ИБН ХОРДАДБЕК: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИБН ХОРДАДБЕК</b> , Абу-л Касым Убайдуллах ибн Абдаллах ибн Хордадбек (820–912) – араб географы, тарыхчы. Иранда туулуп, Багдаддан билим алган. | <b type='title'>ИБН ХОРДАДБЕК</b> , Абу-л Касым Убайдуллах ибн Абдаллах ибн Хордадбек (820–912) – араб географы, тарыхчы. Иранда туулуп, Багдаддан билим алган. Ибн Хордадбек Аббасид халифатынын ад­министрациясында иштеп, ал-Жибал аймагында почта бөлүмүнүн башчысы, көзөмөлдөөчү кыз­мат (сахиб ал-барид ва-л-хабар) аткарган. Анын калеминен бир нече эмгек жаралган, бирок биз­ге жалгыз гана хижранын 232-ж. (846–47) жа­зылып, кийин кошумчалар м-н кеңейтилген географиялык китеп – «Китаб ал-масалик ва-л-мама­лик» («Өлкөлөр м-н жолдордун китеби») жет­кен. Ибн Хордадбек кызмат абалына байланыштуу көп­төгөн даректүү маалыматтарды пайдаланган. Анын эмгегинде ар кайсы өлкөлөрдүн, өзгөчө Ирак, Хорасан ж-а Орто Азиянын тарыхый-географиялык абалы м-н ал жердеги аймактар, шаар-кыштак­тардын, почта бекеттеринин, жолдордун жай­гашышы, соода иши, киреше булактары жөнүндө маалыматтар келтирилген. Ибн Хордадбектин чыгарма­сында Кыргызстандын азыркы аймагындагы соода жолдору м-н шаарлар ортосундагы аралыктар үзүндү түрүндө кезигет. Географиялык бул эмгекте Ор­тоңку ж-а Борбордук Азиядагы түрк тилинде сүйлөгөн элдер м-н уруулар саналып, анын ичинде кыргыз­дар (хирхиз) болгону да белгиленген. Анын чы­гармасын француз тилине Де Гуе которуп, «Араб географтарынын китепканасы» деген 6 томдук­тун биринде жарык көргөн. Ибн Хордадбектин эмгегинен ал-Йакуби (9-кылым), Ибн ал-Факих (9–10-кылымдар), Ибн Руст (10-кылым), Ибн Хаукал (10-кылым), ал-Мукад­даси (10-кылым), ал-Казвини (13-кылым) ж. б. пайдала­нышкан. | ||
үзүндү түрүндө кезигет. | |||
Ад.: <i>Крачковский И. Ю.</i> Арабская географическая литература // Изб. соч. Т. IV. М.; Л., 1957; Источни­коведение Кыргызстана. Б., 1996; 2-е доп. изд. 2004. | |||
| 13 сап: | 9 сап: | ||
<p align='right'><i type='author'>Т. Жуманалиев.</i></p> | <p align='right'><i type='author'>Т. Жуманалиев.</i></p> | ||
[[Категория:3-том, 449-543 бб]] | [[Категория:3-том, 449-543 бб]] | ||
10:29, 11 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы
ИБН ХОРДАДБЕК , Абу-л Касым Убайдуллах ибн Абдаллах ибн Хордадбек (820–912) – араб географы, тарыхчы. Иранда туулуп, Багдаддан билим алган. Ибн Хордадбек Аббасид халифатынын администрациясында иштеп, ал-Жибал аймагында почта бөлүмүнүн башчысы, көзөмөлдөөчү кызмат (сахиб ал-барид ва-л-хабар) аткарган. Анын калеминен бир нече эмгек жаралган, бирок бизге жалгыз гана хижранын 232-ж. (846–47) жазылып, кийин кошумчалар м-н кеңейтилген географиялык китеп – «Китаб ал-масалик ва-л-мамалик» («Өлкөлөр м-н жолдордун китеби») жеткен. Ибн Хордадбек кызмат абалына байланыштуу көптөгөн даректүү маалыматтарды пайдаланган. Анын эмгегинде ар кайсы өлкөлөрдүн, өзгөчө Ирак, Хорасан ж-а Орто Азиянын тарыхый-географиялык абалы м-н ал жердеги аймактар, шаар-кыштактардын, почта бекеттеринин, жолдордун жайгашышы, соода иши, киреше булактары жөнүндө маалыматтар келтирилген. Ибн Хордадбектин чыгармасында Кыргызстандын азыркы аймагындагы соода жолдору м-н шаарлар ортосундагы аралыктар үзүндү түрүндө кезигет. Географиялык бул эмгекте Ортоңку ж-а Борбордук Азиядагы түрк тилинде сүйлөгөн элдер м-н уруулар саналып, анын ичинде кыргыздар (хирхиз) болгону да белгиленген. Анын чыгармасын француз тилине Де Гуе которуп, «Араб географтарынын китепканасы» деген 6 томдуктун биринде жарык көргөн. Ибн Хордадбектин эмгегинен ал-Йакуби (9-кылым), Ибн ал-Факих (9–10-кылымдар), Ибн Руст (10-кылым), Ибн Хаукал (10-кылым), ал-Мукаддаси (10-кылым), ал-Казвини (13-кылым) ж. б. пайдаланышкан.
Ад.: Крачковский И. Ю. Арабская географическая литература // Изб. соч. Т. IV. М.; Л., 1957; Источниковедение Кыргызстана. Б., 1996; 2-е доп. изд. 2004.
Т. Жуманалиев.