ИЕРАРХИЯ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИЕРА́РХИЯ</b> (гр. hierjs – ыйык, arche – бий­лик) – 1) бүтүндүн бөлүктөрүнүн же элементте­ринин жогортон төмөн карай удаалаштык тар­типте жайгашуусу; 2) социалдык | <b type='title'>ИЕРА́РХИЯ</b> (гр. hierjs – ыйык, arche – бий­лик) – 1) бүтүндүн бөлүктөрүнүн же элементте­ринин жогортон төмөн карай удаалаштык тар­типте жайгашуусу; 2) социалдык иерархия – коомдун, <i>бюрократиянын</i> социалдык структурасы; 3) кыз­маттык иерархия – кызматтык наамдардын, чиндер­дин баш ийүү тартиби боюнча төмөндөн жогору карай ырааттуу жайгашуусу; 4) чиркөө иерархиясы – православие, католик чиркөөлөрүнүн дин кыз­маткерлерине баш ийүүсү м-н мүнөздөлгөн уюм­дашуу принциби; ишкананын ичинде чарбалык ишмердикти уюштуруу. Чарбалык бүтүмдү ат­карууну фирманын ички башкаруу бөлүмү ишке ашыргандыктан‚ анын натыйжасында башка­руунун рыноктук түрү алмашылган учурда орун алат. Ошентип‚ экономикалык координациядагы рынок­тук ж-а иерархиялык мамилелер бардык эле экономикалык сис­темада бирин-бири толуктап турат‚ айырмасы – чарбалык ишмердиктеги макулдашуунун бирин­де рыноктук‚ экинчисинде иерархиялык ыкма үстөмдүк кылат. | ||
чарбалык ишмердиктеги макулдашуунун бирин­де рыноктук‚ экинчисинде | |||
[[Категория:3-том, 449-543 бб]] | [[Категория:3-том, 449-543 бб]] | ||
03:50, 13 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ИЕРА́РХИЯ (гр. hierjs – ыйык, arche – бийлик) – 1) бүтүндүн бөлүктөрүнүн же элементтеринин жогортон төмөн карай удаалаштык тартипте жайгашуусу; 2) социалдык иерархия – коомдун, бюрократиянын социалдык структурасы; 3) кызматтык иерархия – кызматтык наамдардын, чиндердин баш ийүү тартиби боюнча төмөндөн жогору карай ырааттуу жайгашуусу; 4) чиркөө иерархиясы – православие, католик чиркөөлөрүнүн дин кызматкерлерине баш ийүүсү м-н мүнөздөлгөн уюмдашуу принциби; ишкананын ичинде чарбалык ишмердикти уюштуруу. Чарбалык бүтүмдү аткарууну фирманын ички башкаруу бөлүмү ишке ашыргандыктан‚ анын натыйжасында башкаруунун рыноктук түрү алмашылган учурда орун алат. Ошентип‚ экономикалык координациядагы рыноктук ж-а иерархиялык мамилелер бардык эле экономикалык системада бирин-бири толуктап турат‚ айырмасы – чарбалык ишмердиктеги макулдашуунун биринде рыноктук‚ экинчисинде иерархиялык ыкма үстөмдүк кылат.