ИЧЕГИ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИЧЕГИ</b> – көпчүлүк жаныбарлардын оозунан арткы тешигине чейин созулган тамак сиңирүүчү түтүгү; тамак сиңирүү системасынын карындан кийинки бөлүгү. Жаныбарлардын түйүлдүгүнүн | <b type='title'>ИЧЕГИ</b> – көпчүлүк жаныбарлардын оозунан арткы тешигине чейин созулган тамак сиңирүүчү түтүгү; тамак сиңирүү системасынын карындан кийинки бөлүгү. Жаныбарлардын түйүлдүгүнүн өсүү процессинде ичеги тышкы чөйрө м-н алгачкы оозу (бластопор) аркылуу байланышкан, баш­тыктай гаструла стадиясында пайда болгон. Омурткасыздардын көбүндө (алгачкы ооздуулар­да) бластопор оозго айланган. Ичеги көңдөй­лүүлөр м-н жалпак курттарда алдыңкы ичеги ­кулкун, жумуру курттар ж-а омурткасыз жа­ныбарларда арткы ичеги өсүп чыккан. Омурт­калуу жаныбарларда тамак сиңирүү түтүгү бир нече бөлүктөн турат. Кургакта жашоочу омурт­калууларда ичке ичеги – он эки эли ичеги м-н башталып, ага тамак сиңирүүчү 2 чоң безден – боор ж-а уйку безден жол ачылат. Көпчүлүк ба­лыктарда, жерде-сууда жашоочуларда, сойлоо­чуларда ичке ж-а жоон ичеги өтө кыска болот. Сүт эмүүчүлөрдө ичеги узун болуп, даана бөлүктөргө (ичке ичеги ж-а жоон ичеги) бөлүнөт. Жоон ичеги чөп жечүлөрдө узун болуп, түз иченги м-н бүтөт. Ичегинин капталы көбүнчө жылма булчуңдан ту­руп, симпат нерв системасы ж-а жүлүндүн сез­гич нервдери м-н тейленет. Ичегинин былжыр че­линде зил бөлүп чыгаруучу көп сандаган майда бездер болот. | ||
өсүү процессинде | |||
эмүүчүлөрдө | Адамдын ичегиси карындан арткы тешикке чейин созулуп, ичке ж-а жоон ичегиден турат. Ичке ичеги ич көңдөйүнүн ортосунда жай­гашкан, узундугу 5–6 <i>м</i>ге жетет. Ал анатомиялык түзүлүшү боюнча 3 бөлүккө (он эки эли ичеги, ичке ичеги ж-а майлуу ичеги) бөлүнөт. Ичегинин керегеси (кап­талы) үч катмардан турат. Ички былжырлуу кат­мары майда түктөр (ворсинка) м-н капталган. Бул түктөр тамак маңызын сорот. Алардын түбүндө ичеги бездери жайгашат, ал бездер бөлүп чыгарган зил ж-а ферменттердин таасири м-н карында эрип үлгүрбөгөн белок, май ж-а угле­воддор толук ажырайт. Ичке ичеигинин ортоңку кат­мары сырткы ж-а ички булчуң талчаларынан турат. Булчуң талчалардын ичкиси шакек сы­мал тегерек, сырткысы узунунан жатат. Бул 2 түрдүү булчуң талчаларынын жардамы м-н ичке ичеги толкун сымал жыйрылып ж-а бошоңдоп, ичегини кыймылга келтирет (перистальтика). Ичке ичегинин сырткы бети жылтырак катмар м-н кап­талган. Жоон ичеги ичке ичегиден башталат. Анын узундугу 1,5 <i>м</i>дей. Ичке ичегини алкак сымал айлан­та курчап жатат. Жоон ичегинин башталышы туюк болуп, ич көңдөйүнүн төмөн оң жагынан орун алган. Ошол туюк моюндун ылдый жа­гында узундугу 3–7 <i>см</i>дей урчук болуп, ал сокур иче­ги (аппендикс) деп аталат. Ич көңдөйүнүн оң жагындагы мөөндөн жоон И-нин жогору карай кетүүчү, туура жаткан, төмөн карай кеткен ж-а сигма түрүндөгү бөлүктөрү түз ичегиге (көтөн чу­чук) өтөт. И-де тамак-аштын ажыроо ж-а анын орг. ж-а орг. эмес заттарын, о. эле суу, туз ж. б. сиңирүү процесстери жүрөт. Ичке ичегиде белок, май, углевод, нуклеин к-талары ж. б. фермент­тик ажыроого учурайт. Анда аминк-талар ж-а моносахариддер сиңет. Жоон ичегиде негизинен тамак калдыктарынын жылышына ж-а коюу­лашына жараша заң пайда болот. Анда К ж-а В витаминдери пайда болуп, ичке И-ден калган тамак калдыктарынын суюктугу кайрадан си­ңип, канга өтөт. | ||
чыгарган зил ж-а ферменттердин таасири м-н | |||
карында эрип үлгүрбөгөн белок, май ж-а угле­воддор толук ажырайт. Ичке | |||
