ИСААКЯН: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИСААКЯ́Н</b> Аветик Саакович [19 (31). 10. 1875, | <b type='title'>ИСААКЯ́Н</b> '''Аветик Саакович''' [19 (31). 10. 1875, Казарапат, Александрополго (азыркы Гёмри) жакын – 17. 10. 1957, Ереван] – армян акыны. Армян ССР ИАнын академиги (1943). Диний се­минарияда окуган (1889–92). Чыгармачылыгы 1892- жылдан башталган. Алгачкы ырлар жыйнагы – «Ырлар жана жаракаттар» (1897). Орус па­дышалыгы, түрк султаны, жергиликтүү эзүүлөрдөн жа­быр тарткан армян элинин муң-кайгысын ырга кошкон, биринчи орус революциясынын тушунда со­циалдык ж-а улуттук эзүүгө каршы ырлар жаз­ган. 1909–11-жылдарда «Абул Ала Маари» аттуу фи­лософиялык поэма жараткан. 1911-жылдан келип-ке­тип чет мамлекетте жашаган. 1936-жылы Армения­га биротоло келип, маданий-коомдук зор иш­терди жүргүзгөн, жаңы ыр циклдерин жазган («Биздин тарыхчылар жана гусандар», 1939; «Мекениме», 1940; «Армян архитектурасы», 1942). Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында­гы чыгармаларында патриотизм негизги орун­ду ээлейт («Жүрөгүм менин тоо башында», 1941; «Улуу жеңиштин күнү», 1945 ж. б.). Бул чыгар­малары үчүн Исаакянга СССР мамлекеттик сыйлыгы (1946) бе­рилген. Ырлары бир катар чет тилдерге кото­рулган. Армян ССР Жогорку Советинин (2–4- шайланышынын) депутаты. Эки Ленин ордени ж-а медалдар м-н сыйланган. | ||
Казарапат, Александрополго (азыркы Гёмри) жакын – 17. 10. 1957, Ереван] – армян акыны. Армян ССР ИАнын академиги (1943). Диний се­минарияда окуган (1889–92). | |||
Чыг.: Избранное. М., 1970; Тууган жердин түтүнү. Ырлар жана поэма. Ф., 1975. | |||
Чыг.: Избранное. М., 1970; Тууган жердин түтүнү. | |||
Ырлар жана поэма. Ф., 1975. | |||
Ад.: <i>Григорьян К.</i> Творческий путь Аветика Исаа­кяна. М., 1963. | Ад.: <i>Григорьян К.</i> Творческий путь Аветика Исаа­кяна. М., 1963. | ||
[[Категория:3-том, 607-672 бб]] | [[Категория:3-том, 607-672 бб]] | ||
09:24, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
ИСААКЯ́Н Аветик Саакович [19 (31). 10. 1875, Казарапат, Александрополго (азыркы Гёмри) жакын – 17. 10. 1957, Ереван] – армян акыны. Армян ССР ИАнын академиги (1943). Диний семинарияда окуган (1889–92). Чыгармачылыгы 1892- жылдан башталган. Алгачкы ырлар жыйнагы – «Ырлар жана жаракаттар» (1897). Орус падышалыгы, түрк султаны, жергиликтүү эзүүлөрдөн жабыр тарткан армян элинин муң-кайгысын ырга кошкон, биринчи орус революциясынын тушунда социалдык ж-а улуттук эзүүгө каршы ырлар жазган. 1909–11-жылдарда «Абул Ала Маари» аттуу философиялык поэма жараткан. 1911-жылдан келип-кетип чет мамлекетте жашаган. 1936-жылы Арменияга биротоло келип, маданий-коомдук зор иштерди жүргүзгөн, жаңы ыр циклдерин жазган («Биздин тарыхчылар жана гусандар», 1939; «Мекениме», 1940; «Армян архитектурасы», 1942). Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы чыгармаларында патриотизм негизги орунду ээлейт («Жүрөгүм менин тоо башында», 1941; «Улуу жеңиштин күнү», 1945 ж. б.). Бул чыгармалары үчүн Исаакянга СССР мамлекеттик сыйлыгы (1946) берилген. Ырлары бир катар чет тилдерге которулган. Армян ССР Жогорку Советинин (2–4- шайланышынын) депутаты. Эки Ленин ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.
Чыг.: Избранное. М., 1970; Тууган жердин түтүнү. Ырлар жана поэма. Ф., 1975.
Ад.: Григорьян К. Творческий путь Аветика Исаакяна. М., 1963.