ИЛИМИЙ-ТЕХНИКАЛЫК ОПТИМИЗМ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИЛИМИЙ-ТЕХНИКАЛЫК ОПТИМИЗМ</b>– фило­софия, социология, футурология илимдеринде­ги агым; илим м-н техника өнүккөн азыркы шартта адамзат туш болгон глобалдуу пробле­маларды | <b type='title'>ИЛИМИЙ-ТЕХНИКАЛЫК ОПТИМИЗМ</b>– фило­софия, социология, футурология илимдеринде­ги агым; илим м-н техника өнүккөн азыркы шартта адамзат туш болгон глобалдуу пробле­маларды илимий-техникалык прогресстин жардамы м-н че­чип, карама-каршы экологиялык кырдаалдан чыгууга болот деп үмүттөнүү. Илимий-техникалык оптимизм 20-кылымдын 2-жары­мында түптөлүп, «экологиялык пессимизмге» карама-каршы турган модерндешкен технологиялык теория. Көрүнүктүү өкүлдөрү – Д. Белл, Г. Кан, А. Тофлер (АКШ), Б. де Жувенель, Ж. Фу­растье (Франция), О. Флехтхейм (Германия), К. Фримен, Д. Габор (Англия), И. Кайя (Япо­ния) ж. б. Илимий-техникалык оптимизм адамзаттын тарыхый тагды­рын аныктоодо, коомдун өнүгүшүндөгү социал­дык-экономикалык факторлорду эмес, илимий-техникалык прогресс­тин маанисин баалайт. | ||
[[Категория:3-том, 449-543 бб]] | [[Категория:3-том, 449-543 бб]] | ||
08:02, 18 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ИЛИМИЙ-ТЕХНИКАЛЫК ОПТИМИЗМ– философия, социология, футурология илимдериндеги агым; илим м-н техника өнүккөн азыркы шартта адамзат туш болгон глобалдуу проблемаларды илимий-техникалык прогресстин жардамы м-н чечип, карама-каршы экологиялык кырдаалдан чыгууга болот деп үмүттөнүү. Илимий-техникалык оптимизм 20-кылымдын 2-жарымында түптөлүп, «экологиялык пессимизмге» карама-каршы турган модерндешкен технологиялык теория. Көрүнүктүү өкүлдөрү – Д. Белл, Г. Кан, А. Тофлер (АКШ), Б. де Жувенель, Ж. Фурастье (Франция), О. Флехтхейм (Германия), К. Фримен, Д. Габор (Англия), И. Кайя (Япония) ж. б. Илимий-техникалык оптимизм адамзаттын тарыхый тагдырын аныктоодо, коомдун өнүгүшүндөгү социалдык-экономикалык факторлорду эмес, илимий-техникалык прогресстин маанисин баалайт.