орг. ж-а орг. эмес заттарын, о. эле суу, туз ж. б. сиңирүү процесстери жүрөт. Ичке ичегиде белок, май, углевод, нуклеин к-талары ж. б. фермент­тик ажыроого учурайт. Анда аминк-талар ж-а моносахариддер сиңет. Жоон ичегиде негизинен тамак калдыктарынын жылышына ж-а коюу­лашына жараша заң пайда болот. Анда К ж-а В витаминдери пайда болуп, ичке И-ден калган тамак калдыктарынын суюктугу кайрадан си­ңип, канга өтөт. | |||
[[Категория:3-том, 673-784 бб]] | [[Категория:3-том, 673-784 бб]] | ||
08:04, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
ИЧЕГИ – көпчүлүк жаныбарлардын оозунан арткы тешигине чейин созулган тамак сиңирүүчү түтүгү; тамак сиңирүү системасынын карындан кийинки бөлүгү. Жаныбарлардын түйүлдүгүнүн өсүү процессинде ичеги тышкы чөйрө м-н алгачкы оозу (бластопор) аркылуу байланышкан, баштыктай гаструла стадиясында пайда болгон. Омурткасыздардын көбүндө (алгачкы ооздууларда) бластопор оозго айланган. Ичеги көңдөйлүүлөр м-н жалпак курттарда алдыңкы ичеги кулкун, жумуру курттар ж-а омурткасыз жаныбарларда арткы ичеги өсүп чыккан. Омурткалуу жаныбарларда тамак сиңирүү түтүгү бир нече бөлүктөн турат. Кургакта жашоочу омурткалууларда ичке ичеги – он эки эли ичеги м-н башталып, ага тамак сиңирүүчү 2 чоң безден – боор ж-а уйку безден жол ачылат. Көпчүлүк балыктарда, жерде-сууда жашоочуларда, сойлоочуларда ичке ж-а жоон ичеги өтө кыска болот. Сүт эмүүчүлөрдө ичеги узун болуп, даана бөлүктөргө (ичке ичеги ж-а жоон ичеги) бөлүнөт. Жоон ичеги чөп жечүлөрдө узун болуп, түз иченги м-н бүтөт. Ичегинин капталы көбүнчө жылма булчуңдан туруп, симпат нерв системасы ж-а жүлүндүн сезгич нервдери м-н тейленет. Ичегинин былжыр челинде зил бөлүп чыгаруучу көп сандаган майда бездер болот.
Адамдын ичегиси карындан арткы тешикке чейин созулуп, ичке ж-а жоон ичегиден турат. Ичке ичеги ич көңдөйүнүн ортосунда жайгашкан, узундугу 5–6 мге жетет. Ал анатомиялык түзүлүшү боюнча 3 бөлүккө (он эки эли ичеги, ичке ичеги ж-а майлуу ичеги) бөлүнөт. Ичегинин керегеси (капталы) үч катмардан турат. Ички былжырлуу катмары майда түктөр (ворсинка) м-н капталган. Бул түктөр тамак маңызын сорот. Алардын түбүндө ичеги бездери жайгашат, ал бездер бөлүп чыгарган зил ж-а ферменттердин таасири м-н карында эрип үлгүрбөгөн белок, май ж-а углеводдор толук ажырайт. Ичке ичеигинин ортоңку катмары сырткы ж-а ички булчуң талчаларынан турат. Булчуң талчалардын ичкиси шакек сымал тегерек, сырткысы узунунан жатат. Бул 2 түрдүү булчуң талчаларынын жардамы м-н ичке ичеги толкун сымал жыйрылып ж-а бошоңдоп, ичегини кыймылга келтирет (перистальтика). Ичке ичегинин сырткы бети жылтырак катмар м-н капталган. Жоон ичеги ичке ичегиден башталат. Анын узундугу 1,5 мдей. Ичке ичегини алкак сымал айланта курчап жатат. Жоон ичегинин башталышы туюк болуп, ич көңдөйүнүн төмөн оң жагынан орун алган. Ошол туюк моюндун ылдый жагында узундугу 3–7 смдей урчук болуп, ал сокур ичеги (аппендикс) деп аталат. Ич көңдөйүнүн оң жагындагы мөөндөн жоон И-нин жогору карай кетүүчү, туура жаткан, төмөн карай кеткен ж-а сигма түрүндөгү бөлүктөрү түз ичегиге (көтөн чучук) өтөт. И-де тамак-аштын ажыроо ж-а анын орг. ж-а орг. эмес заттарын, о. эле суу, туз ж. б. сиңирүү процесстери жүрөт. Ичке ичегиде белок, май, углевод, нуклеин к-талары ж. б. ферменттик ажыроого учурайт. Анда аминк-талар ж-а моносахариддер сиңет. Жоон ичегиде негизинен тамак калдыктарынын жылышына ж-а коюулашына жараша заң пайда болот. Анда К ж-а В витаминдери пайда болуп, ичке И-ден калган тамак калдыктарынын суюктугу кайрадан сиңип, канга өтөт.