ИНВАРИАНТ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИНВАРИА́НТ</b> (лат. invarians – өзгөрбөөчү) м а­т е м а т и к а д а – белгилүү тартиптеги | <b type='title'>ИНВАРИА́НТ</b> (лат. invarians – өзгөрбөөчү) м а ­т е м а т и к а д а – белгилүү тартиптеги өзгөртүүлөрдө эч өзгөрбөстөн калуучу чоңдук (сан, алгебралык туюнтма ж. б.). Инвариант кандайдыр математикалык объект м-н байланышкан ж-а ошол объектини же ал баяндалып жаткан эсептөө системасын белгилүү тартипте өзгөрткөндө өзгөрүүсүз калат, мисалы, кан­дайдыр бир фигуранын аянты, эки түз сызык­тын ортосундагы бурч – кыймылдын инварианты. Геометриялык фигураны ж-а анын абалын сандардын жарда­мы м-н мүнөздөө үчүн, адатта эсептөөнүн жар­дамчы системасы же координаталар системасы алынат. Мындай системадан алынган <i>х , х</i><sup>2</sup>, ..., <i>х<sub>n</sub></i> сандары изилденүүчү геометриялык фигураны гана эмес, анын эсептөө системасына болгон каты­шын да мүнөздөйт. Бул системаны өзгөртүүдө геометриялык фигура башка сандар м-н мүнөздөлөт. Ошондуктан, эгерде кандайдыр <i>f (x</i><sub>1</sub>, <i>x</i><sub>2</sub>, ..., <i>x<sub>n</i>) | ||
өзгөртүүлөрдө эч өзгөрбөстөн калуучу чоңдук (сан, | туюнтмасынын мааниси геометриялык фигуранын өзүнө мүнөздүү болсо, анда ал эсептөө системасына көз каранды болбоого тийиш, башкача aйтканда <i>f (x</i><sub>1</sub>, <i>x</i><sub>2</sub>, ..., <i>x<sub>n)=</sub> | ||
эмес, анын эсептөө системасына болгон каты­шын да мүнөздөйт. Бул системаны өзгөртүүдө | |||
туюнтмасынын мааниси | |||
мүнөздүү болсо, анда ал эсептөө системасына көз каранды болбоого тийиш, | |||
= x ′ , | = x ′ , | ||
x′ , ...,</i> ′ барабардыгы аткарылат. Бул | x′ , ...,</i> ′ барабардыгы аткарылат. Бул барабардыкты канааттандырган бардык туюнт­малар инвариант болот. Инварианттын эң жөнөкөй мисалы – алгебралык сызыктардын тартиби. Инвариант түшүнүгүн немис математиги О. Гессе (1844) пайдаланып, англиялык математик Ж. Сильвестр «Инвариант» терминин сунуш кылган (1851–52). 19-кылымдын акырында немис ма­тематиги Д. Гильберт андан ары өркүндөткөн. Инвариант анализдик геометрияда, тензордук эсептөөдө, топологияда колдонулат. | ||
Ад.: <i>Погорелов А. В.</i> Аналитическая геометрия. М., 1968; <i>Беклемишев Д. В.</i> Курс аналитической геомет­рии и линейной алгебры. М., 1984. | Ад.: <i>Погорелов А. В.</i> Аналитическая геометрия. М., 1968; <i>Беклемишев Д. В.</i> Курс аналитической геомет­рии и линейной алгебры. М., 1984. | ||
[[Категория:3-том, 449-543 бб]] | [[Категория:3-том, 449-543 бб]] | ||
09:35, 20 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ИНВАРИА́НТ (лат. invarians – өзгөрбөөчү) м а т е м а т и к а д а – белгилүү тартиптеги өзгөртүүлөрдө эч өзгөрбөстөн калуучу чоңдук (сан, алгебралык туюнтма ж. б.). Инвариант кандайдыр математикалык объект м-н байланышкан ж-а ошол объектини же ал баяндалып жаткан эсептөө системасын белгилүү тартипте өзгөрткөндө өзгөрүүсүз калат, мисалы, кандайдыр бир фигуранын аянты, эки түз сызыктын ортосундагы бурч – кыймылдын инварианты. Геометриялык фигураны ж-а анын абалын сандардын жардамы м-н мүнөздөө үчүн, адатта эсептөөнүн жардамчы системасы же координаталар системасы алынат. Мындай системадан алынган х , х2, ..., хn сандары изилденүүчү геометриялык фигураны гана эмес, анын эсептөө системасына болгон катышын да мүнөздөйт. Бул системаны өзгөртүүдө геометриялык фигура башка сандар м-н мүнөздөлөт. Ошондуктан, эгерде кандайдыр f (x1, x2, ..., xn) туюнтмасынын мааниси геометриялык фигуранын өзүнө мүнөздүү болсо, анда ал эсептөө системасына көз каранды болбоого тийиш, башкача aйтканда f (x1, x2, ..., xn)= = x ′ , x′ , ..., ′ барабардыгы аткарылат. Бул барабардыкты канааттандырган бардык туюнтмалар инвариант болот. Инварианттын эң жөнөкөй мисалы – алгебралык сызыктардын тартиби. Инвариант түшүнүгүн немис математиги О. Гессе (1844) пайдаланып, англиялык математик Ж. Сильвестр «Инвариант» терминин сунуш кылган (1851–52). 19-кылымдын акырында немис математиги Д. Гильберт андан ары өркүндөткөн. Инвариант анализдик геометрияда, тензордук эсептөөдө, топологияда колдонулат.
Ад.: Погорелов А. В. Аналитическая геометрия. М., 1968; Беклемишев Д. В. Курс аналитической геометрии и линейной алгебры. М., 1984.