КАЛДЫКСЫЗ ТЕХНОЛОГИЯ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАЛДЫКСЫЗ ТЕХНОЛО́ГИЯ</b> – өндүрүш таш­тандыларын иштетип, керектүү затты же анын бөлүктөрүн өндүрүүнү камсыз кылган | <b type='title'>КАЛДЫКСЫЗ ТЕХНОЛО́ГИЯ</b> – өндүрүш таш­тандыларын иштетип, керектүү затты же анын бөлүктөрүн өндүрүүнү камсыз кылган технологиялык процесс. Ал элдин керектөөсүн канааттандыруу үчүн табият ресурстары м-н энергияны өтө үнөмдүү, сарамжалдуу пайдаланууну, ошондой эле ай­лана-чөйрөнү коргоону камсыз кылуучу билим­ди, ыкмаларды ж-а каражаттарды талап кы­лат. Бул болсо таштандыны аз өлчөмдө же та­кыр чыгарбаган зат м-н камсыз кылуучу жал­пы эле өнөр жай ж-а айыл чарба өндүрүшүнүн экологиялык страте­гиясы болуп саналат. Өнөр жай экологиясына су­нуш кылынган бул үлгү табият экосистемасын элестетиши керек. Бул идея япон экологдору тарабынан экосистемалардын туюк циклдүү өнүгүү этаптарын чагылдырган оригиналдуу схе­ма түрүндө көрсөтүлгөн. Калдыксыз технология төмөнкүлөрдү кам­сыз кылуусу зарыл: сырьёну, энергияны үнөмдөө ж-а айлана-чөйрөнү булгоо деңгээлин төмөндөтүү үчүн пайдаланылган материалдык ресурстарды кайра иштетүү ж. б. | ||
үчүн табият ресурстары м-н энергияны өтө | |||
үнөмдүү, сарамжалдуу пайдаланууну, | |||
өнүгүү этаптарын чагылдырган оригиналдуу схе­ма түрүндө көрсөтүлгөн. | |||
үчүн пайдаланылган материалдык ресурстарды | |||
кайра иштетүү ж. б. | |||
[[Категория:3-том, 673-784 бб]] | [[Категория:3-том, 673-784 бб]] | ||
07:37, 10 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
КАЛДЫКСЫЗ ТЕХНОЛО́ГИЯ – өндүрүш таштандыларын иштетип, керектүү затты же анын бөлүктөрүн өндүрүүнү камсыз кылган технологиялык процесс. Ал элдин керектөөсүн канааттандыруу үчүн табият ресурстары м-н энергияны өтө үнөмдүү, сарамжалдуу пайдаланууну, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоону камсыз кылуучу билимди, ыкмаларды ж-а каражаттарды талап кылат. Бул болсо таштандыны аз өлчөмдө же такыр чыгарбаган зат м-н камсыз кылуучу жалпы эле өнөр жай ж-а айыл чарба өндүрүшүнүн экологиялык стратегиясы болуп саналат. Өнөр жай экологиясына сунуш кылынган бул үлгү табият экосистемасын элестетиши керек. Бул идея япон экологдору тарабынан экосистемалардын туюк циклдүү өнүгүү этаптарын чагылдырган оригиналдуу схема түрүндө көрсөтүлгөн. Калдыксыз технология төмөнкүлөрдү камсыз кылуусу зарыл: сырьёну, энергияны үнөмдөө ж-а айлана-чөйрөнү булгоо деңгээлин төмөндөтүү үчүн пайдаланылган материалдык ресурстарды кайра иштетүү ж. б.