ИБРАЕВ Анарбек: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>ИБРАЕВ</b> Анарбек (4. 4. 1951-жылы туулган‚ Ысык-Көл облусу‚ Ак-Суу району‚ Тепке айылы) – ырчы, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1999). Кыргыз мамлекеттик филармония&shy;сынын алдындагы эки жыл&shy;дык студияны (1969)‚ Б. Бей&shy;шеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун (1979) бүтүргөн. Чыгармачылыгы 1969-жылдан башталган. Адегенде Ч. Кожомжаров жетектеген туңгуч кыргыз эстрада ансамблин&shy;де‚ 1981-жылдан К. Орозов атындагы Кыргыз эл ас&shy;паптар оркестринде‚ бир эле мезгилде А. Малды&shy;баев атындагы
<b type='title'>ИБРАЕВ</b> '''Анарбек''' (4. 4. 1951-жылы туулган‚ Ысык-Көл облусу‚ Ак-Суу району‚ Тепке айылы) – ырчы, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1999). Кыргыз мамлекеттик филармония&shy;сынын алдындагы эки жыл&shy;дык студияны (1969)‚ Б. Бей&shy;шеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун (1979) бүтүргөн. Чыгармачылыгы 1969-жылдан башталган. Адегенде Ч. Кожомжаров жетектеген туңгуч кыргыз эстрада ансамблин&shy;де‚ 1981-жылдан К. Орозов атындагы Кыргыз эл ас&shy;паптар оркестринде‚ бир эле мезгилде А. Малды&shy;баев атындагы


[[File:ИБРАЕВ 145.png | thumb | none|381x381px]]
[[File:ИБРАЕВ 145.png | thumb | none|381x381px]]

03:30, 12 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы

ИБРАЕВ Анарбек (4. 4. 1951-жылы туулган‚ Ысык-Көл облусу‚ Ак-Суу району‚ Тепке айылы) – ырчы, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1999). Кыргыз мамлекеттик филармония­сынын алдындагы эки жыл­дык студияны (1969)‚ Б. Бей­шеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун (1979) бүтүргөн. Чыгармачылыгы 1969-жылдан башталган. Адегенде Ч. Кожомжаров жетектеген туңгуч кыргыз эстрада ансамблин­де‚ 1981-жылдан К. Орозов атындагы Кыргыз эл ас­паптар оркестринде‚ бир эле мезгилде А. Малды­баев атындагы

А. Моцарттын «Сыйкырдуу чоор» операсында А. Иб­раев – канзаада Тамино. 1998.

Кыргыз мамлекеттик опера жана балет теат­рында (1992-жылдан) солист. М. Рыскулбеков («Эжелерим‚ агайым»)‚ C. Жумалиев («Таң сы­ры»‚ «Үзүлбөгөн үмүттөр»‚ «Cары-Челек»)‚ Ж. Ше­ралиев («Кыргыз жайлоосу»‚ «Эстей берем»)‚ А. Керимбаев («Көл баяны»)‚ C. Бактыгулов («Ырымды сага арнаймын»)‚ Ш. Дүйшөналиев («Кумаркөз») жана башка обончулардын ырларын че­бер аткарат. Операда ырдаган партиялары: Сыр­гак, Күлчоро, (А.Малдыбаев, В. Власов, В. Фере, «Манас», «Айчүрөк»), Болот (Ж. Каниметов, «Ак Мөөр»), Ленский (П. Чайковский, «Евгений Оне­гин»), Альмавива (Ж. Россини, «Севильялык чач тарач»), канзаада Тамино (А. Моцарт, «Сыйкырдуу чоор») жана башкалар. Италия‚ Франция‚ Тунис‚ Румыния‚ Түркия жана башка өлкөлөрдө гастролдо болгон.