КАЗАК САРЫ-АРКАСЫ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАЗАК САРЫ-АРКАСЫ</b> , Б о р б о р д у к К а­з а к с т а н С а р ы - А р к а с ы, С а р ы -А р­к а – Казакстандын | <b type='title'>КАЗАК САРЫ-АРКАСЫ</b> , Б о р б о р д у к К а­з а к с т а н С а р ы - А р к а с ы, С а р ы -А р­к а – Казакстандын борбордук ж-а чыгыш бөлүк­төрүндөгү түздүк-дөңсөөлүү зор аймак; айрым жерлеринде жапыз тоо массивдери, кырка тоо­лор бар. Торгой коосу м-н Алтай тоолорунун аралыгында. Мелүүн алкактын талаа ж-а жа­рым чөл зоналарында жайгашкан. Узундугу 1200 <i>км</i>, туурасы 400–900 <i>км</i>. Батыш бөлүгү – өтө түзөң­дөлгөн пенеплен, деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 300– | ||
[[File:КАЗАК САРЫ-АРКАСЫ79.png | thumb | | [[File:КАЗАК САРЫ-АРКАСЫ79.png | thumb | | ||
Сары-Арка | Сары-Арка түндүк-чыгышындагы Эрмен-Тоо.]] | ||
500 <i>м</i>. Мында эки жапыз тоо массиви – батыш жагында Улуу-Тоо ( | 500 <i>м</i>. Мында эки жапыз тоо массиви – батыш жагында Улуу-Тоо (бийиктиги 1113 <i>м</i>), түндүгүндө Көкчө-Тоо (Синюха тоосу, 947 <i>м</i>) көтөрүлүп жатат. Сары-Арканын чыгыш бөлүгү көтөрүңкү келип (500–1000 <i>м</i>), кокту-колоттуу. Анын борборунда Каркаралы тоосу (1403 <i>м</i>), чыгы­шында Чыңгыз-Тоо (1469 <i>м</i>) ж-а Сары-Арканын эң бийик тоосу – Кызыл-Тас (Аксоран массиви, 1565 <i>м</i>) орун алган. Салыштырмалуу бийиктиги 500–600 <i>м</i>ден ашпаган жапыз тоо массивдери дөбө-дөңсөөлүү ж-а жалдуу (салыштырмалуу бийиктиги 10–50 <i>м</i>ден 100 <i>м</i>ге чейин) күдүрлүү түздүктөр – сары-аркалар м-н курчалган. Казак Сары-Аркасы геологиялык жактан Урал-Моңгол геосинклиналь ал­кагына кирет. Ал палеозойдун дисклокацияла­нып метаморфизмделген сланец, кварцит, кум­дук ж-а акиташ тектеринен түзүлгөн. Алар ме­зозой-кайнозойдун чөкмөлөрү м-н жабылып жа­тат. Көп бөлүгүн интрузия (гранит, диорит, пор­фирит) ж-а эффузия (туф) тоо тектери ээлейт. Батыш бөлүгү каледон, чыгышы герцин бүктөлүү структураларына кирет.<br>Климаты континенттик, түштүктү карай кес­кин кургакчыл боло баштайт. Январдын орточо температурасы –14°С…–18°С, июлдуку 20–24°С. Кы­шында –40°Сге чейин суук, жайында 35°С ж-а андан ысык болот. Жылдык жаан-чачыны 200– 300 <i>мм</i>. Жайында кургакчылык, чаңдуу бороон ж-а керимсел болуп турат. Казак Сары-Аркасы Иртыш дарыясынын алабы м-н Борбордук Азия ички агымынын суу бөлгүчү болуп саналат. Ири дарыялары: Ишим (Иртыштын алабы), Нура, Сары-Суу. Көлдөрү көп, эң ирилери – Тенгиз (тайыз, би­рок туздуу көл) ж-а Кургалжын. Түндүк бөлүгүндө бетеге, ак кылкандуу талаа, түштүгүндө жарым чөл өсүмдүктөрү өсөт. Бул аймакта таш көмүр (Караганды, Экибастуз бассейндери), темир (Ата­суу), жез (Жезказган, Коңурата), марганец ру­далары, алтын, сейрек кездешүүчү металлдар ж. б. бар. Дөңсөө негизинен жайыт катары пай­даланылат; айрым жерлери айдалат. | ||
Климаты континенттик, түштүктү карай кес­кин кургакчыл боло баштайт. Январдын | |||
