ИТАЛЯНДАР: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИТАЛЯНДАР</b> (өздөрүн италиандар деп ата­шат) – улут, Италиянын негизги калкы. Жал­пы саны 68,5 млн, | <b type='title'>ИТАЛЯНДАР</b> (өздөрүн италиандар деп ата­шат) – улут, Италиянын негизги калкы. Жал­пы саны 68,5 млн, анын ичинде Италияда 54,9 млн киши (2007). Европа (Францияда 1,5 млн, Гер­манияда 0,8 млн, Швейцарияда 408 миң, Бель­гияда 0,2 млн, Улуу Британияда 0,2 млн киши), Америка (АКШда 17 млн, Аргентинада 1,9 млн, Канадада 1,4 млн, Бразилияда 0,5 млн, Венесу­элада 0,4 млн, Уругвайда 100 миң киши), Авст­ралияда (800,3 миң), Океания (300 миңдей), Аф­рика (100 миң киши) ж-а Азияда (10 миңдей киши) жашашат. Алар венециялыктар, лигу­риялыктар, калабриялыктар, ломбардиялык­тар, пьемонттук­тар, сицилиялык­тар, сардиниялыктар ж. б. суб­этностук топторго бөлүнөт. Роман тобундагы италян тилинде сүйлөшөт. Көпчүлүгү христиан дини­нин католик тар­магын тутушат. Италяндардын этностук негизин б. з. ч. 1 миң жылдыкта Апеннин жарым аралында жашаган ба­йыркы италик уруулары түзгөн. Алардын би­ри – латындар Лаций аймагын мекендеп, Римди негиздешкен. Б. з. ч. 6–2-кылымдарда Апеннин жарым аралынын түндүгүндө этруск, лигур, венет, кельт урууларын, ал эми Корсика ж-а Сицилия аралдарынын түштүгүндө грек, карфагендиктерди ж-а сикул­дарды караткан. Жарым аралдын калкы б. з. 1–2-кылымдарында элдик латын тилинде сүйлөгөн. Ита­лян урууларынын тилдери жергиликтүү диалектилер­дин түзүлүшүнө негиз болуп, кийин ал диалек­тилер италян тилинин диалектилеринин ка­лыптанышына таасир эткен. Б. з. алгачкы кы­лымдарында Апеннин жарым аралынын романдашкан эли ар түрдүү кулдар, 5-кылымда герман уруулары (остготтор, вестготтор, ланговарддар), 6–11-кылымдарда византиялыктар, арабдар, франктар, венгрлер, норманндар м-н аралашып, италян эли, тили түзүлгөн. Бирок атайын тили – латын адабий тили бойдон кала берген. Италян улутунун түзү­лүшүнө адегенде латын тили, капиталисттик ма­милелердин пайда болушу, Кайра жаралуу мад­анияты ж-а 13–14-кылымдарда тоскана диалектиси маанилүү роль ойногон. Италяндар 19-кылымдын 2-жарымында улут болуп калыптанган. Италяндардын негизги кесиби – дый­канчылык, жүзүмчүлүк, бакчачылык ж-а мал чарбачылык. Италяндар байыркы мезгилде тегерек сы­мал курулган (трулли), кийин дубалы таш ж-а кыштан тургузулган, эки же үч кабаттуу үйлөрдө жашашкан. Анын астыңкы кабаты чарбачы­лыкка, үстүңкү кабаты тиричиликке ылайык­таштырылган. Улуттук кийимдери – аялдары кенен, узун тигилген белдемчи, кыска жеңдүү кофта, алжапкыч (корсаж) кийип, жакетта ж-а жубеттону желбегей жамынып, башына жоолук салынат. Эркектер кыска ыштан (шал­бар), саймаланган жеңдүү көйнөк, кыска курт­ка, башына калпак киет. Тамак-ашы негизи­нен жер-жемиштер ж-а жашылча, ун, сүт, эт, балык азыктарынан даярдалат. Италия карна­вал өлкөсү болгондуктан, италяндар маскарад кийимин кийишип, бардык майрамдарды шаңдуу майрам­дашат. Элдик бийи – тарантелла, сальтарелло, ломбарда ж-а бергамаска. Италяндар дүйнөлүк музыкалык маданият м-н көркөм сүрөт өнөрүнө зор салым кош­кон. | ||
миң жылдыкта Апеннин | |||
чарбачылык. | |||
