ИСФАЙРАМ-САЙ ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИСФАЙРАМ-САЙ ӨРӨӨНҮ</b> Алай кырка тоо­сунун | <b type='title'>ИСФАЙРАМ-САЙ ӨРӨӨНҮ</b> Алай кырка тоо­сунун түндүк капталынан агып түшкөн сууну бой­лоп жатат. Узундугу 130 <i>км</i>дей, таманынын жазы­лыгы баш жагында 0,3–0,6 <i>км</i>, ортосунда (Пум, Чабай суулары куйган бөлүгүндө) 2–2,5 <i>км</i>, Фергана ойдуңуна чыга беришинде 10–15 <i>км</i>. Таманынын деңиз деңгээлинен бийиктиги 1000 <i>м</i>ден 3000 <i>м</i>ге чейин. Жогору жагында Шыпы, Сүрмө- Таш ж-а Исфайрам-Cай болуп үч айрыкка бө­лүнөт. Төмөн жагы кенен келип, улам жогору­лаган сайын кууштап, капчыгайга өтөт. Мын­да шиленди конустар басымдуу. Алардын үстү тегиз, айрым жерлери жылга-жыбыттуу. Кап­чыгайдын таманы өтө кууш, суу жээктеринде­ги жайылмалар 1–2 <i>км</i>ден ашпайт. Жогорку бөлүгү «жылаңач» аскалардан туруп, таманы 0,3–0,6 <i>км</i>. Өрөөн тепши сымал. Тоо беттерин­деги куюлма шагыл таштар этегинде шиленди конустарды пайда кылат. Өрөөндүн таманы төртүнчүлүк мезгилдин чөкмө, мөңгү, шиленди тектеринен түзүлгөн. Тоо капталдары палеозой­дун кумдук, сланец, конгломерат, акиташ тек­теринен туруп, айрым жерлерин гранит, гранит­диорит интрузиялары жиреп чыккан. Өрөөндүн бийик тоолуу бөлүгүндө жалпы аянты 37,4 <i>км</i><sup>2</sup>ге жеткен 39 мөңгү бар. Өрөөн аркылуу Исфайрам-Сай суусу агат. Тоо капталдарында шилби, ит­мурун, табылгы сыяктуу бадал аралаш өскөн арча токою басымдуу. Андан жогору субальп ж-а альп шалбаалуу талаа ландшафт алкакта­ры мүнөздүү. Суу жээктеринде терек, кайың, тал, чычырканак, арча, жылгын ж. б. өсөт. То­кою түрү боюнча топ-топ болуп өскөндүгү м-н өзгө­чөлөнөт; мисалы, терек токою, кайың токою ж. б. Жогорку бөлүгү жайыт, ортоңку ж-а төмөнкү бөлүктөрүнүн таманы чабынды, айдоо. Өрөөндө Үч-Коргон, Кара-Жыгач, Кара-Кыштак, Майран, Пум, Чакмак кыштактары жайгашкан. | ||
Чабай суулары куйган бөлүгүндө) 2–2,5 <i>км</i>, Фергана ойдуңуна чыга беришинде 10–15 <i>км</i>. Таманынын деңиз | |||
Сай суусу агат. Тоо капталдарында шилби, ит­мурун, табылгы сыяктуу бадал аралаш өскөн арча токою басымдуу. Андан жогору субальп ж-а альп шалбаалуу талаа ландшафт алкакта­ры мүнөздүү. Суу жээктеринде терек, кайың, тал, чычырканак, арча, жылгын ж. б. өсөт. То­кою түрү | |||
Үч-Коргон, Кара-Жыгач, Кара-Кыштак, Майран, | |||
Пум, Чакмак | |||
[[Категория:3-том, 607-672 бб]] | [[Категория:3-том, 607-672 бб]] | ||
09:50, 22 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
ИСФАЙРАМ-САЙ ӨРӨӨНҮ Алай кырка тоосунун түндүк капталынан агып түшкөн сууну бойлоп жатат. Узундугу 130 кмдей, таманынын жазылыгы баш жагында 0,3–0,6 км, ортосунда (Пум, Чабай суулары куйган бөлүгүндө) 2–2,5 км, Фергана ойдуңуна чыга беришинде 10–15 км. Таманынын деңиз деңгээлинен бийиктиги 1000 мден 3000 мге чейин. Жогору жагында Шыпы, Сүрмө- Таш ж-а Исфайрам-Cай болуп үч айрыкка бөлүнөт. Төмөн жагы кенен келип, улам жогорулаган сайын кууштап, капчыгайга өтөт. Мында шиленди конустар басымдуу. Алардын үстү тегиз, айрым жерлери жылга-жыбыттуу. Капчыгайдын таманы өтө кууш, суу жээктериндеги жайылмалар 1–2 кмден ашпайт. Жогорку бөлүгү «жылаңач» аскалардан туруп, таманы 0,3–0,6 км. Өрөөн тепши сымал. Тоо беттериндеги куюлма шагыл таштар этегинде шиленди конустарды пайда кылат. Өрөөндүн таманы төртүнчүлүк мезгилдин чөкмө, мөңгү, шиленди тектеринен түзүлгөн. Тоо капталдары палеозойдун кумдук, сланец, конгломерат, акиташ тектеринен туруп, айрым жерлерин гранит, гранитдиорит интрузиялары жиреп чыккан. Өрөөндүн бийик тоолуу бөлүгүндө жалпы аянты 37,4 км2ге жеткен 39 мөңгү бар. Өрөөн аркылуу Исфайрам-Сай суусу агат. Тоо капталдарында шилби, итмурун, табылгы сыяктуу бадал аралаш өскөн арча токою басымдуу. Андан жогору субальп ж-а альп шалбаалуу талаа ландшафт алкактары мүнөздүү. Суу жээктеринде терек, кайың, тал, чычырканак, арча, жылгын ж. б. өсөт. Токою түрү боюнча топ-топ болуп өскөндүгү м-н өзгөчөлөнөт; мисалы, терек токою, кайың токою ж. б. Жогорку бөлүгү жайыт, ортоңку ж-а төмөнкү бөлүктөрүнүн таманы чабынды, айдоо. Өрөөндө Үч-Коргон, Кара-Жыгач, Кара-Кыштак, Майран, Пум, Чакмак кыштактары жайгашкан.