«КАБАР» УЛУТТУК МААЛЫМАТ АГЕНТТИГИ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>«КАБАР» УЛУТТУК МААЛЫМАТ АГЕНТТИГИ</b> – КРдин | <b type='title'>«КАБАР» УЛУТТУК МААЛЫМАТ АГЕНТТИГИ</b> – КРдин мамлекеттик маалымат органы. КП(б) Кыр­гыз обкомунун 1937-жылдын 17-январындагы токтомуна ылайык Кыргыз ССР ЭКС ошол эле жылдын 28-январында «ТАССтын Кыргыз те­леграф агентствосун уюштуруу жөнүндө» чечим кабыл алган. Кыргыз телеграф агенттиги өз ишинде ТАССка тиешелүү негизги милдеттерди жетекчиликке алган. Республиканын саясий, экономикалык ж-а маданий турмушун, коомдук уюмдардын че­чимдерин, иш-аракеттерин, эл чарба пландары­нын аткарылышын, илим-техниканын өнүгү­шүн, маданият жаңылыктарын, ошондой эле Совет мам­лекетинин ички ж-а тышкы саясатын ж. б. окуя­ларды кабарлап турган. Бюллетень, маалымат, фотосүрөттөрдү жыйноо ж-а таратуу максатын­да өзүнүн байланыш каражаттары м-н жабдуу­ларын, ошондой эле Кыргыз ССР байланыш министр­лигинин радио, телетайп, факс каналдарын пайдаланган. 115 өлкөнүн миңден ашуун агенттиктери, маалымат министрликтери, басма сөз, телекөрсөтүү ж-а радиоуктуруу компаниялары КырТАГдын абоненттери болгон. Жылына 800 басма табактан ашуун республикалык ж-а чет өлкөлүк маалыматтар кыргыз тилине которулуп турган­дыктан, агенттик республикадагы котормо ишинин да борборуна айланган. 1992-жылы КР Өкмөтүнүн токтому м-н Кыргыз Телеграф агенттиги мамлекеттик «Кыргызкабар» маалымат агенттиги болуп кай­радан түзүлгөн. 1995-жылы улуттук «Кабар» маа­лымат агенттиги аталган. Иш-аракеттерине олуттуу өзгөртүүлөр киргизилген. Эл аралык маалыматка өз алдынча чыгууга, чет өлкөлөр м-н байланыштарды күчөтүүгө мүмкүнчүлүк бе­рилген. Мекеменин материалдык-техникалык базасын чыңдоого 1996-жылы ЮНЕСКОнун көрсөткөн техникалык жардамынын натыйжасында Кыргызстанда бирин­чи болуп Интернет тармагын өрчүтүүгө көңүл бурулуп, биринчилерден болуп интернетке опе­ративдүү маалыматты кыргыз тилинде чыгар­ган. 1999-жылы Ош шаарында филиалы ачылып, өлкө­нүн түштүгүнөн маалымат алып туруу мүмкүнчү­лүгүнө ээ болгон. Маалымат талдоо бөлүмү ма­териалдарды иргеп, Интернетке чыгарып, экономикалык, саясий кабарларды, чет өлкөлүк жаңылыктар­ды, ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү окуялар­дын күндөлүк баяндамаларын жарыялайт. Маа­лыматтар күн сайын кыргыз, орус, түрк, анг­лис тилдеринде чыгарылат. «Кабар» агенттиги­нин архивинде 50 миңден ашык сүрөт (негатив­дер) сакталып турат. 1997-жылдан британия­лык «Рейтер» маалымат агенттиги «Кабар» агент­тиги м-н кызматташып, спутник байланышы аркылуу күн сайын 200дөн ашык фотосүрөт ж-а тексттик маалымат берип турат. 1998-жыл­дан Кытайдын «Синьхуа» маалымат агенттиги англис, орус ж-а кытай тилдериндеги 300дөн ашуун тексттик маалымат м-н камсыз кылат. Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандын мамлекеттик агентчиликтери м-н да туруктуу өз ара маалымат алмашуу жүргүзөт. «Кабар» агентти­ги Ислам мамлекеттеринин экономикалык кызматташ­тык агенттиктери уюмунун, Тынч Океан регио­нунун ж-а Азия өлкөлөрүнүн улуттук агенттик­тери уюмунун мүчөсү. Жетекчилери: М. В. Мо­розов (1937–42), Н. В. Казанский (1942–49), Е. С. Янчик (1949–52), И. Е. Смирнов (1952–58), А. Ю. Сопиев (1958–72), Т. Иманалиев (1972– 86), С. Усупов (1986–92), А. Рыскулов (1992–95), А. Романов (1995–98), К. А. Таабалдиев (1998– 2007), Н. Момунов (2006–08), Н. А. Идинов (2008–10), Ж. Ш. Турдукожоев (2010-жылдан).<p align='right'><i type='author'>Ж. Тынаев.</i></p> | ||
«Кыргызкабар» маалымат агенттиги болуп кай­радан түзүлгөн. 1995- | |||