<p align='right'><i type='author'>Ш. Керимова.</i></p> | <p align='right'><i type='author'>Ш. Керимова.</i></p> | ||
[[Категория:3-том, 673-784 бб]] | [[Категория:3-том, 673-784 бб]] | ||
07:46, 25 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
ИТАЛЯНДАР (өздөрүн италиандар деп аташат) – улут, Италиянын негизги калкы. Жалпы саны 68,5 млн, анын ичинде Италияда 54,9 млн киши (2007). Европа (Францияда 1,5 млн, Германияда 0,8 млн, Швейцарияда 408 миң, Бельгияда 0,2 млн, Улуу Британияда 0,2 млн киши), Америка (АКШда 17 млн, Аргентинада 1,9 млн, Канадада 1,4 млн, Бразилияда 0,5 млн, Венесуэлада 0,4 млн, Уругвайда 100 миң киши), Австралияда (800,3 миң), Океания (300 миңдей), Африка (100 миң киши) ж-а Азияда (10 миңдей киши) жашашат. Алар венециялыктар, лигуриялыктар, калабриялыктар, ломбардиялыктар, пьемонттуктар, сицилиялыктар, сардиниялыктар ж. б. субэтностук топторго бөлүнөт. Роман тобундагы италян тилинде сүйлөшөт. Көпчүлүгү христиан дининин католик тармагын тутушат. Италяндардын этностук негизин б. з. ч. 1 миң жылдыкта Апеннин жарым аралында жашаган байыркы италик уруулары түзгөн. Алардын бири – латындар Лаций аймагын мекендеп, Римди негиздешкен. Б. з. ч. 6–2-кылымдарда Апеннин жарым аралынын түндүгүндө этруск, лигур, венет, кельт урууларын, ал эми Корсика ж-а Сицилия аралдарынын түштүгүндө грек, карфагендиктерди ж-а сикулдарды караткан. Жарым аралдын калкы б. з. 1–2-кылымдарында элдик латын тилинде сүйлөгөн. Италян урууларынын тилдери жергиликтүү диалектилердин түзүлүшүнө негиз болуп, кийин ал диалектилер италян тилинин диалектилеринин калыптанышына таасир эткен. Б. з. алгачкы кылымдарында Апеннин жарым аралынын романдашкан эли ар түрдүү кулдар, 5-кылымда герман уруулары (остготтор, вестготтор, ланговарддар), 6–11-кылымдарда византиялыктар, арабдар, франктар, венгрлер, норманндар м-н аралашып, италян эли, тили түзүлгөн. Бирок атайын тили – латын адабий тили бойдон кала берген. Италян улутунун түзүлүшүнө адегенде латын тили, капиталисттик мамилелердин пайда болушу, Кайра жаралуу маданияты ж-а 13–14-кылымдарда тоскана диалектиси маанилүү роль ойногон. Италяндар 19-кылымдын 2-жарымында улут болуп калыптанган. Италяндардын негизги кесиби – дыйканчылык, жүзүмчүлүк, бакчачылык ж-а мал чарбачылык. Италяндар байыркы мезгилде тегерек сымал курулган (трулли), кийин дубалы таш ж-а кыштан тургузулган, эки же үч кабаттуу үйлөрдө жашашкан. Анын астыңкы кабаты чарбачылыкка, үстүңкү кабаты тиричиликке ылайыкташтырылган. Улуттук кийимдери – аялдары кенен, узун тигилген белдемчи, кыска жеңдүү кофта, алжапкыч (корсаж) кийип, жакетта ж-а жубеттону желбегей жамынып, башына жоолук салынат. Эркектер кыска ыштан (шалбар), саймаланган жеңдүү көйнөк, кыска куртка, башына калпак киет. Тамак-ашы негизинен жер-жемиштер ж-а жашылча, ун, сүт, эт, балык азыктарынан даярдалат. Италия карнавал өлкөсү болгондуктан, италяндар маскарад кийимин кийишип, бардык майрамдарды шаңдуу майрамдашат. Элдик бийи – тарантелла, сальтарелло, ломбарда ж-а бергамаска. Италяндар дүйнөлүк музыкалык маданият м-н көркөм сүрөт өнөрүнө зор салым кошкон.
Ш. Керимова.