КАЗ ТАМАНДАР: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАЗ ТАМАНДАР</b> (Geraniaceae) – эки үлүштүү | <b type='title'>КАЗ ТАМАНДАР</b> (Geraniaceae) – эки үлүштүү өсүмдүктөр тукуму. Бир же көп жылдык чөп, | ||
өсүмдүктөр тукуму. Бир же көп жылдык чөп, | |||
[[File:КАЗ ТАМАНДАР99.png | thumb | none]] | [[File:КАЗ ТАМАНДАР99.png | thumb | none]] | ||
чанда чала бадал же майда, калың жалбырактуу ба­дал. Көбүнчө ме­лүүн | чанда чала бадал же майда, калың жалбырактуу ба­дал. Көбүнчө ме­лүүн алкактарда таралган. Б и р жылдыктарынын ичке өзөк тамыры болот . Талаада, чөлдө өскөн көп жылдыктарынын түймөк тамырын­да азык зат сак­талат. Токойдо, шалбаада өскөндөрүнүн тамыр-сабагы жакшы өөрчүгөн, кошумча тамырлары бар. Сабагы тик өсөт, жалбырагы жөнөкөй же татаал, сабакка кезектешип же тушташ жайгашат. Гүлү кооз, кызыл же кы­згылт көк, эки жыныстуу, 5 мүчөлүү. Мөмөсү – урукча. 10дой урууну, 800гө жакын түрдү кам­тыйт. Эң чоң уруусу – каз таман (400 түрү бар), пеларгония (250 түр) ж. б. Алар Жер ортолук деңиз жээгинде, Крым, Кавказ, Европа, Афри­ка ж-а Борбордук Азияда таралган. Кыргызстанда каз таман, пеларгония ж. б. урууларынын 19 түрү өсөт. Кызгылтым пеларгония эфир майын алуу үчүн өстүрүлөт. Каз тамандын жалбырагынан, гүлүнөн алынган май парфюмерия, самын, тамак-аш өнөр жайында кымбат баалуу роза майынын ордуна пай­даланылат. Пеларгониянын бир нече түрү үйдө ж-а гүльзарларда кооздук үчүн өстүрүлөт. | ||
чөлдө өскөн көп | |||
жылдыктарынын түймөк тамырын­да азык зат сак­талат. Токойдо, шалбаада | |||
өсөт. Кызгылтым пеларгония эфир майын алуу | |||
үчүн өстүрүлөт. | |||
[[Категория:3-том, 673-784 бб]] | [[Категория:3-том, 673-784 бб]] | ||
10:57, 25 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАЗ ТАМАНДАР (Geraniaceae) – эки үлүштүү өсүмдүктөр тукуму. Бир же көп жылдык чөп,

чанда чала бадал же майда, калың жалбырактуу бадал. Көбүнчө мелүүн алкактарда таралган. Б и р жылдыктарынын ичке өзөк тамыры болот . Талаада, чөлдө өскөн көп жылдыктарынын түймөк тамырында азык зат сакталат. Токойдо, шалбаада өскөндөрүнүн тамыр-сабагы жакшы өөрчүгөн, кошумча тамырлары бар. Сабагы тик өсөт, жалбырагы жөнөкөй же татаал, сабакка кезектешип же тушташ жайгашат. Гүлү кооз, кызыл же кызгылт көк, эки жыныстуу, 5 мүчөлүү. Мөмөсү – урукча. 10дой урууну, 800гө жакын түрдү камтыйт. Эң чоң уруусу – каз таман (400 түрү бар), пеларгония (250 түр) ж. б. Алар Жер ортолук деңиз жээгинде, Крым, Кавказ, Европа, Африка ж-а Борбордук Азияда таралган. Кыргызстанда каз таман, пеларгония ж. б. урууларынын 19 түрү өсөт. Кызгылтым пеларгония эфир майын алуу үчүн өстүрүлөт. Каз тамандын жалбырагынан, гүлүнөн алынган май парфюмерия, самын, тамак-аш өнөр жайында кымбат баалуу роза майынын ордуна пайдаланылат. Пеларгониянын бир нече түрү үйдө ж-а гүльзарларда кооздук үчүн өстүрүлөт.