ИНВЕСТИЦИЯЛЫК БАНКТАР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИНВЕСТИЦИЯЛЫК БАНКТАР</b> – акча каражат­тарын тартуу‚ узак мөөнөткө насыя берүү ж-а экономиканын ар түрдүү тармактарын финан­сылоо максатында баалуу кагаздар м-н иш жүр­гүзүүгө адистешкен атайын насыя-финансы ин­ | <b type='title'>ИНВЕСТИЦИЯЛЫК БАНКТАР</b> – акча каражат­тарын тартуу‚ узак мөөнөткө насыя берүү ж-а экономиканын ар түрдүү тармактарын финан­сылоо максатында баалуу кагаздар м-н иш жүр­гүзүүгө адистешкен атайын насыя-финансы ин­ституту. Банктардын тарыхый депозиттик-ссудалык­ эсеп ж-а эмиссиялык-уюштуруу иштери‚ башкача айтканда коммерциялык ж-а инвестициялык банктардын иштеринин айкалышы алардын универсалда­шуусунун маанилүү түрү болгон. Айрым өлкө­лөрдө (АКШ‚ Италия‚ Франция) кризистен ки­йин 1929–33-жылдарда инвестициялык банктардан ком­мерциялык банктардын бөлүнүшү мыйзамдаш­тырылган. Коммерциялык банктардын өз ак­цияларын ж-а кредиттерин сатышы инвестициялык банктар ре­сурстарынын булактары болуп саналат. Инвестициялык банктар коммерциялык банктардан айырмаланып‚ де­позиттерди кабыл албайт, эмиссиялык-уюшту­руу ишмердигин жүргүзөт‚ башкача айтканда баалуу кагаз­дарды чыгарат ж-а жайгаштырат. Инвестициялык банктар карыз­кор м-н инвесторлордун ортосунда төмөнкү не­гизги милдеттерди аткарат: 1) баалуу кагаздар­дын эмиссиясын уюштуруу‚ карыздын шартта­рын карыз милдеттенмелери (акциялар‚ обли­гациялар ж. б.) түрүндө макулдашуу; 2) баалуу кагаздарды чыгаруу ж-а жайгаштыруу‚ анын ичинде өз эсебинен; 3) эмиссия гаранты (инвестициялык банктар чыгарыл­ган баалуу кагаздардын сатылбаган бөлүгүн са­тып алууга милдеттенет); 4) инвесторлорго орто ж-а узак мөөнөттүү насыя – баалуу кагаздарды сатып алуучуларга берүү; 5) консультациялык кызмат көрсөтүү ж. б. Чет мамлекеттерде инвестициялык банктардын милдетин борбордук ж-а адистештирилген банк­тар аткарат. Эл аралык инвестициялык банктар өзгөчө орунду ээлейт‚ анын ичинде эл аралык реконструкция ж-а өнүктүрүү банкы‚ Америка аралык өнүгүү бан­кы‚ Азия өнүктүрүү банкы‚ Африка өнүгүү бан­кы бар. ЕЭС алкагында 1959-жылдан Европа ин­вестициялык банкы иштейт. | ||
иштеринин айкалышы алардын универсалда­шуусунун маанилүү түрү болгон. Айрым өлкө­лөрдө (АКШ‚ Италия‚ Франция) кризистен ки­йин 1929–33- | |||
өнүктүрүү банкы‚ Америка аралык өнүгүү бан­кы‚ Азия өнүктүрүү банкы‚ Африка өнүгүү бан­кы бар. ЕЭС алкагында 1959-жылдан Европа ин­вестициялык банкы иштейт. | |||
[[Категория:3-том, 449-543 бб]] | [[Категория:3-том, 449-543 бб]] | ||
03:27, 21 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ИНВЕСТИЦИЯЛЫК БАНКТАР – акча каражаттарын тартуу‚ узак мөөнөткө насыя берүү ж-а экономиканын ар түрдүү тармактарын финансылоо максатында баалуу кагаздар м-н иш жүргүзүүгө адистешкен атайын насыя-финансы институту. Банктардын тарыхый депозиттик-ссудалык эсеп ж-а эмиссиялык-уюштуруу иштери‚ башкача айтканда коммерциялык ж-а инвестициялык банктардын иштеринин айкалышы алардын универсалдашуусунун маанилүү түрү болгон. Айрым өлкөлөрдө (АКШ‚ Италия‚ Франция) кризистен кийин 1929–33-жылдарда инвестициялык банктардан коммерциялык банктардын бөлүнүшү мыйзамдаштырылган. Коммерциялык банктардын өз акцияларын ж-а кредиттерин сатышы инвестициялык банктар ресурстарынын булактары болуп саналат. Инвестициялык банктар коммерциялык банктардан айырмаланып‚ депозиттерди кабыл албайт, эмиссиялык-уюштуруу ишмердигин жүргүзөт‚ башкача айтканда баалуу кагаздарды чыгарат ж-а жайгаштырат. Инвестициялык банктар карызкор м-н инвесторлордун ортосунда төмөнкү негизги милдеттерди аткарат: 1) баалуу кагаздардын эмиссиясын уюштуруу‚ карыздын шарттарын карыз милдеттенмелери (акциялар‚ облигациялар ж. б.) түрүндө макулдашуу; 2) баалуу кагаздарды чыгаруу ж-а жайгаштыруу‚ анын ичинде өз эсебинен; 3) эмиссия гаранты (инвестициялык банктар чыгарылган баалуу кагаздардын сатылбаган бөлүгүн сатып алууга милдеттенет); 4) инвесторлорго орто ж-а узак мөөнөттүү насыя – баалуу кагаздарды сатып алуучуларга берүү; 5) консультациялык кызмат көрсөтүү ж. б. Чет мамлекеттерде инвестициялык банктардын милдетин борбордук ж-а адистештирилген банктар аткарат. Эл аралык инвестициялык банктар өзгөчө орунду ээлейт‚ анын ичинде эл аралык реконструкция ж-а өнүктүрүү банкы‚ Америка аралык өнүгүү банкы‚ Азия өнүктүрүү банкы‚ Африка өнүгүү банкы бар. ЕЭС алкагында 1959-жылдан Европа инвестициялык банкы иштейт.