеван-Раптан) мезгилинде (1697–1727) Жуңгар хандыгы аябай өнүккөн. Далай-ламанын колунан ал «Эрдене-Жүрөктүү-Баатыр коңтаажы» (Эрдени-Журюкту-Батыр-контайши) деген наам алган. Андан кийин Жуңгар хандыгына Галдан Цэрен (кара: Калдаң Серен, 1727–1745) ээ болуп, анын аскери Кетмен-Төбөдөгү кыргыздарга жүрүш жасап (1732), «анжияндык» кыргыздарды убактылуу багындырган жана Ташкент шаарын басып караткан (1734). Улуу уулу Олоң (Лама) Доржу жана Сейтен нойондун колу Наманган, Кайнар, Коконду курчоого алып, Ташкент шаарын кайрадан караткан (1742–45). 1741-жылы Септен нойон жетектеген жуңгарлардын 30-35 миң колу Ишим, Тобол жана Ыргыз сууларынын айланасында казактарды катуу чаап, казактын уруу башчыларын аманатка алган. Алардын ичинде Абулмамбет-хан, Барак жана Батыр султандардын бала-бакыра, жек-жааттарынан 200 киши, ошондой эле Абылай султан да болуп, ал 1743-ж. жазга чейин Галдан Церендин өз үйүндө жүргөн. Цеван-Доржи Намжил Ажа-хан (1745–1750), Лама Доржи (1750–1753), Дабачы (1753–1755) жана Араптандын жээни Амирсан (Амурсан, 1755–1757) башкарган. Галдан Цэрен өлгөндөн кийин негизинен кыргыз, казактардын, өзгөчө Цин империясынын кийлигишүүсүнөн улам жана ич ара карама-каршылыктардын күчөшү, саясий-экономикалык кризистер Жуңгар хандыгын алсыроого алып келген. 1758-жылы Жуңгар хандыгы күч менен Цин империясынын курамына киргизилген.
Ад: Позднеев А. М. К истории зюнгорских калмыков. СПб., 1887; Златкин И. Я. История Джунгарского ханства. М.,1983; Моисеев В. А. Джунгарское ханство и казахи (17-18 вв.). А.-А.,1991; Сапаралиев Д. Взаимоотношения кыргызского народа с русскими и соседними народами в XVIII веке. Б., 1995; Бартольд В. В. Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана. Б., 1996; Аристов Н. А. Усуни и кыргызы или кара-кыргызы: очерки истории и быта населения Западного Тянь-Шаня и исследования по его исторической географии. Б., 2001.
Э. Турганбаев.