ИСФАРА ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИСФАРА́ ӨРӨӨНҮ</b> Түркстан кырка тоосунун | <b type='title'>ИСФАРА́ ӨРӨӨНҮ</b> Түркстан кырка тоосунун түндүк капталында, Кыргызстан (Баткен облусундагы Лей­лек районунун аймагы) м-н Тажикстандын чек арасында. Узундугу 82 <i>км</i>, орточо жазылыгы 32 <i>км</i>. Ба­сымдуу бийиктиги 3200–3600 <i>м</i>, эң жапыз жери 830 <i>м</i>. Өрөөндүн төмөнкү (түндүк) бөлүгүн адыр сымал жапыз тоолор, жогорку (түштүк) бөлүгүн капталдары тик, кууш капчыгайлуу бийик тоо түзөт. Түндүк жагы палеоген ж-а неоген мезгилде­ринде пайда болгон кум м-н чоподон, түштүк бөлүгү көбүнчө палеозойдун кристаллдуу (акиташ теги, сланец, кумдук) тоотектеринен турат. Клима­ты континенттик; июль айынын орточо температурасы 21,9°С. Жылдык жаан-чачыны 112 <i>мм</i>, тоолуу бөлүгүндө 200–350 <i>мм</i>. Агын суулары – Исфара ж-а анын куймалары (Каравшин, Кишемиш, Киндик ж. б.). Өрөөндүн башында жалпы аян­ты 88,7 <i>км</i><sup>2 </sup>болгон 34 майда мөңгү бар. Кумдук ж-а күрөң топурак басымдуу. Түндүк жагына эфе­мер-шыбактуу чөл ж-а кургак талаа ландшафт­тары мүнөздүү; тоо беттеринде бетеге, кылкан чөп, таракбаш ж-а арча, бадалдуу токой өсөт. Би­йик тоолуу бөлүгүн субальп ж-а альп шалбаа­луу талаа тилкелери ээлейт. Өрөөндө Тажик­стандын <i>Исфара</i> шаары орун алган. Өрөөн жайыт ж-а дыйканчылыкка пайдаланылат. | ||
чөп, таракбаш ж-а арча, бадалдуу токой өсөт. Би­йик тоолуу бөлүгүн субальп ж-а альп шалбаа­луу талаа тилкелери ээлейт. Өрөөндө Тажик­стандын <i>Исфара</i> | |||
<p align='right'><i type='author'>Б. Амираева.</i></p> | <p align='right'><i type='author'>Б. Амираева.</i></p> | ||
[[Категория:3-том, 607-672 бб]] | [[Категория:3-том, 607-672 бб]] | ||
07:56, 23 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
ИСФАРА́ ӨРӨӨНҮ Түркстан кырка тоосунун түндүк капталында, Кыргызстан (Баткен облусундагы Лейлек районунун аймагы) м-н Тажикстандын чек арасында. Узундугу 82 км, орточо жазылыгы 32 км. Басымдуу бийиктиги 3200–3600 м, эң жапыз жери 830 м. Өрөөндүн төмөнкү (түндүк) бөлүгүн адыр сымал жапыз тоолор, жогорку (түштүк) бөлүгүн капталдары тик, кууш капчыгайлуу бийик тоо түзөт. Түндүк жагы палеоген ж-а неоген мезгилдеринде пайда болгон кум м-н чоподон, түштүк бөлүгү көбүнчө палеозойдун кристаллдуу (акиташ теги, сланец, кумдук) тоотектеринен турат. Климаты континенттик; июль айынын орточо температурасы 21,9°С. Жылдык жаан-чачыны 112 мм, тоолуу бөлүгүндө 200–350 мм. Агын суулары – Исфара ж-а анын куймалары (Каравшин, Кишемиш, Киндик ж. б.). Өрөөндүн башында жалпы аянты 88,7 км2 болгон 34 майда мөңгү бар. Кумдук ж-а күрөң топурак басымдуу. Түндүк жагына эфемер-шыбактуу чөл ж-а кургак талаа ландшафттары мүнөздүү; тоо беттеринде бетеге, кылкан чөп, таракбаш ж-а арча, бадалдуу токой өсөт. Бийик тоолуу бөлүгүн субальп ж-а альп шалбаалуу талаа тилкелери ээлейт. Өрөөндө Тажикстандын Исфара шаары орун алган. Өрөөн жайыт ж-а дыйканчылыкка пайдаланылат.
Б. Амираева.