чөл өсүмдүктөрү өсөт. Бул аймакта таш көмүр (Караганды, Экибастуз бассейндери), темир (Ата­суу), жез (Жезказган, Коңурата), марганец ру­далары, алтын, сейрек кездешүүчү металлдар ж. б. бар. Дөңсөө негизинен жайыт катары пай­даланылат; айрым жерлери айдалат. | |||
Ад.: <i>Сваричевская З. А.</i> Геология Казахстана и | Ад.: <i>Сваричевская З. А.</i> Геология Казахстана и Средней Азии. Л., 1965; <i>Гвоздецкий Н. А., Николаев В. А.</i> Казахстан. М., 1971. | ||
Средней Азии. Л., 1965; <i>Гвоздецкий Н. А., Николаев В. А.</i> Казахстан. М., 1971. | |||
[[Категория:3-том, 673-784 бб]] | [[Категория:3-том, 673-784 бб]] | ||
03:32, 3 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
КАЗАК САРЫ-АРКАСЫ , Б о р б о р д у к К аз а к с т а н С а р ы - А р к а с ы, С а р ы -А рк а – Казакстандын борбордук ж-а чыгыш бөлүктөрүндөгү түздүк-дөңсөөлүү зор аймак; айрым жерлеринде жапыз тоо массивдери, кырка тоолор бар. Торгой коосу м-н Алтай тоолорунун аралыгында. Мелүүн алкактын талаа ж-а жарым чөл зоналарында жайгашкан. Узундугу 1200 км, туурасы 400–900 км. Батыш бөлүгү – өтө түзөңдөлгөн пенеплен, деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 300–

500 м. Мында эки жапыз тоо массиви – батыш жагында Улуу-Тоо (бийиктиги 1113 м), түндүгүндө Көкчө-Тоо (Синюха тоосу, 947 м) көтөрүлүп жатат. Сары-Арканын чыгыш бөлүгү көтөрүңкү келип (500–1000 м), кокту-колоттуу. Анын борборунда Каркаралы тоосу (1403 м), чыгышында Чыңгыз-Тоо (1469 м) ж-а Сары-Арканын эң бийик тоосу – Кызыл-Тас (Аксоран массиви, 1565 м) орун алган. Салыштырмалуу бийиктиги 500–600 мден ашпаган жапыз тоо массивдери дөбө-дөңсөөлүү ж-а жалдуу (салыштырмалуу бийиктиги 10–50 мден 100 мге чейин) күдүрлүү түздүктөр – сары-аркалар м-н курчалган. Казак Сары-Аркасы геологиялык жактан Урал-Моңгол геосинклиналь алкагына кирет. Ал палеозойдун дисклокацияланып метаморфизмделген сланец, кварцит, кумдук ж-а акиташ тектеринен түзүлгөн. Алар мезозой-кайнозойдун чөкмөлөрү м-н жабылып жатат. Көп бөлүгүн интрузия (гранит, диорит, порфирит) ж-а эффузия (туф) тоо тектери ээлейт. Батыш бөлүгү каледон, чыгышы герцин бүктөлүү структураларына кирет.
Климаты континенттик, түштүктү карай кескин кургакчыл боло баштайт. Январдын орточо температурасы –14°С…–18°С, июлдуку 20–24°С. Кышында –40°Сге чейин суук, жайында 35°С ж-а андан ысык болот. Жылдык жаан-чачыны 200– 300 мм. Жайында кургакчылык, чаңдуу бороон ж-а керимсел болуп турат. Казак Сары-Аркасы Иртыш дарыясынын алабы м-н Борбордук Азия ички агымынын суу бөлгүчү болуп саналат. Ири дарыялары: Ишим (Иртыштын алабы), Нура, Сары-Суу. Көлдөрү көп, эң ирилери – Тенгиз (тайыз, бирок туздуу көл) ж-а Кургалжын. Түндүк бөлүгүндө бетеге, ак кылкандуу талаа, түштүгүндө жарым чөл өсүмдүктөрү өсөт. Бул аймакта таш көмүр (Караганды, Экибастуз бассейндери), темир (Атасуу), жез (Жезказган, Коңурата), марганец рудалары, алтын, сейрек кездешүүчү металлдар ж. б. бар. Дөңсөө негизинен жайыт катары пайдаланылат; айрым жерлери айдалат.
Ад.: Сваричевская З. А. Геология Казахстана и Средней Азии. Л., 1965; Гвоздецкий Н. А., Николаев В. А. Казахстан. М., 1971.