ИСТАХРИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>ИСТАХРИ</b> Абу Исхак ибн Мухаммед ал-Фари&shy;си ал-Истахри – (болжол м-н 850, Иран – 934) –
<b type='title'>ИСТАХРИ</b> '''Абу Исхак ибн Мухаммед ал-Фари&shy;си ал-Истахри''' – (болжол м-н 850, Иран – 934) – араб географы. Эмгегинин белгилүүсү «Сууар ал&shy;акалим« («Аймактардын чет жакалары») деп аталып, анда түшүнүктөр м-н кошо карталар ж-а атластардын жыйнагы берилген. Ал түзгөн «Китаб ал-масалик ва-л-мамалик» («Өлкөлөр м-н жолдордун китеби») деген эмгеги араб гео&shy;графиясынын классикалык үлгүсү болуп сана&shy;лат. Ал китептин өзөгүн 920-жылы жазылган Абу Зайд Балхинин географиялык эмгегинен алып, аны өзү көргөн маалыматтар м-н толуктаган. Истахри мусул&shy;ман өлкөлөрүн гана жазууну максат кылып, аларды кеңири 20 аймакка бөлүп, «климат» деп атаган. Арабиядан баштап Мавераннахрга тийиштүү жерлердин (Согд, Усрушан, Фергана, Шаш, Илак ж. б.) толук маалыматын, анын ичинде аларга караган ар бир аймакты (мисалы, Миан- Рудан же Кара-Дарыя м-н Нарын дарыясынын аралы&shy;гы; Жигил же Чаткал), шаар-кыштактарды (мисалы, Аксикент, Ош, Өзгөн, Мадва, Хайлам ж. б.) алардын аралыгы, кен байлыктары, жол&shy;дору тууралуу кенен баян кылган. Мындан тыш&shy;кары ал жерлерде жашаган элдер (тогузгуз, хырхыз, кимак, гузз, хазладж ж. б.), алардын тили, чарбасы ж-а соодасы жөнүндө да кенен маа&shy;лыматтарды берген. Бизге анын араб тексти м-н 930–33-жылдарда кыскача редакцияланган эмгеги жеткен. Мындан башка толук редакцияланып, Ибн Хаукал пайдаланган экинчи эмгеги болгон. Анын эмгегин М. де Гуе басып чыгарган.
араб географы. Эмгегинин белгилүүсү «Сууар ал&shy;акалим« («Аймактардын чет жакалары») деп аталып, анда түшүнүктөр м-н кошо карталар ж-а атластардын жыйнагы берилген. Ал түзгөн
«Китаб ал-масалик ва-л-мамалик» («Өлкөлөр
м-н жолдордун китеби») деген эмгеги араб гео&shy;графиясынын классикалык үлгүсү болуп сана&shy;лат. Ал китептин өзөгүн 920-ж. жазылган Абу Зайд Балхинин геогр. эмгегинен алып, аны өзү көргөн маалыматтар м-н толуктаган. И. мусул&shy;ман өлкөлөрүн гана жазууну максат кылып, аларды кеңири 20 аймакка бөлүп, «климат» деп атаган. Арабиядан баштап Мавераннахрга тийиштүү жерлердин (Согд, Усрушан, Фергана, Шаш, Илак ж. б.) толук маалыматын, а. и. аларга караган ар бир аймакты (мис., Миан- Рудан же Кара-Дарыя м-н Нарын д-нын аралы&shy;гы; Жигил же Чаткал), шаар-кыштактарды (мис., Аксикент, Ош, Өзгөн, Мадва, Хайлам ж. б.) алардын аралыгы, кен байлыктары, жол&shy;дору тууралуу кенен баян кылган. Мындан тыш&shy;кары ал жерлерде жашаган элдер (тогузгуз, хырхыз, кимак, гузз, хазладж ж. б.), алардын тили, чарбасы ж-а соодасы ж-дө да кенен маа&shy;лыматтарды берген. Бизге анын араб тексти м-н 930–33-ж. кыскача редакцияланган эмгеги жеткен. Мындан башка толук редакцияланып, Ибн Хаукал пайдаланган экинчи эмгеги болгон. Анын эмгегин М. де Гуе басып чыгарган.
 


Ад.: Материалы по истории кыргызов и Кыргыз&shy;стана. Т. 1. Б., 2002.  
Ад.: Материалы по истории кыргызов и Кыргыз&shy;стана. Т. 1. Б., 2002.  
<p align='right'><i type='author'>Т. Жуманалиев.</i></p>
<p align='right'><i type='author'>Т. Жуманалиев.</i></p>
[[Категория:3-том, 607-672 бб]]
[[Категория:3-том, 607-672 бб]]

09:14, 22 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

ИСТАХРИ Абу Исхак ибн Мухаммед ал-Фари­си ал-Истахри – (болжол м-н 850, Иран – 934) – араб географы. Эмгегинин белгилүүсү «Сууар ал­акалим« («Аймактардын чет жакалары») деп аталып, анда түшүнүктөр м-н кошо карталар ж-а атластардын жыйнагы берилген. Ал түзгөн «Китаб ал-масалик ва-л-мамалик» («Өлкөлөр м-н жолдордун китеби») деген эмгеги араб гео­графиясынын классикалык үлгүсү болуп сана­лат. Ал китептин өзөгүн 920-жылы жазылган Абу Зайд Балхинин географиялык эмгегинен алып, аны өзү көргөн маалыматтар м-н толуктаган. Истахри мусул­ман өлкөлөрүн гана жазууну максат кылып, аларды кеңири 20 аймакка бөлүп, «климат» деп атаган. Арабиядан баштап Мавераннахрга тийиштүү жерлердин (Согд, Усрушан, Фергана, Шаш, Илак ж. б.) толук маалыматын, анын ичинде аларга караган ар бир аймакты (мисалы, Миан- Рудан же Кара-Дарыя м-н Нарын дарыясынын аралы­гы; Жигил же Чаткал), шаар-кыштактарды (мисалы, Аксикент, Ош, Өзгөн, Мадва, Хайлам ж. б.) алардын аралыгы, кен байлыктары, жол­дору тууралуу кенен баян кылган. Мындан тыш­кары ал жерлерде жашаган элдер (тогузгуз, хырхыз, кимак, гузз, хазладж ж. б.), алардын тили, чарбасы ж-а соодасы жөнүндө да кенен маа­лыматтарды берген. Бизге анын араб тексти м-н 930–33-жылдарда кыскача редакцияланган эмгеги жеткен. Мындан башка толук редакцияланып, Ибн Хаукал пайдаланган экинчи эмгеги болгон. Анын эмгегин М. де Гуе басып чыгарган.

Ад.: Материалы по истории кыргызов и Кыргыз­стана. Т. 1. Б., 2002.

Т. Жуманалиев.