чыңдоого 1996- | |||
А. Ю. Сопиев (1958–72), Т. Иманалиев (1972– 86), С. Усупов (1986–92), А. Рыскулов ( | |||
<p align='right'><i type='author'>Ж. Тынаев.</i></p> | |||
[[Категория:3-том, 673-784 бб]] | [[Категория:3-том, 673-784 бб]] | ||
07:43, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
«КАБАР» УЛУТТУК МААЛЫМАТ АГЕНТТИГИ – КРдин мамлекеттик маалымат органы. КП(б) Кыргыз обкомунун 1937-жылдын 17-январындагы токтомуна ылайык Кыргыз ССР ЭКС ошол эле жылдын 28-январында «ТАССтын Кыргыз телеграф агентствосун уюштуруу жөнүндө» чечим кабыл алган. Кыргыз телеграф агенттиги өз ишинде ТАССка тиешелүү негизги милдеттерди жетекчиликке алган. Республиканын саясий, экономикалык ж-а маданий турмушун, коомдук уюмдардын чечимдерин, иш-аракеттерин, эл чарба пландарынын аткарылышын, илим-техниканын өнүгүшүн, маданият жаңылыктарын, ошондой эле Совет мамлекетинин ички ж-а тышкы саясатын ж. б. окуяларды кабарлап турган. Бюллетень, маалымат, фотосүрөттөрдү жыйноо ж-а таратуу максатында өзүнүн байланыш каражаттары м-н жабдууларын, ошондой эле Кыргыз ССР байланыш министрлигинин радио, телетайп, факс каналдарын пайдаланган. 115 өлкөнүн миңден ашуун агенттиктери, маалымат министрликтери, басма сөз, телекөрсөтүү ж-а радиоуктуруу компаниялары КырТАГдын абоненттери болгон. Жылына 800 басма табактан ашуун республикалык ж-а чет өлкөлүк маалыматтар кыргыз тилине которулуп тургандыктан, агенттик республикадагы котормо ишинин да борборуна айланган. 1992-жылы КР Өкмөтүнүн токтому м-н Кыргыз Телеграф агенттиги мамлекеттик «Кыргызкабар» маалымат агенттиги болуп кайрадан түзүлгөн. 1995-жылы улуттук «Кабар» маалымат агенттиги аталган. Иш-аракеттерине олуттуу өзгөртүүлөр киргизилген. Эл аралык маалыматка өз алдынча чыгууга, чет өлкөлөр м-н байланыштарды күчөтүүгө мүмкүнчүлүк берилген. Мекеменин материалдык-техникалык базасын чыңдоого 1996-жылы ЮНЕСКОнун көрсөткөн техникалык жардамынын натыйжасында Кыргызстанда биринчи болуп Интернет тармагын өрчүтүүгө көңүл бурулуп, биринчилерден болуп интернетке оперативдүү маалыматты кыргыз тилинде чыгарган. 1999-жылы Ош шаарында филиалы ачылып, өлкөнүн түштүгүнөн маалымат алып туруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Маалымат талдоо бөлүмү материалдарды иргеп, Интернетке чыгарып, экономикалык, саясий кабарларды, чет өлкөлүк жаңылыктарды, ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү окуялардын күндөлүк баяндамаларын жарыялайт. Маалыматтар күн сайын кыргыз, орус, түрк, англис тилдеринде чыгарылат. «Кабар» агенттигинин архивинде 50 миңден ашык сүрөт (негативдер) сакталып турат. 1997-жылдан британиялык «Рейтер» маалымат агенттиги «Кабар» агенттиги м-н кызматташып, спутник байланышы аркылуу күн сайын 200дөн ашык фотосүрөт ж-а тексттик маалымат берип турат. 1998-жылдан Кытайдын «Синьхуа» маалымат агенттиги англис, орус ж-а кытай тилдериндеги 300дөн ашуун тексттик маалымат м-н камсыз кылат. Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандын мамлекеттик агентчиликтери м-н да туруктуу өз ара маалымат алмашуу жүргүзөт. «Кабар» агенттиги Ислам мамлекеттеринин экономикалык кызматташтык агенттиктери уюмунун, Тынч Океан регионунун ж-а Азия өлкөлөрүнүн улуттук агенттиктери уюмунун мүчөсү. Жетекчилери: М. В. Морозов (1937–42), Н. В. Казанский (1942–49), Е. С. Янчик (1949–52), И. Е. Смирнов (1952–58), А. Ю. Сопиев (1958–72), Т. Иманалиев (1972– 86), С. Усупов (1986–92), А. Рыскулов (1992–95), А. Романов (1995–98), К. А. Таабалдиев (1998– 2007), Н. Момунов (2006–08), Н. А. Идинов (2008–10), Ж. Ш. Турдукожоев (2010-жылдан).
Ж. Тынаев.